Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    23:1 өкүмдар менен бир дасторконго отуруп калсаң, ким менен отурганыңды унутпа.

    23:2 үгерде тамаксоо болсоң, кекиртегиңди тый.

    23:3 Анын таттуу тамактарына азгырылба, анткени ал – алдамчы тамак.

    23:4 Байлык жыйнаш үчүн түйшүк тартпа, мындай ойлоруңду ташта.

    23:5 Сен ага көзүңдү бурарың менен, ал жок болуп кетет, анткени ал өзүнө канат жасап алып, бүркүт сыяктуу асманга учуп кетет.

    23:6 Сараң кишинин колунан тамак жебе, анын таттуу тамактарына азгырылба.

    23:7 Анткени анын жүрөгүндөгү ойлору кандай болсо, өзү да ошондой, ал сага: «Ич, же», – дей берет, бирок жүрөгү сени менен эмес.

    23:8 Жеген бир кесимиңди кайра кусасың, жакшы сөздөрүңдү текке кетиресиң.

    23:9 Акылсыздын кулагына сүйлөбө, анткени ал сенин акылдуу сөздөрүңдү жек көрөт.

    23:10 Мурунку чек араны жылдырба, жетимдин талаасына кирбе.

    23:11 Анткени алардын Коргоочусу күчтүү, Ал сага каршы чыгып, аларга болушат.

    23:12 Жүрөгүңдү билимге кой, кулагыңды акылдуу сөздөргө төшө.

    23:13 Баланы жазасыз калтырба, чыбык менен жазалагандан ал өлбөйт.

    23:14 Чыбык менен жазалап, жанын өлгөндөр жаткан жайдан сактап каласың.

    23:15 Уулум! эгерде сенин жүрөгүң акылдуу болсо, анда менин жүрөгүм да кубанат.

    23:16 Сенин оозуңдан туура сөздөр чыкканда, ички дүйнөм кубанат.

    23:17 Жүрөгүң күнөөкөрлөргө көз артпасын, тескерисинче, жүрөгүң бардык күндөрдө Теңирден коркуп турсун.

    23:18 Анткени келечегиң бар, эмүтүң ишке ашат.

    23:19 Уулум, кулак сал, акылдуу бол, жүрөгүңдү түз жолго бур.

    23:20 Шарап ичип мас болгондордун, этке ашыра тоюп алгандардын арасында болбо.

    23:21 Анткени ичкичтер менен ашыра тоюп алгандар жакырданып кетишет, уйкучулук жыртык кийим кийгизет.

    23:22 Атаңдын тилин ал, анткени ал сенин атаң, энеңди карып калганында да жек көрбө.

    23:23 Чындыкты сатып ал, акылмандыкты, билимди, акыл-үсти сатпа.

    23:24 Адил адамдын атасы сүйүнөт, акылманды төрөгөн кубанат.

    23:25 Атаң кубансын, төрөгөн энең сүйүнсүн.

    23:26 Уулум! Жүрөгүңдү мага бер, көзүң менин жолдорумду карап турсун.

    23:27 Анткени бузулган аял – терең аң, ошондой эле бирөөнүн аялы – тар кудук.

    23:28 Бузулган аял каракчыдай болуп буктурмада отуруп алып, эл арасында мыйзамды бузгандарды көбөйтөт.

    23:29 Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким? Кайгырган ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталап кызарган ким?

    23:30 Алар – керүүли-кечке шарап ичип отургандар, алар – күчтүү ичимдикти жакшы көргөндөр.

    23:31 Шараптын кызарганына, чөйчөктө көбүргөнүнө, мелтирегенине караба.

    23:32 Акырында ал сени жыландай, уулуу жыландай чагат.

    23:33 Башка бирөөнүн аялын карайсың, жүрөгүң бузуктукту сүйлөй баштайт.

    23:34 Ошондо деңиздин ортосунда, кеменин үстүндө уктап жаткан адамдай болосуң.

    23:35 Ошондо сен: «Мени сабашты, бирок үч жерим ооруган жок, мени түрткүлөштү, бирок үч нерсе сезген жокмун. Ойгонгондон кийин кайра ошону эле издейм», – деп айтасың.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск