Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    үпрайым тоосунун жанындагы салгылашуу

    18:1 Дөөт өзүнүн кишилерин карап чыгып, алардын үстүнөн жүз башы, миң башыларды койду.

    18:2 Дөөт элдин эчтөн бир бөлүгүнө Жойапты, эчтөн бир бөлүгүнө Жойаптын бир тууганы, Серуянын уулу Абышайды, эчтөн бир бөлүгүнө гаттык Итайды башчы кылып, элди жөнөттү. Падыша элге: «Силер менен өзүм барам», – деди.

    18:3 Бирок эл ага: «Барба, эгер биз кача турган болсок, алар буга көңүл бурушпайт, жарымыбыз өлсөк да, көңүл бурушпайт. Жалгыз өзүң он миңибизге тетесиң, ошондуктан бизге шаардан эле жардам берип турганың жакшы», – деди.

    18:4 Падыша аларга: «Силер эмнени жакшы деп эсептесеңер, мен ошондой кылам», – деди. Падыша дарбазанын жанында турду, бүт эл жүздөн, миңден болуп чыга баштады.

    18:5 Падыша Жойапка, Абышайга, Итайга: «Уулум Абышаломду мен үчүн сактагыла», – деп буйрук кылды. Падышанын өз жол башчыларына Абышалом жөнүндө берген буйругун бардык эл укту.

    18:6 үл талаага ысрайылдыктар менен беттешүүгө чыкты, салгылашуу эпрайым токоюнда болду.

    18:7 Ысрайыл эли Дөөттүн кулдарынан жеңилди. Ошол күнү ал жерде чоң кыйроо болуп, жыйырма миң адам өлдү.

    18:8 Согуш бүт өлкөгө жайылды. Ал күнү кылыч менен кырылганга караганда, токойдон өлгөндөр көп болду.

    Абышаломдун өлүшү

    18:9 Абышалом Дөөттүн кулдарына жолугуп калды. Ал качыр минип алган эле. Качыр менен чоң бутактуу эмен жыгачынын астынан өтүп бара жатканда, Абышалом эмендин бутактарына чачынан илинип, асман менен жердин ортосунда асылып калды, астындагы качыры болсо качып кетти.

    18:10 Муну бирөө көрүп, Жойапка: «Мен Абышаломдун эмен дарагына асылып турганын көрдүм», – деп кабарлады.

    18:11 Жойап муну кабарлаган кишиге: «Сен аны көрүп туруп, эмне үчүн ошол жерден өлтүргөн жоксуң? Мен сага он күмүш шекел жана бир кур берет элем», – деди.

    18:12 Ал киши Жойапка мындай деп жооп берди: «Мага миң күмүш шекел берсе да, падышанын уулуна колумду көтөрбөйт болчумун, анткени падыша бизге угуза сага да, Абышайга да, Итайга да: “Уулум Абышаломду мен үчүн сактагыла”, – деп буйрук кылбады беле.

    18:13 үгерде мен өз өмүрүмдү тобокелге салып, башкача кылган күндө да, бул ишти падыша билбей калмак эмес, өзүң да мага каршы чыкмаксың».

    18:14 Ошондо Жойап: «Мен сага убакыт коротуп отурбайм», – деп, үч жебени колуна алды да, эмен дарагында илинип турган, жаны чыга элек Абышаломдун жүрөгүнө кадады.

    18:15 Жойаптын курал көтөргөн он уланы Абышаломду тегеректеп алып өлтүрүштү.

    18:16 Жойап сурнай тартты, Ысрайылды кууган эл артка кайтты, анткени Жойап элди токтотту.

    18:17 Абышаломду алышты да, аны токойдогу терең аңга таштап, үстүнө таш үйүп салышты. Анан ысрайылдыктардын бардыгы чатырларына качып кетишти.

    18:18 Абышалом тирүү кезинде эле: «Менин атымды өчүрбөй турган уулум жок», – деп, өзүнө падыша өрөөнүндө үстелик тургузуп, ошол үстеликке өз ысымын калтырган. Ушул күнгө чейин ал «Абышаломдун үстелиги» деп аталат.

    Уулунун өлгөнүнө Дөөттүн кайгырышы

    18:19 Садоктун уулу Акимаас Жойапка: «Мен падышага чуркап барып, аны душмандарынан Теңир өзү куткарганын кабарлайын», – деди.

    18:20 Бирок Жойап ага: «Бүгүн сен жакшы кабарчы болбойсуң. Жакшы кабарды бүгүн эмес, башка күнү кабарлайсың, анткени падышанын уулу өлдү», – деди.

    18:21 Жойап куштук кишиге мындай деди: «Баргын, көргөнүңдү падышага билдир». Куштук киши Жойапка таазим этти да, чуркап кетти.

    18:22 Бирок Садоктун уулу Акимаас көшөрүп, Жойапка мындай деди: «үмнеси болсо да, мен да куштук кишинин артынан чуркап барам». Жойап болсо ага: «Уулум, чуркап эмне кыласың? Сен жакшы кабар алып барбайсың», – деди.

    18:23 Акимаас: «Мен баары бир чуркап барам», – деди. Ошондо Жойап: «Чурка», – деди. Ошентип, Акимаас түз жол менен чуркап, куштук кишиден ашып кетти.

    18:24 Дөөт ошол учурда эки дарбазанын ортосунда отурган. Күзөтчү дарбазанын дубалынын үстүнө чыгып, башын көтөрүп, бирөөнүн чуркап келе жатканын көрдү.

    18:25 Ошондо күзөтчү кыйкырып, падышага кабарлады. Падыша: «үгер ал жалгыз болсо, анда кабар айтканы келе жатат», – деди. Тиги жакындагандан жакындап келе жатты.

    18:26 Күзөтчү чуркап келе жаткан экинчи кишини да көрдү. Анан күзөтчү дарбазачыга: «Дагы бир киши чуркап келе жатат», – деп кыйкырды. Падыша: «Бул да кабарчы», – деди.

    18:27 Күзөтчү: «Басканына караганда, биринчиси Садоктун уулу Акимаас окшойт», – деди. Падыша: «Ал – жакшы киши, жакшы кабар менен келе жатат», – деди.

    18:28 Акимаас падышага: «Тынчтык!» – деп кыйкырды. Анан падышага жерге чейин ийилип таазим кылып: «Мырзам падышага кол көтөргөн адамдарды колуңа салып берген Кудай-Теңириңе даңк!» – деди.

    18:29 Ошондо падыша: «Уулум Абышалом аманбы?» – деп сурады. Акимаас: «Падышанын кулу Жойап кулуңду жиберип жатканда, дүрбөлөң түшүп жатышканын көрдүм, бирок мен ал жерде эмне болгонун билбейм», – деп жооп берди.

    18:30 Падыша: «Мындай туруп тур», – деди. Ал четке туруп турду.

    18:31 Анан куштук киши да келди. Куштук киши: «Мырзам падышага жакшы кабар! Теңир сага адилеттик кылып, өзүңө каршы көтөрүлгөндөрдүн баарынан куткарды», – деди.

    18:32 Падыша куштук кишиге: «Уулум Абышалом аманбы?» – деп кайрылды. Куштук киши: «Мырзам падыша, сенин душмандарың, сага жамандык ойлоп каршы чыккандардын баары уулуң дуушар болгон нерсеге дуушар болсун!» – деп жооп берди.

    18:33 Падыша капаланып, дарбазанын үстүндөгү бөлмөсүнө кетип бара жатып, мындай деп ыйлады: «Оо, уулум Абышалом! Уулум, уулум Абышалом! Оо, Абышалом, сенин ордуңа мен өлсөм кана, уулум!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск