Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    24:1 Жаман адамдарга көз артпа, алар менен чогуу болууну каалаба.

    24:2 Анткени алардын жүрөгү зордук-зомбулук жөнүндө ойлойт, тили жамандык жөнүндө сүйлөйт.

    24:3 Yй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет.

    24:4 Yй ичи ар кандай кымбат баалуу, сонун мүлккө билгичтик менен толтурулат.

    24:5 Акылдуу адам күчтүү, даанышман адам өзүнүн күч-кубатын чыңдайт.

    24:6 Ошондуктан согушту ойлонуп жүргүз. Көп кеңеш ийгиликке жеткирет.

    24:7 Акылмандык акылсыз адам үчүн өтө бийик, дарбаза алдында ал ооз ачпайт.

    24:8 Жамандык кылууну ойлогон адамды кара ниет дешет.

    24:9 Акылсыз адамдын ою – күнөө, шылдыңчыл адам адамдар үчүн жийиркеничтүү.

    24:10 үгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз экениңди сезсең, анда күчүң аз.

    24:11 өлүмгө кыйылгандарды куткар. өлүмгө өкүм кылынгандарды куткаруудан кантип баш тартасың?

    24:12 Сен: «Мына, биз муну билген эмес элек», – дегени турасыңбы? эмне, жүрөктөрдү Сыноочу билбейт бекен? Сенин жүрөгүңдү Байкап Туруучу муну билет, Ал адамга кылган ишине жараша тиешесин берет.

    24:13 Уулум, бал же, анткени ал жагымдуу, даамы таңдайыңан кетпеген балды да же.

    24:14 Акылмандыкты таанып билүү да сенин жаныңа дал ошондой жагымдуу. эгерде аны тапкан болсоң, анда келечегиң бар, эмүтүң ишке ашат.

    24:15 Мыйзамсыз, адил адамдын үйүнө жамандык ойлобо, анын жаткан жайын талап-тонобо.

    24:16 Анткени адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат, ал эми мыйзамсыздар жыгылып, өлүмгө дуушар болушат.

    24:17 Душманың кулаганда сүйүнбө, ал мүдүрүлгөндө жүрөгүң кубанбасын.

    24:18 Анткени муну Теңир көрөт, бул Ага жакпайт, Ал өзүнүн ага болгон каарын токтотуп коёт.

    24:19 Жамандык кылгандарга ачууланба, мыйзамсыздарга көз артпа.

    24:20 Анткени жамандык кылгандардын келечеги жок, мыйзамсыздардын чырагы өчөт.

    24:21 Уулум, Теңирден жана падышадан корк, козголоңчулар менен байланышпа.

    24:22 Анткени Теңир менен падышадан өлүм күтүлбөгөн жерден келет, экөөнөн келе турган кыйроону ким алдын ала айта алат?

    Акылмандардын насааттары

    24:23 Акылмандар да: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес», – деп айтышкан эмеспи.

    24:24 Күнөөкөргө: «Сеники туура», – деген адамды эл каргайт, аны уруулар жек көрөт.

    24:25 Ал эми айыпты ашкерелегендерди эл жакшы көрөт, алар бата алышат.

    24:26 Туура жооп ооздон өпкөндөй.

    24:27 Адегенде үйүңдөн сырткаркы иштерди жаса, талаадагы иштериңди бүтүр, анан үйүңдү кур.

    24:28 Жакыныңа жалган күбө болбо. Жалган сүйлөп эмне кыласың?

    24:29 «Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам, ага кылганына жараша тиешесин берем», – дебе.

    24:30 Мен жалкоо кишинин талаасынын жанынан, кем акыл кишинин жүзүмзарынын жанынан өттүм.

    24:31 Баарын тикенек басып кетиптир, аны чалкан каптап калыптыр, таш дубалы урап калыптыр.

    24:32 Муну көрүп, жүрөгүмдү өзгөрттүм, муну көрүп, өзүмө сабак алдым:

    24:33 «Бир аз уктай турсаң, бир аз эргүлөп жата турсаң, бир аз колуңду бооруңа алып жата турсаң,

    24:34 жакырлык сага жолоочудай кирип келет, муктаждык сага куралдуу кишидей кирип келет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск