Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Жойаптын Абышаломго болушканы

    14:1 Серуянын уулу Жойап Дөөт падышанын оюнун баары Абышалом экенин билди.

    14:2 Жойап Текояга киши жиберип, ал жерден акылдуу аялды алдырып, ага мындай деди: «Кайгырып жаткан аялдай болуп, кара кий, зайтун майын сүйкөнбө. Көп күн аза күткөн аялдай болуп,

    14:3 падышага бар да, ага мындай деп айт». Жойап ага эмнени айтуу керек экендигин эйрөттү.

    14:4 Текоялык аял падышага кирип, жүзтөмөндөп жерге жыгылып, таазим этти да: «Жардам кыл, падыша!» – деди.

    14:5 «Сага эмне керек?» – деди падыша. Аял: «Мен жесирмин, күйөөм өлүп калган.

    14:6 Сенин күңэңдүн эки уулу бар эле. Алар талаада чатакташа кетип, ажыраткан үч ким жок, бирөө экинчисин өлтүрүп салды.

    14:7 Ошондо бардык туугандар күңэңө каршы чыгып: “өз бир тууганын өлтүргөн балаңды бизге бер, бир тууганынын жаны үчүн биз аны мурасчы экенине карабай өлтүрөбүз”, – деп жатышат. эми алар менин калган отумду өчүрүшөт, күйөөмдүн атын жер үстүнөн өчүрүп, тукумун калтырышпайт», – деди.

    14:8 Падыша аялга: «Yйүңө бара бер, мен сен жөнүндө буйрук берем», – деди.

    14:9 Бирок текоялык аял падышага: «Мырзам падыша, күнөө менде жана менин атамдын тукумунда болсун, ал эми падыша жана анын тактысы күнөөлүү эмес», – деди.

    14:10 Падыша: «Сага ким каршы болсо, аны мага алып кел, ал сага мындан ары тийбейт», – деди.

    14:11 Аял: «Кудай-Теңириңди эсиңе ал, падыша, кан куугандар көбөйүп, уулумду өлтүрүп салышпасын», – деди. Падыша ага: «Теңир тирүү! Уулуңдун бир тал чачы да жерге түшпөйт», – деди.

    14:12 Аял: «Күңэңдүн мырзам падышага дагы бир сөз айтуусуна уруксат эт», – деди.

    14:13 Ал: «Айт», – деди. Аял мындай деди: «Сен эмне үчүн Кудайдын элине каршы ушундай кылууну ойлодуң? Падыша ушул сөздү айтуу менен өзүн өзү айыптуу кылды, анткени куугунтукталган кишисин кайрып келбей жатат.

    14:14 Биз өлөбүз, жерге төгүлгөндө, кайра куюп алууга мүмкүн эмес болгон суу сыяктуубуз. Бирок Кудай жанды өлүмгө кыюуну каалабайт, четке кагылган адамды да өзүнөн четке какпоонун жолун ойлойт.

    14:15 Мен азыр ушул сөздү мырзам падышага айтканы келдим, себеби эл мени коркутуп жатат. Мен, сенин күңэң, мындай деп ойлодум: “Падыша менен сүйлөшөйүн, балким, күңүнүн сөзүнө макул болор.

    14:16 Падыша кулак салып, Кудайдын мурасынын ичинен уулум экөөбүздү жок кылгысы келгендердин колунан күңэн куткарар”.

    14:17 Мырзам падышанын сөзү мага сооронуч болсун, анткени мырзам падыша Кудайдын периштесиндей эле жаман-жакшыны айырмалай билет. Кудай-Теңириң сени менен болсун».

    14:18 Падыша аялга: «Сенден бир нерсе сурайын, менден жашырбагын», – деди. Аял: «Айт, мырзам падыша», – деп жооп берди.

    14:19 Падыша: «Ушунун баарын сага Жойап айттырып жаткан жокпу?» – деди. Аял мындай деп жооп берди: «Сенин жаның жашасын, мырзам падыша. Мырзам падыша айткан сөздөн оңго да, солго да бурулганга болбойт. Чын эле, мага кулуң Жойап буйруган, күңэңдүн оозуна ушул сөздүн баарын ошол салган.

    14:20 Бул ишти башкача жол менен айтууну мага кулуң Жойап эйрөттү, бирок менин мырзам Кудайдын периштесиндей акылдуу, жер үстүндө эмне болуп жатканынын баарын билет».

    Дөөттүн Абышаломду кечириши

    14:21 Падыша Жойапка: «Мен сен айткандай кылдым. Барып, менин балам Абышаломду алып кел», – деди.

    14:22 Ошондо Жойап жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылып, батасын берди да: «Мырзам падыша, кулуң сенин алдыңда ырайым тапканын, кулунун сөзүн падыша аткарганын азыр билди», – деди.

    14:23 Жойап туруп, Гешурга барып, Абышаломду Иерусалимге алып келди.

    14:24 Падыша: «Ал өз үйүнө кайтсын, бирок менин жүзүмдү көрбөйт», – деди. Абышалом өз үйүнө кетти, бирок падышанын жүзүн көргөн жок.

    14:25 Ысрайылда келишимдүүлүгү менен оозго алынган Абышаломдой эркек жок эле. Ал таманынан башына чейин кемчиликсиз болчу.

    14:26 Ал чачын алдырганда (ал жыл сайын чачын алдырчу, себеби чачы оор болуп кетчү), салмагы падышачылык өлчөм менен эки жүз шекел болчу.

    14:27 Абышалом үч уулдуу, Тамар деген бир кыздуу болду. Тамар сулуу аял эле.

    14:28 Абышалом Иерусалимде эки жыл жашады, бирок падышанын жүзүн көргөн жок.

    14:29 Абышалом Жойапты падышага жиберүү үчүн, ага киши жөнөттү, бирок Жойап ага келүүнү каалаган жок. Дагы бир жолу жөнөттү, бирок ал келгиси келген жок.

    14:30 Ошондо Абышалом өзүнүн кулдарына: «Жойаптын жери менин жеримдин жанында экенин билесиңер. Ошол жерде анын арпасы бар эмеспи. Баргыла да, өрттөп жибергиле», – деди. Абышаломдун кулдары Жойаптын жерин өрттөп жиберишти.

    14:31 Жойап туруп, Абышаломдун үйүнө келди да, ага: «үмне үчүн сенин кулдарың менин жеримди өрттөп жиберишти?» – деди.

    14:32 Абышалом Жойапка мындай деди: «Падышага: “Гешурдан эмнеге келдим? Ошол жерде калганым артык эмес беле! Падышанын жүзүн көргүм келет. эгерде мен күнөөлүү болсом, анда мени өлтүрүп сал”, – деп айттырыш үчүн, мен сени чакыртканы киши жибергем».

    14:33 Жойап падышага барып, ушул сөздөрдү айтып берди. Падыша Абышаломду чакырды. Ал келип, падышанын алдына жүзтөмөндөп жыгылды. Падыша Абышаломдун жүзүнөн сүйдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск