Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Абышаломдун он уруунун колдооруна ишениши

    15:1 Ошондон кийин Абышалом өзүнө аттарды, майдан арабаларды жана элүү жөө күлүк топтоду.

    15:2 Абышалом эртең менен эрте туруп, жол боюндагы дарбазанын жанында туруп алып, кимдир бирөө арыз-муңун айтканы падышага, сотко бара жатса, аны өзүнө чакырып: «Кайсы шаардансың?» – деп сурачу. Тиги: «Кулуң Ысрайылдын баланча деген уруусунан», – деп жооп бергенде,

    15:3 Абышалом ага: «Сенин ишиң жакшы, адилеттүү экен, бирок падышанын сени уга турган үч кимиси жок», – дечү.

    15:4 Абышалом: «Оо, мени бул жерге башкаруучу кылганда, талаш-тартышы, арыз-муңу барлардын баары мага келмек, аларга мен адилет өкүм чыгармакмын», – деп айтчу.

    15:5 Кимдир бирөө анын жанына келип, таазим кылмакчы болгондо, ал колун сунуп, аны кучактап өпчү.

    15:6 Падышага даттанып келген ар бир ысрайылдыкка ушундай мамиле кылып, Абышалом акырындап ысрайылдыктардын ишенимине кире берди.

    Абышаломдун Дөөткө каршы чыгышы

    15:7 Кырк жылдан кийин, Абышалом падышага мындай деди: «Мен Хебронго барып, Теңирге берген убадамды аткарайын.

    15:8 Анткени мен, кулуң, Гешурда, Сирияда жашап турганда, мындай деп убада бергем: “үгер Теңир мени Иерусалимге кайтарса, анда мен Теңирге курмандык чалам”».

    15:9 Падыша ага: «Тынчтык менен баргын», – деди. Ал туруп, Хебронго бет алды.

    15:10 Абышалом Ысрайылдын бүт урууларына чалгынчыларын жөнөтүп жатып, мындай деди: «Силер сурнай үнүн укканда: “Абышалом Хебронго падыша болду”, – дегиле».

    15:11 Абышалом чакырган эки жүз киши үч жаман ойлобой, иштин чоо-жайын билбей эле Иерусалимден Абышалом менен бирге жөнөдү.

    15:12 Курмандык чалуу убагында Абышалом Дөөттүн кеңешчиси, гилолук Акитопелди Гило шаарынан киши жиберип чакыртты. Дөөткө каршы чоң козголоң уюштурулуп, Абышаломдун жанына чогулгандар көбөйө берди.

    Дөөттүн качышы

    15:13 Дөөткө кабарчы келип: «Ысрайылдыктар Абышалом тарапка ооп кетти», – деди.

    15:14 Дөөт өзүнүн Иерусалимдеги бүт кулдарына: «Тургула, качалы, анткени Абышалом бизди соо койбойт, тездегиле. Ал бизди кууп жетип, кармап алып, шаарыбыздын элин кылычтап кырып, башыбызга мүшкүл түшүрбөсүн», – деди.

    15:15 Падышанын кулдары падышага: «Мырзабыз падыша эмне десе, кулдарың ошону кылууга даяр», – дешти.

    15:16 Падыша бүт эй-бүлөсү менен жөө чыкты. Yйдү кайтарганга падыша өзүнүн он күң аялын калтырды.

    15:17 Падыша менен кошо жөө чыккан эл Бейт-Амеркакка келип, ошол жерге токтоду.

    15:18 Анын бардык кулдары жанында бара жатышты, бардык керейликтер, пелейликтер, аны менен бирге Гаттан келген алты жүз киши – гаттыктар падышанын алдында бара жатышты.

    15:19 Падыша гаттык Итайга мындай деди: «үмнеге сен да биз менен бара жатасың? Кайткын да, тиги падыша менен кал, анткени сен бөтөн жерликсиң, бул жерде сен келгинсиң.

    15:20 Сен кечүү эле келсең, бүгүн мен сени биз менен кетүүгө зордомок белем? Мен башым оогон жакка бара жатам. Кайткын, бир туугандарыңды да ала кет. Ырайым жана чындык сени менен болсун!»

    15:21 Итай падышага: «Теңир тирүү, мырзам падыша жашасын. өлсө да, жашаса да, мырзам падыша кайда болбосун, кулуң да сени менен ошол жерде болот», – деп жооп берди.

    15:22 Дөөт Итайга: «Болуптур, мени менен бирге жүр», – деди. Ошентип, гаттык Итай жана анын бардык адамдары, балдарынын баары бирге жөнөштү.

    15:23 Ошондо бүт өлкө боздоп ыйлады. эл менен падыша Кидрон суусун кечип өттү. Бүт эл чөлгө кеткен жолго түштү.

    15:24 Садок менен бардык лебилер Бетарадан Кудайдын келишим сандыгын көтөрүп келишип, аны жерге коюшту. Бүт эл шаардан чыгып кеткиче, Абыйатар бийик жерде турду.

    15:25 Падыша Садокко мындай деди: «Кудайдын келишим сандыгын шаарга кайра алып бар. эгер Теңирдин алдында ырайым тапсам, анда Ал мени кайра алып келет, аны да, анын турак жайын да көрсөтөт.

    15:26 үгерде Теңир: “Мен сага ырайым кылбайм”, – десе, анда мен мына! Ал мага өз каалаганындай кылсын».

    15:27 Падыша ыйык кызмат кылуучу Садокко мындай деди: «өзүң көрүп турбайсыңбы, тынчтык менен кайра шаарга кайт. Сен өзүңдүн уулуң Акимаасты, Абыйатар өзүнүн уулу Жонатанды алып, шаарга кеткиле.

    15:28 Силерден мага кабар келгиче, мен чөл түздүгүндө кармала турам».

    15:29 Ошондо Садок менен Абыйатар Кудайдын келишим сандыгын Иерусалимге кайра алып барышты да, ошол жерде калышты.

    15:30 Дөөт болсо Зайтун тоосуна ыйлап чыгып бара жатты. Башын жаап алып, жылаңайлак кетип бара жаткан эле. Аны менен кошо бара жаткан эл да башын жаап алып, ыйлап бара жатты.

    15:31 Дөөткө: «Акитопел да Абышалом менен бирге кастык уюштургандардын ичинде экен», – деп кабарлашты. Дөөт: «Оо Теңирим! Акитопелдин кеңешин буза көр», – деди.

    15:32 Дөөт тоонун чокусуна, Кудайга табынуучу жайга чыкканда, бет алдынан архилик досу Хушай чыкты. Анын кийими айрылган, башы топурак экен.

    15:33 Дөөт ага мындай деди: «үгер сен мени менен бара турган болсоң, мен үчүн оор болот.

    15:34 Тескерисинче, шаарга кайтып, Абышаломго: “Падыша, мен сенин кулуңмун. Буга чейин сенин атаңдын кулу болчумун, азыр болсо сенин кулуңмун”, – десең, ошондо мен үчүн Акитопелдин кеңешин бузасың.

    15:35 Ал жерде ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатар сени менен болот, падышанын үйүнөн уккан сөздөрдү аларга айтып тур.

    15:36 Ал жерде алардын эки уулу бар: Садоктун уулу Акимаас, Абыйатардын уулу Жонатан. Укканыңардын баарын ошолор аркылуу мага билдиргиле».

    15:37 Ошондо Дөөттүн досу Хушай шаарга келди. Ошол кезде Абышалом Иерусалимге кирүүгө даярданып жаткан эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск