Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Жойаптын Дөөттү жемелеши

    19:1 Жойапка: «Падыша Абышаломду жоктоп ыйлап жатат», – деп айтышты.

    19:2 Ошол күнкү жеңиш бардык эл үчүн ыйга айланды, анткени эл ошол күнү падышанын уулун жоктоп ыйлап жатканын укту.

    19:3 Согуштан качып келе жатканына уялган адамдардай болуп, эл ошол күнү шаарга уурданып кирип жатты.

    19:4 Падыша болсо жүзүн жаап алып, өкүрүп жатты: «Уулум Абышалом! Абышалом, уулум, уулум менин!»

    19:5 Жойап падышанын үйүнө барды да, мындай деп айтты: «Сенин уул-кыздарыңдын, аялдарыңдын жана күң аялдарыңдын өмүрүн сактап калган кулдарыңдын бардыгын бүгүн сен уятка калтырдың.

    19:6 өзүңдү жек көргөндөрдү сүйөсүң да, сүйгөндөрдү жек көрөсүң, анткени жол башчыларың менен кулдарың сен үчүн үч ким эмес экендигин сен бүгүн көргөздүң. Абышалом тирүү калып, биз баарыбыз өлүп калсак, сага жакшы болорун бүгүн билдим.

    19:7 Азыр тургун да, чыгып, кулдарыңдын көңүлүн көтөрүп сүйлө. эгер чыкпай турган болсоң, Теңирдин алдында ант берем, бул түнү сенин жаныңда үч ким калбайт. Ошондо бул жаш кезиңден ушул убакка чейин көргөн бардык кыйынчылыктарыңдан жаман болот».

    19:8 Ошондо падыша туруп келип, дарбазанын алдына отурду. элдин баарына падышанын дарбазанын алдында отурганын жарыя кылышты. Ошондо бүт эл падышанын алдына келди. Ысрайылдыктар болсо чатырларына качып кетишти.

    Дөөттүн Иерусалимге кайтып келиши

    19:9 Ысрайылдын бардык урууларындагы бүт эл мындай деп талашып жатышты: «Падыша бизди душмандарыбыздан куткарды, пелиштиликтердин колунан бошотту, азыр болсо өлкөдөн, Абышаломдон качып кетти.

    19:10 Бирок биз өзүбүзгө падыша кылып майлаган Абышалом согушта өлдү. эми эмнеге силер падышаны өз үйүнө алып келбей, кечиктирип жатасыңар?»

    19:11 Дөөт падыша ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатарга киши жиберип, мындай деп айттырды: «Жүйүттүн аксакалдарына айткыла: Силер падышаны үйүнө биринчилерден болуп кайра алып келсеңер болбойбу? Бул бүт Ысрайылда сөз болуп, падышанын үйүнө эбак эле жетпеди беле?

    19:12 Силер менин бир туугандарым, сөөгүм жана денемсиңер. Падышаны өз үйүнө кайтарууда эмне үчүн силер акыркы болгуңар келет?

    19:13 Анан Амасага айткыла: “Менин сөөгүм да, денем да сен эмес белең? эгер сен Жойаптын ордуна өмүрүң өткөнчө менин аскер башчым болбосоң, анда Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын!”»

    19:14 Ошентип, ал бардык жүйүттөрдүн жүрөгүн бир кишидей өзүнө бурду. Ошондо алар падышага: «өзүң да, кулдарың да кайтышсын», – деп айттырганы киши жиберишти.

    19:15 Падыша кайтып, Иорданга келди. Жүйүттөр падышаны тосуп алып, Иордандан өткөрүү үчүн, Гилгалга келишти.

    19:16 Бенжемин уруусунан бакуримдик Гейранын уулу Шемей шашылган боюнча жүйүттөр менен бирге Дөөт падышаны тоскону жөнөдү.

    19:17 Аны менен Бенжеминден миң киши, Шабулдун эй башкаруучусу Сиба өзүнүн он беш уулу жана жыйырма кулу менен келишти да, Иордандан өтүп, падышаны тосуп чыгышты.

    19:18 Падышанын эй-бүлөсүн алып өтүү үчүн жана анын каалоосун аткаруу үчүн, сал наркы өйүзгө өткөндөн кийин, Гейранын уулу Шемей Иордандан өтөрү менен падышанын алдына жыгылды.

    19:19 Ал падышага мындай деди: «Иерусалимден мырзам падыша чыгып бара жаткан күнү кулуңдун кылган күнөөсүн эске алба, жүрөгүңдө сактаба мырзам падыша, мени кылмышкер катары эсептебе.

    19:20 Анткени кулуң күнөө кылганын билет, мен азыр Жусуптун бардык тукумунан биринчи болуп, мырзам падышаны тоскону келдим».

    19:21 Серуянын уулу Абышай: «Теңирдин майланганын тилдегени үчүн Шемей кантип өлүм жазасына тартылбасын?» – деди.

    19:22 Ошондо Дөөт: «Серуянын уулдары, мени менен силердин эмне ишиңер бар, мени эмнеге тукуруп жатасыңар? Бүгүн Ысрайылда адам өлтүргүдөй күн болуп жатабы? Азыр мен Ысрайылга падыша экенимди көрбөй турамбы?» – деди.

    19:23 Падыша Шемейге: «Сен өлбөйсүң», – деди. Падыша ага ант берди.

    19:24 Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет да падышаны тосуп алганы келди. Ал падыша чыккан күндөн тартып тынчтык менен кайра кайткан күнгө чейин, бутун да, кийимдерин да жууган эмес, сакалын да караган эмес.

    19:25 Ал Иерусалимден чыгып, падышаны тоскону келгенде, падыша андан: «Мепибешет, сен эмне үчүн мени менен кеткен жоксуң?» – деп сурады.

    19:26 Тиги мындай деп жооп берди: «Мырзам падыша! Мени өз кулум алдады. Мен, сенин кулуң: “үшегимди токуп минип алып, падыша менен кетейин”, – деп айткам. Анткени мен, сенин кулуң, аксак эмесминби.

    19:27 Ал мырзам падышанын алдында кулуңду ушактады. Бирок мырзам падыша Кудайдын периштесиндей. Каалаганыңды кыл.

    19:28 Мырзам падышанын алдында атамдын бүт эй-бүлөсү өлүмгө татыктуу болсо да, сен кулуңду өз дасторконуңдан тамактангандардын арасына отургуздуң. Падышанын алдында даттанууга акым барбы?»

    19:29 Падыша ага: «Мунун баарын эмне үчүн айтып жатасың? Талааны Сиба экөөңөр өз ара бөлүшүп алгыла деп айтпадым беле?» – деди.

    19:30 Бирок Мепибешет падышага мындай деп жооп берди: «Мырзам падыша өз үйүнө тынчтык менен кайтып келген соң, ал баарын ала берсин».

    19:31 Падыша менен Иордандан бирге өтүп, аны андан ары узатуу үчүн, Роглимден гилаттык Барзелай да келди.

    19:32 Барзелай сексенге чыккан абдан кары адам эле. Падыша Маханайимде жүргөндө, ал аны азык-түлүк менен камсыз кылып турган, себеби ал бай адам эле.

    19:33 Падыша Барзелайга: «Жүр мени менен, мен сени Иерусалимде азык-түлүк менен камсыз кылып турам», – деди.

    19:34 Бирок Барзелай падышага мындай жооп берди: «Падыша менен Иерусалимге баргыдай, көпкө жашамак белем?

    19:35 Азыр сексен жаштамын, жаман-жакшыны айырмалай алмак белем. Кулуң ичкен-жегенинин даамын билмек беле. Ырчы кыздар менен балдардын үнүн уга алмак белем. Мырзам падыша, кулуңду жүк кылып эмне кыласың?

    19:36 Кулуң падышаны Иордандан ары бир аз узатып бара алат. Падыша мени эмне кылганым үчүн ушунча урматтап жатат?

    19:37 Кайтып барып, өз шаарымда, ата-энемдин мүрзөсүнүн жанында өлүүгө кулуңа уруксат эт. Бирок сенин кулуң, менин уулум Кимам, мырзам падыша менен барсын, аны эмне кылам десең, өзүң бил».

    19:38 Падыша: «Кимам мени менен барсын, ага сен каалагандай кылам. Каалаганыңдын баарын кылам», – деди.

    19:39 Бүт эл жана падыша Иордандан өтүштү. Анан падыша Барзелайды өөп, ага батасын берди. Ал өз жерине кайтты.

    19:40 Падыша Гилгалга жөнөдү, Кимам да аны менен жөнөдү. Бүт Жүйүт эли жана Ысрайыл элинин жарымы падышаны узатты.

    19:41 Бүт ысрайылдыктар падышага келип: «үмне үчүн бир туугандарыбыз жүйүттөр сени уурдап, эй-бүлөң менен, бардык кишилериң менен Иордан аркылуу өткөрүп жиберишти?» – дешти.

    19:42 Ошондо Жүйүттүн кишилеринин баары ысрайылдыктарга: «Падыша биздин жакыныбыз, бул нерсеге эмнеге ачууланып жатасыңар? Биз падышанын бир нерсесин жедикпи же андан белек алдыкпы?» – деп жооп беришти.

    19:43 Ысрайылдыктар жүйүттөргө жооп кылып, мындай дешти: «Биз падышачылыктын он бөлүгүн түзөбүз, Дөөттүн жанында силерге караганда биз көппүз. эмне үчүн силер бизди кемсинттиңер? Падышабызды алып келүү жөнүндө биринчи биз сүйлөшүбүз керек эмес беле?» Бирок ысрайылдыктардын сөзүнө караганда жүйүттөрдүн сөзү күчтүү болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск