Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Ысрайылдын душмандарынын жазаланышы

    9:1 Теңирдин Хадрах жерине каршы айткан пайгамбарчылык сөзү Дамаскка келип токтойт. Анткени Теңирдин көзү Ысрайылдын бардык уруусун кандай карап турса, бардык элдерди ошондой карап турат.

    9:2 Ага чектеш Хаматты да, Тирди да, Сидонду да карап турат, анткени алар акылдуу.

    9:3 Тир өзүнө чеп курду, күмүштү топурактай, алтынды көчөдөгү баткактай жыйып алды.

    9:4 Бирок Теңир аны жакырдантат, анын күчүн деңиздин үстүндө талкалайт, өзүн от жалмайт.

    9:5 Муну көрүп, Ашкелондун эрөйү учат, Азаны да катуу калтырак басат. экронду да, анткени анын эмүтү жокко чыгат: Азада падыша калбайт, Ашкелон элсиз калат.

    9:6 «Азотто бөтөн уруу жашап калат, пелиштиликтердин менменсингендигин жок кылам.

    9:7 Анын оозунан канды, тиштеринин арасынан өзүнүн жийиркеничтүү нерселерин сууруп алам, ошондо ал да биздин Кудайыбызга таандык болот, ал Жүйүттө миң башы катарында болот, экрон Жебус сыяктуу болот.

    9:8 Мен өз үйүмдүн жанына аскерге каршы, нары-бери өткөндөргө каршы кошуун коём, ошондон кийин кысым көрсөтүүчү ал жерден өтпөйт. Анткени Мен эми муну өзүм карап турам.

    Ысрайылдын келе турган Падышасы

    9:9 Кубанып, шаттыкка бөлөн, Сион кызы, салтанат кур, Иерусалим кызы, сага өзүңдүн адилеттүү, куткара турган, момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет.

    9:10 Ошондо эпрайымдын майдан арабаларын, Иерусалимдеги аттарды жок кылам, согуш жаалары кыйрайт. Ал элдерге тынчтыкты кабарлайт, Ал деңизден деңизге чейин, дарыядан жер кыйырына чейин үстөмдүк кылат.

    9:11 Сен жөнүндө айтсам, Мен сенин туткундарыңды өзүңдүн келишимиңдин каны үчүн суусу жок ордон чыгарам.

    9:12 Yмүтү бар туткундар, өзүңөрдүн чебиңерге кайтып келгиле! эки эселеп кайтарып береримди сага азыр айтып жатам.

    9:13 Анткени Мен Жүйүттү өзүмө жаа кылам, эпрайымды жебе кылам, Сион, сенин уулдарыңды Жабандын уулдарына каршы көтөрөм, сени алп жоокердин кылычы сыяктуу кылам».

    9:14 Теңир алардын үстүнө келет, Анын жебеси чагылгандай учуп чыгат, Кудай-Теңир сурнай тартып, түштүк бороону менен жүрөт.

    9:15 Аларды Себайот Теңир коргойт, алар өз душмандарын кырышат, салмоор таштарды тебелешет, канга тоюп, шарапка мас болгонсуп күүлдөшөт, алар курмандык чалынуучу идиштер сыяктуу, курмандык чалынуучу жайдын бурчтары сыяктуу канга толушат.

    9:16 Койчу койлорун кандай куткарып алса, ошол күнү алардын Кудай-Теңири өз элин ошондой куткарып алат. Анткени алар Анын жеринде таажыдагы асыл таштардай болуп жаркырашат.

    9:17 Кандай жыргал, кандай сонун! Алардын уландары нан менен, кыздары шарап менен өсүшөт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск