Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Дөөттүн күнөөсү

    11:1 Бир жылдан кийин, падышалар жортуулга чыкчу учурда Дөөт Жойапты өзүнүн кулдары жана бардык ысрайылдыктар менен жөнөттү. Алар амондуктарды талкалап, Рабени курчап алышты. Дөөт болсо Иерусалимде калган.

    11:2 Бир күнү Дөөт кечке жуук төшөгүнөн туруп, падыша сарайынын чатырында ары-бери басып жүрүп, сууга түшүп жаткан бир аялды көрдү. Ал аял абдан сулуу эле.

    11:3 Дөөт анын кайсы аял экенин билүүгө киши жиберди. Ага: «Ал – элиямдын кызы, хеттик Урийдин аялы Бат-Шеба», – деп айтышты.

    11:4 Дөөт аялды алып келүүгө кулдарын жиберди. Аял ага келди, ал аны менен жатты. (Аял өзүнүн таза эместигинен тазаланды). Анан ал үйүнө кайтты.

    11:5 Аялдын боюна бүттү. Ал Дөөткө киши жиберип: «Менин боюмда бар», – деп айттырды.

    11:6 Дөөт Жойапка киши жиберип: «Хеттик Урийди мага жибер», – деп айттырды. Жойап Урийди Дөөткө жиберди.

    11:7 Урий келгенде, Дөөт андан Жойаптын, элдин абалы жана согуштун жүрүшү тууралуу сурады.

    11:8 Анан Дөөт Урийге: «Yйүңө барып, бутуңду жуу», – деди. Урий падышанын үйүнөн чыкты, падыша анын артынан белек берип жиберди.

    11:9 Бирок Урий өз мырзасынын кулдары менен падыша үйүнүн дарбазасынын жанында уктады, үйүнө барган жок.

    11:10 Дөөткө: «Урий үйүнө барган жок», – деп билдиришти. Ошондо Дөөт Урийден: «Жол жүрүп келдиң. эмне үчүн үйүңө барган жоксуң?» – деп сурады.

    11:11 Урий Дөөткө: «Келишим сандыгы да, Ысрайыл да, Жүйүт да чатырларда болсо, Жойап мырзам, мырзамдын кулдары майдан талаасында жүрсө, мен үйүмө барып, ичип-жеп, аялым менен жатмак белем! Сенин өмүрүң менен, сенин жаның менен ант берем, андай кылбайм», – деп жооп берди.

    11:12 Дөөт Урийге: «Бүгүн да бул жерде кал, эртең мен сени коё берем», – деди. Ошентип, ошол күнү да, эртеси күнү да Урий Иерусалимде калды.

    11:13 Дөөт аны чакырды, Урий анын алдында ичип-жеди, Дөөт аны мас кылды. Бирок Урий кечинде мырзасынын кулдары менен өз төшөгүнө жатканы кетти, үйүнө барган жок.

    11:14 үртең менен Дөөт Жойапка кат жазып, аны Урийден берип жиберди.

    11:15 Ал катка мындай деп жазган эле: «Урийди эң катуу салгылаш болуп жаткан жерге койгула, өлүмгө дуушар болушу үчүн, аны жалгыз калтыргыла, ал майданда өлсүн».

    11:16 Ошон үчүн Жойап өзү курчап алган шаардын эр жүрөк адамдары турган жерге Урийди койду.

    11:17 Ошол шаардын эли чыгып, Жойап менен салгылашты, Дөөттүн кулдарынан да, элден да бир нече адам курман болду. Хеттик Урий да өлдү.

    11:18 Жойап Дөөткө согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат бериш үчүн киши жөнөттү.

    11:19 Чабарманга мындай буйрук кылды: «Падышага жалпы согуштун жүрүшүн айтып бүткөндө,

    11:20 падыша ачууланып, сага: “үмне үчүн силер шаарга ошончолук жакын барып согуштуңар? Силерди дубалдын үстүнөн атышарын билген жоксуңарбы?

    11:21 Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелекти ким өлтүрдү эле? Ал Тейбесте бир аял жаргылчактын ташынын сыныгын дубалдан таштап жибергенде өлбөдү беле. Дубалга эмнеге ошончолук жакын бардыңар?” – деп айтса, сен: “Кулуң хеттик Урий да өлдү”, – де».

    11:22 Чабарман Дөөткө келип, Жойап эмне үчүн жибергенин, согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат берди.

    11:23 Ошондо чабарман Дөөткө мындай деди: «Тигилер бизге каршы талаага чыгышты, бирок биз аларды дарбазага чейин кууп бардык.

    11:24 Ошондо жаа тарткычтар кулдарыңа дубалдан жебе тартышты, падышанын кулдарынан күү бирөөлөрү өлүштү. Алардын ичинен кулуң хеттик Урий да өлдү».

    11:25 Дөөт ошондо чабарманга мындай деди: «Жойапка айт: “Мейли, бул иш үчүн сен кыйналбай эле кой, анткени кылыч бирде тигинин, бирде мунун башын кыят. Шаарга каршы согушту күчөтүп, аны кыйрат”. Сен ага ушинтип кайрат бер».

    11:26 Урийдин аялы күйөөсү өлгөнүн угуп, күйөөсүн жоктоп ыйлады.

    11:27 Аза күтүү убактысы бүткөндөн кийин, Дөөт киши жиберип, аны өз үйүнө алдырды. Ошентип, ал анын аялы болуп калды. Ал ага уул төрөп берди. Бирок Дөөттүн бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болчу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск