Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Дөөттүн күнөөсүн мойнуна алып өкүнүшү

    12:1 Теңир Натанды Дөөткө жиберди. Ал ага келип, мындай деди: «Бир шаарда эки адам болуптур, бири бай, бири кедей экен.

    12:2 Бай адамдын абдан көп майда жандыктары, бодо малы бар экен.

    12:3 Ал эми кедейдин сатып алган козусунан башка үч нерсеси жок эле. Ал аны багып, балдары менен бирге чоңойткон. Ал эмне жесе, козу да ошондон жеп, анын чөйчөгүнөн ичип, койнуна жатып, кызындай болуп калган.

    12:4 Бай адамдыкына бир жолоочу келет. Ал өзүнүкүнө келген жолоочудан өз койлору менен өгүздөрүн аяп, кедейдин козусун алып, келген кишиге бышырып берет».

    12:5 Дөөт ошол адамга абдан кыжырданып, Натанга мындай деди: «Теңир тирүү! Муну кылган адам өлүмгө татыктуу.

    12:6 Ал бул кылганы үчүн, таш боордугу үчүн козунун ордун төрт эсе төлөп берсин».

    12:7 Ошондо Натан Дөөткө мындай деди: «Ошол киши сенсиң. Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылгам, Мен сени Шабулдун колунан куткаргам.

    12:8 Сага мырзаңдын үйүн жана аялдарын бердим, Ысрайыл менен Жүйүт тукумун бердим, эгерде бул сага аздык кылса, анын үстүнө дагы көп нерсени кошуп берет элем.

    12:9 Теңирдин алдында жаман иш кылып, Анын сөзүн эмнеге барк алган жоксуң? Хеттик Урийди кылыч менен өлтүрдүң, анын аялын өзүңө аял кылып алдың, аны амондуктардын кылычы менен өлтүрдүң.

    12:10 Мени барк албаганың үчүн, Урийдин аялын алып алганың үчүн, эми сенин тукумуңдан үч качан кылыч кетпейт”».

    12:11 Теңир мындай дейт: «Мен сага өз тукумуң жамандык кылгыдай кылам, өзүңдүн көз алдыңда аялдарыңды алып, жакыныңа берем, ал сенин аялдарың менен ачык эле жатат.

    12:12 Сен жашыруун жасадың, ал эми Мен муну бүткүл Ысрайыл алдында ачык жасайм».

    12:13 Ошондо Дөөт Натанга: «Мен Теңирдин алдында күнөө кылдым», – деди. Натан Дөөткө: «Теңир күнөөңдү кечирди, сен өлбөйсүң.

    12:14 Бирок ушул ишиң менен душмандарынын Теңирди жамандоосуна себепкер болгонуң үчүн, төрөлгөн балаң өлөт», – деди.

    12:15 Анан Натан өз үйүнө кайтты. Теңир Урийдин аялы төрөгөн Дөөттүн баласына оору жиберди, ал ооруп калды.

    12:16 Дөөт наристе үчүн Кудайга сыйынып, орозо кармап, өзүнчө бөлүнүп, жерге жатып түн өткөрдү.

    12:17 Жаткан жеринен тургузууга өз уруусундагы аксакалдар киришти, бирок ал тургусу келген жок, алар менен тамактанган жок.

    12:18 Жетинчи күнгө караган күнү бала өлдү, кулдары баланын өлгөнүн Дөөткө угузуудан коркушту, анткени алар: «Бала тирүү кезинде эле, биз ага айтканбыз, бирок ал бизди укпай койгон. эми “Бала өлдү” деп кантип айтабыз? Ал өзүнө залал келтирип коёт», – дешти.

    12:19 Дөөт кулдарынын бири-бири менен шыбырашып турганын көрүп, баланын өлгөнүн түшүндү да, алардан: «Бала өлдүбү?» – деп сурады. Алар: «Ооба, өлдү», – деп жооп беришти.

    12:20 Ошондо Дөөт жерден туруп, жуунуп, майланып, кийимин которду да, Теңирдин үйүнө барып, Теңирге таазим кылды. Yйүнө кайтып, тамак сурады. Ага тамак алып келишти, ал жеди.

    12:21 Ошондо кулдары андан: «Бала тирүүсүндө, сен орозо кармап ыйладың, ал эми бала өлгөндөн кийин туруп тамактандың. Муну кандай түшүнсө болот?» – деп сурашты.

    12:22 Дөөт мындай деп жооп берди: «Бала тирүүсүндө мен орозо кармап ыйладым, анткени ким билет, балким, Теңир мага ырайым кылып, бала тирүү калабы деп ойлодум.

    12:23 үми ал өлдү. эмнеге орозо кармамак элем? эми мен аны кайра алып келе алмак белем? Мен ага барам, ал болсо мага кайрылып келбейт».

    Сулаймандын төрөлүшү

    12:24 Дөөт Бат-Шебаны сооротуп, аны менен жатты. Ал уул төрөп, атын Сулайман койду. Теңир Сулайманды сүйдү.

    12:25 Теңир Натан пайгамбарды жиберди, ал Теңирдин сөзү боюнча наристеге Жедидия деген ат койду.

    Дөөт менен Жойаптын Рабени басып алуусу

    12:26 Жойап амондуктарга кол салып, падыша шаары Рабени басып алды.

    12:27 Анан Жойап Дөөткө мындай деп айттырып жиберди: «Мен Рабеге кол салып, шаардын суусун эүлеп алдым.

    12:28 үми калган элди чогултуп, шаарды курчап, аны каратып ал, анткени аны мен алсам, анда ага менин атым коюлат».

    12:29 Дөөт бүткүл элди чогултту да, барып, Рабеге кол салып, шаарды басып алды.

    12:30 Дөөт алардын падышасынын башындагы таажысын алып, аны өз башына кийди. (Таажы бир талант алтындан, кымбат баалуу таштардан жасалган эле). Дөөт ал шаардан көп олжо алып чыкты.

    12:31 Дөөт ал шаардын элин алып чыгып, араа, темир мала, темир балта менен иштетти, мешке кыш бышыртты. Амондуктардын бардык шаарларын ал ушундай кылды. Ошондон кийин Дөөт бүт эли менен Иерусалимге кайтып келди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск