Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Yч жылга созулган ачарчылык

    21:1 Дөөттүн убагында ал жерде катары менен үч жыл ачарчылык болду. Дөөт Теңирден сурады. Теңир: «Бул ачарчылык Шабул үчүн жана анын кан ичкич эй-бүлөсү үчүн, ал гибондуктарды өлтүргөндүгү үчүн болду», – деди.

    21:2 Ошондо падыша гибондуктарды чакырып, алар менен сүйлөштү. Гибондуктар Ысрайыл тукумунан эмес, аморлуктардын калдыктарынан болчу. Ысрайылдыктар аларга ант беришкен, бирок Шабул Ысрайыл менен Жүйүт тукумун кызганып, аларды кыргысы келген.

    21:3 Дөөт гибондуктардан: «Теңирдин мурасына бата берүэңөр үчүн, Ысрайылды күнөөсүнөн арылтыш үчүн, силерге эмне кылышым керек?» – деп сурады.

    21:4 Гибондуктар ага: «Бизге Шабулдун күмүшүнүн да, алтынынын да кереги жок, анын үйүндөгү үч нерсесинин кереги жок. Ысрайылдыктардан үч кимди өлтүргүбүз келбейт», – деп жооп беришти. Ал: «Анда эмнени каалайсыңар? Мен аткарып берем», – деди.

    21:5 Алар падышага: «Бизди Ысрайылдын бир да жеринде калтырбоону каалаган, бизди өлтүрүп, тукум курут кылгысы келген ошол кишинин тукумунан бизге жети киши бер.

    21:6 Биз аларды Теңирдин алдында, Теңир тандап алган Шабулдун Гиба тоосунда дарга асабыз», – деп айтышты. Падыша: «Берем», – деди.

    21:7 Бирок падыша Шабулдун уулу Жонатанга Теңирдин алдында берген анты үчүн Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешетти аяп койду.

    21:8 Бирок падыша Шабулдун Айанын кызы Риспадан төрөлгөн эки уулун: Армоний менен Мепибешетти жана Шабулдун кызы Мейраптын мехолалык Барзелай уулу Адриелге төрөп берген беш уулун алып,

    21:9 аларды гибондуктардын колуна салып берди. Гибондуктар аларды тоодо, Теңирдин алдында асышты. Жетөө бирге өлдү. Алар өлгөн күн түшүм жыйноонун алгачкы күндөрү, арпа оруп-жыюу мезгилинин башталышы эле.

    21:10 Ошондо Айанын кызы Риспа зумбал алып, аны ошол тоодо алдына жайып, орок маалы башталгандан тартып, алардын үстүнө асмандан Кудайдын суулары төгүлгөнчө отурду. Ал аларга күндүз асман куштарын, түнкүсүн талаа жырткычтарын тийгизбеди.

    21:11 Шабулдун күң аялы – Айанын кызы Риспанын эмне кылганын Дөөткө билдиришти.

    21:12 Дөөт гилаттык Жабештин тургундарына барып, Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн алды. Жабештин тургундары алардын сөөгүн Бейт-Шан аянтынан жашыруун алып кетишкен. Пелиштиликтер Шабулду Гилбояда өлтүрүп, аларды ошол аянтка асып коюшкан.

    21:13 Дөөт ал жерден Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн алып келди. Дарга асылгандардын сөөгүн жыйнашты.

    21:14 Алар Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн Бенжемин жеринде, Сейлада, Шабулдун атасы Киштин мүрзөсүнө коюшту. Падыша кандай буйруса, баарын ошондой жасашты. Ошондон кийин Кудай өлкөгө ырайым кылды.

    Пелиштиликтер менен болгон согуш

    21:15 Ысрайыл менен пелиштиликтердин ортосунда кайрадан согуш болду. Дөөт өзүнүн кулдары менен чыгып, пелиштиликтер менен салгылашты. Дөөт алсырады.

    21:16 Ошондо репалыктардын тукумунан жаңы кылыч курчанган Жишпи деген киши Дөөттү сайып өлтүргүсү келди. Анын найзасынын салмагы үч жүз жез шекел эле.

    21:17 Бирок Дөөткө Серуянын уулу Абышай жардамга келип, пелиштилик кишини сайып өлтүрдү. Ошондо Дөөттүн кишилери мындай деп ант беришти: «Ысрайылдын чырагы өчпөш үчүн, мындан ары сен биз менен согушка чыкпайсың».

    21:18 Андан кийин Гобада пелиштиликтер менен кайрадан согуш болду. Ошондо хушалык Сипхай репалыктардын тукумунун бири болгон Сапты өлтүрдү.

    21:19 Гобада дагы салгылашуу болду. Ал салгылашууда бейт-лехемдик Жарей-Оргим уулу элханан токуучу куралдын баканындай найза көтөргөн гаттык Голийатты өлтүрдү.

    21:20 Гатта дагы салгылашуу болду. Ал салгылашууда колу менен бутунда алтыдан манжасы бар, бардыгы жыйырма төрт манжалуу, узун бойлуу репалыктардын тукумунан бир киши бар болчу.

    21:21 Ал ысрайылдыктарды шылдыңдады, бирок аны Дөөттүн агасы Шимейдин уулу Жонатан өлтүрдү.

    21:22 Бул төртөө Гаттагы репалыктардын тукумунан эле, алар Дөөттүн жана анын кулдарынын колунан каза табышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск