Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Амнондун кылмышы

    13:1 Ошондон кийин мындай окуя болду: Дөөттүн уулу Абышаломдун Тамар деген сулуу карындашы бар эле. Дөөттүн уулу Амнон аны сүйүп калды.

    13:2 Амнон карындашы Тамар үчүн аябай кайгыргандыктан, ооруп калды, анткени ал кыз эле, ага бир нерсе кылуу Амнон үчүн кыйын сезилчү.

    13:3 Амнондун Жонадап деген абдан айлакер досу бар болчу. Ал Дөөттүн бир тууганы Шимдин уулу эле.

    13:4 Ал Амнондон: «Күн өткөн сайын эмнеге арыктап бара жатасың, канзаада, мага ачык айта алар бекенсиң?» – деп сурады. Амнон: «Аталаш агам Абышаломдун карындашы Тамарды сүйүп калдым», – деп жооп берди.

    13:5 Жонадап ага мындай деди: «Төшөгүңө жатып, оорумуш болуп кал. Атаң сени көргөнү келгенде: “Карындашым Тамар келип, мага тамак берсин. Ал менин көзүмчө тамак жасасын, мен көрүп турайын, анын колунан тамак жейин”, – деп айт».

    13:6 Ошентип, Амнон жатып, оорумуш болуп калды. Ошондо падыша аны көргөнү келди. Амнон падышага мындай деди: «Карындашым Тамар келсин, менин көзүмчө бир-үки нан бышырып берсин, мен анын колунан нан жейин».

    13:7 Дөөт Тамардын үйүнө: «Бир тууганың Амнондун үйүнө барып, ага тамак жасап бер», – деп айттырып жиберди.

    13:8 Тамар агасы Амнондукуна барды. Ал төшөктө жаткан. Ал ун алып, камыр жууруп, анын көзүнчө даярдап, нан бышырды.

    13:9 Табаны алып, анын алдына койду, бирок ал жегиси келбеди. Амнон: «Yйдөгүлөрдүн баары чыгып кетсин», – деди. Баары чыгып кетти.

    13:10 Ошондо Амнон Тамарга: «Тамакты эйдүн ички бөлмөсүнө алып бар, мен аны сенин колуңдан жейин», – деди. Тамар бышырган нанын агасы Амнондун ички бөлмөсүнө алып барды.

    13:11 Жесин деп, кыз анын алдына койгондо, ал аны кармап алып: «Кел, карындашым, мени менен жат», – деди.

    13:12 Бирок кыз мындай деди: «Жок, агатайым, менин абийиримди булгаба, анткени Ысрайылда мындай кылууга болбойт, мындай жийиркеничтүү ишти кыла көрбө.

    13:13 Абийирим булганып калгандан кийин, мен кайда барам? Сен өзүң да Ысрайылдагы акылсыз адамдардын бири болосуң. Падыша менен сүйлөш, ал каршы болбойт, мени сага берет».

    13:14 Бирок ал анын сөзүн уккусу келген жок, күчкө салып зордуктап, аны менен жатты.

    13:15 Анан Амнон аны абдан жек көрүп калды, ошол жек көрүүсү ага болгон сүйүүсүнөн да күчтүү болду. Анан Амнон ага: «Тур да, кет», – деди.

    13:16 Тамар: «Жок, мени кубалап чыкканың биринчи жасаган ишиңден да жаман», – деди. Бирок Амнон аны уккусу келген жок.

    13:17 Ал өзүнө кызмат кылган уланды чакырып: «Муну сыртка кууп чыгып, эшикти бекитип кой», – деди.

    13:18 Кыздын кийими түрдүү түстүү эле, анткени мындай кийимди падышанын турмушка чыга элек кыздары кийишчү. Жаш улан аны сыртка кууп чыгып, артынан эшикти бекитти.

    13:19 Тамар башына күл чачып, кийип жүргөн түрдүү түстөгү кийимин айрып, башын мыкчыган бойдон буркурап ыйлап бара жатты.

    13:20 Агасы Абышалом карындашы Тамардан мындай деп сурады: «Сени менен болгон бир тууганың Амнон эмеспи? Бирок азыр унчукпа, карындашым, ал сенин бир тууганың, бул үчүн кайгырба». Тамар агасы Абышаломдун үйүндө жалгыз жашады.

    13:21 Бул тууралуу Дөөт падыша угуп, абдан ачууланды.

    13:22 Абышалом Амнон менен жаман-жакшы айтышкан жок, бирок карындашы Тамардын абийирин булгагандыктан, Амнонду жек көрүп калды.

    Абышаломдун өч алуусу

    13:23 үки жылдан кийин эпрайым тоосунда, Баал-Хатсордо Абышаломдун кой кыркыны болуп, Абышалом падышанын бүт уулдарын чакырды.

    13:24 Абышалом падышага келип: «Бүгүн сенин кулуңдун кою кыркылып жатат, ошондуктан падыша жана анын кулдары кулуң менен барышсын», – деди.

    13:25 Бирок падыша Абышаломго: «Жок, уулум, сага оордук келтирип, баарыбыз барбай эле коёлу», – деди. Абышалом өтө жалбарып суранды, бирок ал баргысы келген жок, ага батасын берди.

    13:26 Абышалом ага: «Жок дегенде, биз менен бир тууганым Амнон барсын», – деди. Падыша: «Ал эмнеге сени менен бармак эле?» – деди.

    13:27 Бирок Абышалом аны жалынып-жалбарып жатып көндүрдү, падыша Амнонду жана өзүнүн бардык уулдарын ага кошуп жиберди.

    13:28 Абышалом болсо өзүнүн кулдарына: «Байкап тургула, Амнон шарап ичип, көңүлү көтөрүлө баштаганда, мен силерге: “Амнонду өлтүргүлө!” – дейм, ошондо аны өлтүргүлө, коркпогула. Бул менин буйругум, чечкиндүү, эр жүрөк болгула», – деп буйруду.

    13:29 Абышалом буйругандай, Абышаломдун кулдары Амнонду өлтүрүштү. Ошондо падышанын уулдарынын баары туруп, ар кимиси өз качырына минип, качып кетти.

    13:30 Алар жолдо келе жатышканда эле, Дөөткө “Абышалом падышанын бардык уулдарын өлтүрдү, алардан үч ким тирүү калган жок” деген кабар жетти.

    13:31 Падыша туруп, өз кийимин айрып, жерге кулады, анын алдындагы кулдары да өз кийимдерин айрышты.

    13:32 Бирок Дөөттүн бир тууганы Шимдин уулу Жонадап мындай деди: «Мырзам падышанын уулдары, бардык уландары өлтүрүлдү деп ойлобосун, бир гана Амнон өлдү, анткени Амнон анын карындашынын абийирин булгаган күндөн баштап, Абышаломдун ойлогон ою ушундай болчу.

    13:33 Ошондуктан мырзам падыша уулдарымдын баары өлдү деп ойлоп тынчсызданбасын. Бир гана Амнон өлдү».

    13:34 Абышалом качып кетти. Кароолдо турган улан башын көтөрүп, тоонун боорундагы жол менен келе жаткан көп кишини көрдү.

    13:35 Ошондо Жонадап падышага: «Мына, кулуң айткандай болуп чыкты, падышанын уулдары келе жатышат», – деди.

    13:36 Тигил ушинтип айтары менен, падышанын уулдары келип, өкүрүп ыйлашты. Падыша да, кулдары да боздоп ыйлашты.

    13:37 Абышалом болсо Гешур падышасы, Амийут уулу Талмайга качып барды. Дөөт өзүнүн уулу үчүн күн сайын ыйлап жүрдү.

    13:38 Абышалом Гешурга качып барып, ошол жерде үч жыл болду.

    13:39 Дөөт падыша Абышаломдун артынан түшкөн жок, анткени Амнондун өлгөнүн унутуп, сооронуп калган эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск