Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Уландысы. Акылмандыктын сыйлыгы – урмат

    25:1 Булар да Жүйүт падышасы Хискиянын кишилери жыйнаган Сулаймандын накыл сөздөрү.

    25:2 Кудайдын даңкы – ишти жашыруун кармоо, ал эми падышалардын даңкы – ишти изилдөө.

    25:3 Асмандын бийиктиги, жердин тереңдиги жана падышалардын жүрөгү изилденгис.

    25:4 Күмүштөн кошундуну ажырат, ошондо зергердин колунан идиш чыгат.

    25:5 Падышадан адилетсиз адамды алыс кыл, ошондо анын тагы чындык менен бекемделет.

    25:6 Падышалардын алдында өзүңдү жогору көтөрбө, улуу адамдардын ордуна турба.

    25:7 Анткени сени көзүң көргөн атактуу адамдардын алдында кемсинтишкенден көрө, сага: «Кел бул жерге, жогору өт», – деп айтышканы жакшы.

    25:8 Талашып-тартышканга шашпа, атаандашың маскара кылса эмне болот?

    25:9 Атаандашың менен талашып-тартыш, бирок уккан адам сени жемелебеши үчүн,

    25:10 бирөөнүн жашыруун сырларын ачпа, болбосо өмүр бою маскара болуп өтөсүң.

    25:11 Орундуу сөз – жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма.

    25:12 Акылдуу ашкерелөөчү – көңүл коюп уккан кулак үчүн алтын сөйкө жана таза алтындан жасалган жасалга.

    25:13 Оруу-жыюу маалында кар кошулган ичимдик кандай болсо, ишенимдүү элчи аны жиберген адам үчүн ошондой. Ал мырзасынын жүрөгүн кубантат.

    25:14 Жалган белек менен мактанган адам жамгыры жок булут менен шамалдай.

    25:15 Момундук төрөнү ырайым кылууга түртөт, жумшак тил сөөктү сындырат.

    25:16 Сен бал таап алдыңбы? Канча керек болсо, ошончо же, ашыра тоюп алсаң, кусасың.

    25:17 Досуңдун үйүнө кайра-кайра эле бара бербе, болбосо ал сенден жадап, сени жек көрүп калат.

    25:18 Жакынына каршы жалган күбөгө өтүп, жалаа жапкан киши балкадай, кылычтай, курч жебедей.

    25:19 Башка мүшкүл түшкөн күнү ишенимсиз адамга таянуу сынган тишке, алсыз бутка таянууга барабар.

    25:20 Кайгылуу жүрөккө ырдоо суук күнү бирөөнүн чапанын чечип алганга, жарасына уксус куйганга барабар.

    25:21 Душманың ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр.

    25:22 Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок эйөсүң. Ошондо Теңир сага тиешеңди берет.

    25:23 Түндүктөн соккон шамал жамгыр жаадырат, ал эми ушакчынын сөзү нааразы жүздөрдү туудурат.

    25:24 Ажаан аял менен заңгыраган эйдө жашаганча, эйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган жакшы.

    25:25 Алыскы өлкөдөн келген жакшы кабар суусап алсыраган жанга муздак суу ичиргенге барабар.

    25:26 Мыйзамсыздын алдында адил адамдын жыгылышы – булактын ылайланганындай, кудуктун бузулганындай.

    25:27 Балды көп жеген жакшы эмес, ошол сыяктуу эле сая кууп жеткен атак-даңк – атак-даңк эмес.

    25:28 өз рухун башкара албаган адам талкаланган, чепсиз шаарга окшош.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск