Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Наботтун жүзүмзары

    21:1 Ушул окуялардан кийин мындай болду: Самария падышасы Ахаптын падыша сарайынын жанында, Изрейелде изрейелдик Наботтун жүзүмзары бар эле.

    21:2 Ахап Наботко: «Жүзүмзарыңды мага бер, ал жерге мен жашылча өстүрөм, анткени ал менин үйүмө жакын. Анын ордуна мен сага андан да жакшы жүзүмзар берем. эгер кааласаң, канча турса, ошончо күмүш берем», – деди.

    21:3 Бирок Набот Ахапка: «Ата-бабаларымдын мурасын сага берүүдөн Теңирим мени сактасын!» – деди.

    21:4 Ахап изрейелдик Наботтун «Ата-бабаларымдын мурасын сага бербейм» деген сөзүнө көңүлү чөгүп, санаага батып, үйүнө келди да, төшөгүнө тескери карап жатып алды, тамак ичкен жок.

    21:5 Анын үстүнө аялы Изебел кирип: «үмнеге мынча көңүлүң чөктү? эмнеге тамак ичпей койдуң?» – деди.

    21:6 Ал ага мындай деди: «Изрейелдик Наботко: “Жүзүмзарыңды күмүшкө бер, кааласаң, анын ордуна башка жүзүмзар берем”, – десем, ал мага: “Жүзүмзарымды сага бербейм”, – деди».

    21:7 Ошондо аялы Изебел ага: «Сен ушундай кылсаң, Ысрайылда эмне деген падышачылык болот? Тур, тамак ич, кайгырба, мен сага изрейелдик Наботтун жүзүмзарын алып берем», – деди.

    21:8 Анан ал Ахаптын атынан каттарды жазып, аларга анын мөөрүн басты да, ал каттарды Набот менен бир шаарда жашаган аксакалдарга жана атактуу кишилерге жиберди.

    21:9 Ал каттарга мындай деп жазды: «Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузгула.

    21:10 Ал эми анын маңдайына жүзү кара эки кишини отургузгула. “Сен Кудайга жана падышага акарат келтирдиң” деп, алар ага жалаа жабышсын. Анан аны алып чыгып, таш бараңга алып өлтүргүлө».

    21:11 Анын шаарында жашаган эркектер: аксакалдар, атактуу кишилер Изебел жиберген каттарда кандай жазылса, ошондой кылышты.

    21:12 Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузушту.

    21:13 Анан жүзү кара эки киши чыгып, анын маңдайына отурду. Ал жаман адамдар элдин алдында ага: «Набот Кудайга жана падышага акарат келтирди», – деп жалаа жабышты. Ошентип, аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрүштү.

    21:14 Наботту таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн Изебелге айттырып жиберишти.

    21:15 Изебел Наботту таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн укканда, Ахапка: «Тур, барып, изрейелдик Наботтун күмүшкө бергиси келбеген жүзүмзарын эүле, анткени Набот жок, ал өлдү», – деди.

    21:16 Ахап Наботтун өлгөнүн укканда, ордунан турду да, анын жүзүмзарын эүлеп алганы жөнөдү.

    21:17 Ошондо тишпилик Илияска Теңирден сөз болду:

    21:18 «Тур, барып, Самариядагы Ысрайыл падышасы Ахапка жолук. Ал азыр Наботтун жүзүмзарын эүлеп алганы келди.

    21:19 Ага мындай дегин: Теңир мындай дейт: “өлтүргөнүң аз келгенсип, эми мурасын эүлеп алгың барбы?” Дагы мындай де: Теңир мындай дейт: “Наботтун канын иттер кайсы жерде жалашса, сенин каныңды да ошол жерде жалашат”».

    21:20 Ахап Илияска: «Душманым, мени таптың!» – деди. Илияс мындай деди: «Таптым, анткени сен Теңирге жакпаган иштерди кылууга дитиңди бердиң.

    21:21 Теңир мындай дейт: “Мен сага каран түн түшүрөм, артыңа тукум калтырбай, жер үстүнөн шыпырып таштайм, Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам.

    21:22 Акарат келтирип, Мени каардантканың үчүн, Ысрайылды күнөөгө батыргандыгың үчүн, Небат уулу Жаробамдын тукумун жана Акиянын уулу Баашанын тукумун кандай кылсам, сенин тукумуңду да ошондой кылам”.

    21:23 Теңир Изебел жөнүндө да: “Изрейел дубалынын сыртында Изебелди иттер жейт”, – деди.

    21:24 Шаарда Ахаптын тукумунан ким өлсө, аны иттер жейт. Ал эми талаада кимиси өлсө, аны асман куштары чокуп жейт.

    21:25 Аялы Изебелдин сөзүнө кирип, Теңирге жакпаган иштерди кылган Ахаптай адам мурун болгон эмес.

    21:26 Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан аморлуктардай болуп жасалма кудайларды эүрчип, өтө ыпылас иштерди кылды».

    21:27 Ахап ушул сөздүн баарын укканда, кийимин айрып, зумбал жамынып, орозо кармап, зумбалчан жатып, кайгылуу жүрдү.

    21:28 Ошондо тишпилик Илияска Теңирден сөз болду, Теңир мындай деди:

    21:29 «Менин алдымда Ахаптын моюн сунганын көрдүңбү? Менин алдымда моюн сунганы үчүн Мен ага көзү тирүүсүндө каран түн түшүрбөйм. Анын тукумуна баласынын убагында каран түн түшүрөм».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск