Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Шебанын көтөрүлүш чыгарышы

    20:1 Бенжеминдик Бихра уулу Шеба деген жаман киши ошол жерде эле. Ал сурнай тартты да: «Дөөттө биздин үч кандай бөлүгүбүз жок. Жышайдын уулунда энчибиз жок. Ысрайылдыктар, бардыгыңар өз-өз чатырыңарга тарагыла!» – деди.

    20:2 Ошондо бардык ысрайылдыктар Дөөттөн бөлүнүштү да, Бихранын уулу Шебанын артынан жөнөштү. Жүйүттөр болсо өз падышасы тарапта калышты, алар Иордандан Иерусалимге чейин аны менен барышты.

    20:3 Дөөт Иерусалимдеги өз үйүнө келип, үйүн кайтарган он күң аялын өзгөчө бир эйгө жайгаштырды. Аларга көзөмөл коюп, багып турду, бирок аларга жакындаган жок. Алар өлөр-өлгөнчө ошол жерде багылып, жесир катарында жашашты.

    Жойаптын Амасаны өлтүрүшү

    20:4 Дөөт Амасага: «Мага үч күндүн ичинде жүйүттөрдү чакырып кел, өзүң да кел», – деди.

    20:5 Амаса жүйүттөрдү чакырууга жөнөп кетти, бирок Дөөт айткан убактан көп кечикти.

    20:6 Ошондо Дөөт Абышайга: «үми Бихранын уулу Шеба бизге Абышалом кылган жамандыктан да чоң жамандык кылат. Ал чептүү шаарларды таап, бизден жашынып кала электе, сен мырзаңдын кулдарын алып, анын артынан түш», – деди.

    20:7 Анын артынан Жойаптын кишилери, керейликтер, пелейликтер, эр жүрөк адамдар Иерусалимден чыгышты да, Бихранын уулу Шебанын артынан түшүштү.

    20:8 Алар Гибондун жанындагы чоң ташка жеткенде, Амасага жолугушту. Жойап аскер кийимчен эле, белиндеги курунда кынына салынган кылычы бар эле. Анын кылычы кынынан оңой суурулуп, кайра кынына оңой салынчу.

    20:9 Жойап Амасага: «Амансыңбы, бир тууганым?» – деп кайрылды. Жойап Амасаны өбүш үчүн, оң колу менен сакалынан кармады.

    20:10 Амаса Жойаптын колундагы кылычын байкаган жок. Ал аны курсакка сайганда, анын ичеги-карды жерге түшүп калды. Соккуну ал кайталаган жок, тиги жан берди. Жойап жана бир тууганы Абышай Бихранын уулу Шебанын артынан түшүштү.

    20:11 Амасанын жанында турган Жойаптын уландарынын бири: «Ким Жойап десе, ким Дөөт тарапта болсо, Жойаптын артынан жүрсүн!» – деди.

    20:12 Амаса болсо жолдун ортосунда канжалап жатты. Ал улан нары өткөн, бери өткөн элдин баары токтоп өтүп жатканын көрүп, Амасаны жолдон алып, талаага сүйрөп барып, кийимдери менен жаап салды.

    Шебанын көтөрүлүшүн басуу

    20:13 Ал жолдон сүйрөлүп ташталгандан кийин, бүт Ысрайыл эли Жойапты эүрчип, Бихранын уулу Шебанын артынан түштү.

    20:14 Шеба болсо Абел-Бейт-Маакка чейин Ысрайылдын бардык урууларын жана бүт Бейрини аралап өттү. Бейринин тургундары жыйналып, анын аркасынан жөнөштү.

    20:15 Алар Абел-Бейт-Маакка келишип, аны ошол жерде курчоого алышты. Шаардын дубалынын жанына жал куруп, дубалга чыгышты. Жойап менен келген бардык адамдар дубалды бузууга аракеттеништи.

    20:16 Ошондо шаар дубалынан бир акылдуу аял: «Уккула, уккула, Жойапка айткыла, ал бул жерге келсин, мен аны менен сүйлөшөм», – деп кыйкырды.

    20:17 Жойап жакын келгенде, аял: «Жойап деген сенсиңби?» – деди. Ал: «Ооба, менмин», – деди. Аял: «Күңэңдүн сөзүн ук», – деди. Ал: «Угуп жатам», – деди.

    20:18 Аял мындай деди: «Мурда мындай айтышчу эле: “Ким сурагысы келсе, абелдиктерден сурасын”. Иш ушинтип чечилчү.

    20:19 Мен Ысрайылдын тынч, ишеничтүү шаарларынын бириненмин. Сен болсо Ысрайыл шаарларынын энесин талкалагың бар. Теңирдин мурасын жок кылып эмне кыласың?»

    20:20 Жойап мындай деп жооп берди: «Мен талкалайын же жок кылайын деген жокмун, андай оюм жок!

    20:21 Андай кылбайм, бирок эпрайым тоосунда жашаган Бихранын уулу Шеба аттуу киши Дөөт падышага каршы чыкты. Жалгыз гана ошону мага чыгарып бергиле, анан мен шаардан кетем». Ошондо аял Жойапка: «Азыр анын башы сага дубалдан ыргытылат», – деди.

    20:22 Анан аял бүт элге акылдуу сөздөрдү айтты. Алар Бихранын уулу Шебанын башын алып, Жойапка ыргытышты. Ошондо Жойап сурнай тартты, бардыгы өз чатырларына тарашты. Жойап болсо падышага, Иерусалимге кайтты.

    20:23 Жойап Ысрайылдын бүт аскеринин үстүнөн коюлду, Жойат уулу Беная керейликтер менен пелейликтердин үстүнөн коюлду.

    20:24 Адорам салык жыйноонун үстүнөн коюлган, Акилуттун уулу Жошапат – тарыхчы,

    20:25 Шеба – катчы, Абыйатар менен Садок – ыйык кызмат кылуучулар.

    20:26 Ошондой эле жариттик Ира Дөөткө ыйык кызмат кылуучу болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск