Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Мепибешеттин кулунун калп айтышы

    16:1 Дөөт тоонун чокусунан бир аз ылдый түшкөндө, эки эшекке эки жүз нан, жүз таңгак мейиз, жүз таңгак анжыр, бир чанач шарап артып алган Мепибешеттин кулу Сиба жолукту.

    16:2 Падыша Сибадан: «Буларды эмне кыласың?» – деп сурады. Сиба: «үшектер падышанын эй-бүлөсү мингенге, нан менен жемиштер жаш уландарга, ал эми шарап чөлдө алсырап калгандарга», – деп жооп берди.

    16:3 Падыша: «Мырзаңдын уулу кайда?» – деп сурады. Сиба падышага мындай деп жооп берди: «Ал Иерусалимде калды. Анткени ал: “үми Ысрайыл тукуму мага атамдын падышачылыгын кайтарып берет”, – деп айтып жатат».

    16:4 Ошондо падыша Сибага: «Мепибешеттин эмнеси болсо, ошонун баары сеники болсун», – деди. Сиба таазим этип: «Мырзам падышанын алдында ырайым тапсам экен!» – деп жооп берди.

    Шемейдин падышаны тилдеши

    16:5 Дөөт падыша Бакуримге жеткенде, Шабулдун тукумунан Гейранын уулу Шемей деген бир киши чыкты. Ал Дөөттү тилдеп келе жатты.

    16:6 Ал Дөөткө, Дөөт падышанын бүт кулдарына таш ыргытып келе жатты. Бардык эр жүрөк кишилер падышанын оң жана сол жагында эле.

    16:7 Шемей аны: «Жүзү кара, киши өлтүргүч, жогол, бул жерден кет.

    16:8 Теңир Шабулдун тукумунун каны үчүн сени жазалап жатат, сен анын ордуна падыша болгонсуң. Бирок Теңир падышачылыкты уулуң Абышаломдун колуна берди. Мына, сенин башыңа мүшкүл түштү, анткени сен канкорсуң», – деп тилдеди.

    16:9 Ошондо Серуянын уулу Абышай падышага: «Мырзам падышаны мына бул өлгөн ит эмнеге тилдеп жатат? Мен барып, анын башын аламын», – деди.

    16:10 Падыша мындай деди: «Серуянын уулдары, мен эмне кыла алмак элем да, силер эмне кыла алмак элеңер? Мейли, тилдей берсин, анткени Дөөттү тилде деп, ага Теңир буйруган. “Сен эмнеге ушундай кылып жатасың?” – деп, ага ким айта алат?»

    16:11 Дөөт Абышайга жана өз кулдарына дагы мындай деди: «өзүмдөн чыккан уулум мени өлтүргүсү келип жатса, Бенжеминдин уулу андан бетер кылбайбы. Жайына койгула, тилдей берсин, анткени ага Теңир буйруган.

    16:12 Балким, Теңир басынтылганыма назар салар, ал бүгүн мага тил тийгизгени үчүн Теңир мага жакшылык кылар».

    16:13 Дөөт өз кишилери менен, өз жолу менен кете берди, Шемей болсо тилдеп, ага таш ыргытып, топурак чачып, тоонун капталында бара жатты.

    16:14 Падыша жана анын жанындагы алсыраган бүт эл ошол жерге келип эс алды.

    16:15 Абышалом болсо бүт Ысрайыл эли менен Иерусалимге келди, аны менен Акитопел да келди.

    16:16 Дөөттүн архилик досу Хушай Абышаломго келип: «Жашасын падыша, жашасын падыша!» – деди.

    16:17 Абышалом Хушайга: «Досуңа кылган жакшылыгың ушулбу! эмнеге досуң менен кеткен жоксуң?» – деди.

    16:18 Хушай Абышаломго мындай деди: «Жок, Теңир жана бул эл, бүт Ысрайыл, кимди тандаса, мен ошону менен болом, ошону менен калам.

    16:19 Анын уулуна кызмат кылбаганда, кимге кызмат кылам? Сенин атаңа кандай кызмат кылсам, сага да ошондой кызмат кылам».

    16:20 Ошондо Абышалом Акитопелге кайрылып: «үмне кылалы, кеңеш бер», – деди.

    16:21 Акитопел Абышаломго: «Атаңдын эй кайтартып койгон күң аялдарына кир, ошондо бүт ысрайылдыктар атаңа жек көрүндү болуп калганыңды угушат, сени менен болгондор да күч алат», – деди.

    16:22 Ошондо Абышалом үчүн эйдүн төбөсүнө чатыр тигишти. Бүт ысрайылдыктардын көзүнчө Абышалом атасынын күң аялдарына кирди.

    16:23 Ошол учурда Акитопелдин берген кеңештери Кудайдын берген кеңештериндей эсептелчү. Акитопелдин ар бир кеңеши Дөөт үчүн кандай болсо, Абышалом үчүн да ошондой эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск