Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Акитопелдин айла-амалдарынын ишке ашпай калышы жана анын уят болуп өлүшү

    17:1 Акитопел Абышаломго мындай деди: «Мен он эки миң киши тандап алып, ушул түнү Дөөттүн артынан түшөйүн.

    17:2 Ал чарчап-чаалыгып, алсырап калганда, мен ага кол салып коркутам. Анын жанындагы элдин баары туш тарапка качып кетет, ошондо мен жалгыз падышаны өлтүрөм,

    17:3 бардык адамдарды сага каратам. Сен өлтүрө турган адам жок болгондон кийин, бүт элге тынчтык болот».

    17:4 Бул сөз Абышаломго жана Ысрайылдын бүт аксакалдарына жакты.

    17:5 Бирок Абышалом: «Архилик Хушайды чакыргыла. Ал эмне дейт экен, угалы», – деди.

    17:6 Хушай Абышаломго келди, ошондо Абышалом ага: «Акитопел ушундай деди, анын сөзү боюнча кылалыбы? эгер антпейбиз десең, анда айт», – деди.

    17:7 Хушай Абышаломго: «Бул жолу Акитопелдин айткан кеңеши жакшы эмес», – деп жооп берди.

    17:8 Хушай сөзүн улантты: «Сен атаңды жана анын кишилерин билесиң, алар эр жүрөк жана балдарынан ажыраган талаадагы ургаачы аюудай абдан ачуулуу. Сенин атаң – жоокер адам. Ал эл менен чогуу түнөбөйт.

    17:9 Ушул кезде ал кайсы бир үңкүрдө же башка жерде жашынып жатат. эгерде аларга биринчи чабуул койгон киши өлсө, анда аны уккандар: “Абышаломду эүрчигендер жеңилип калышты”, – деп айтышат.

    17:10 Ошондо кабылан жүрөк, кайраттуу шерлердин да көңүлү чөгүп алсырашат. Анткени сенин атаңдын эр жүрөк экенин, анын кишилеринин кайраттуу экенин бүт Ысрайыл билет.

    17:11 Ошондуктан менин кеңешим мындай: Дандан Бейер-Шебага чейин деңиз жүүгиндеги кумдай сансыз бүт Ысрайыл сенин жаныңа чогулсун. Аны өзүң баштап барасың.

    17:12 Ошондо ал кайсы гана жерде болбосун, ага каршы барабыз. Жерге шүүдүрүм түшкөндөй, ага чабуул коёбуз. Анын жанындагы адамдарынан бирөө да калбайт.

    17:13 үгерде ал кайсы бир шаарга кирсе, бүт Ысрайыл аркан алып келет да, аны дайрага сүйрөп түшөбүз, кыскасы, бир да майда таш калбайт».

    17:14 Ошондо Абышалом жана бүт Ысрайыл: «Акитопелдин кеңешинен архилик Хушайдын кеңеши жакшы», – деди. Абышаломдун башына мүшкүл түшүрүү үчүн, Теңир Акитопелдин жакшы кеңешин ушинтип бузду.

    17:15 Хушай ыйык кызмат кылуучулар Абыйатар менен Садокко мындай деди: «Абышалом менен Ысрайыл аксакалдарына Акитопел тигиндей кеңеш берди, мен болсо мындай кеңеш бердим.

    17:16 Азыр Дөөткө тезирүүк киши жибергиле да, минтип айткыла: “Ушул түнү чөл түздүгүндө түнөй көрбө, сени менен кошо жаныңдагы кишилердин баары набыт болбош үчүн, тезирүүк өтүп кеткин”».

    17:17 Жонатан менен Акимаас Рогейил булагынын жанында турушкан. Кызматчы аял барып, аларга айтты, алар барып, Дөөт падышага билдиришти, анткени алар шаар ичинде көрүнбөшү керек эле.

    17:18 Бир жаш улан аларды көрүп, Абышаломго жеткирди, бирок экөө тезинен кетишти да, Бакуримдеги бир кишиникине барып, анын короосундагы кудукка түшүп кетишти.

    17:19 Ал кишинин аялы кудуктун оозуна жабуу жапты да, үч нерсе билинбегендей кылып, үстүнө акшак чачып салды.

    17:20 Абышаломдун кулдары ошол эйгө, аялга келип: «Акимаас менен Жонатан кайда?» – деп сурашты. Аял аларга: «Алар өзөндү кечип өтүп кетишти», – деп жооп берди. Алар издеп-издеп таппаган соң, Иерусалимге кайтып келишти.

    17:21 Алар кетишкен соң, тигилер кудуктан чыгып, Дөөт падышага: «Тургула да, тезирүүк суудан өтүп кеткиле, анткени силерге каршы Акитопел ушундай кеңеш берди», – деп билдиришти.

    17:22 Дөөт жана анын жанындагы адамдардын баары туруп, Иорданды кечип өтүштү. Таңга чейин Иорданды кечип өтпөгөн бир да жан калган жок.

    17:23 Акитопел өзүнүн кеңешинин аткарылбаганын көрүп, эшегин токуп, жолго чыкты да, өз шаарына барып, эй-бүлөсүнө керүүзин айтып, асынып өлдү, сөөгү атасынын мүрзөсүнө коюлду.

    17:24 Анан Дөөт Маханайимге келди, Абышалом бүт Ысрайыл менен Иорданды кечип өттү.

    17:25 Абышалом Жойаптын ордуна Амасаны аскер башчы кылып койду. Амаса изрейелдик Жетер аттуу кишинин уулу эле. Ал Нахаштын кызы Абигейилге жакындаган. Абигейил – Жойаптын энеси Серуянын сиңдиси.

    17:26 Абышалом башында турган Ысрайыл кошууну Гилат жерине жайланышты.

    17:27 Дөөт Маханайимге келгенде, амондуктардын Рабесинен Нахаштын уулу Шоби, Ло-Дебардан Амиелдин уулу Махир жана Роглимден гилаттык Барзелай

    17:28 жууркан-төшөк, табак, чопо идиш, буудай, арпа, ун, таруу, буурчак, кызыл жасмык, куурулган дан алып келди.

    17:29 Алар: «үл чөлдө ачкалыктан алсырап, чаалыгып-чарчап, чаңкашты», – деп, Дөөткө жана анын кишилерине азык кылып бал, май, кой, уйдун сүтүнүн быштагын алып келип беришти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск