Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Куткаруучусу Теңирди мактап Дөөттүн ырдаган ыры

    22:1 Теңир Дөөттү бардык душмандарынын жана Шабулдун колунан куткарган күнү ал Теңирди мындай деп мактап ырдады:

    22:2 «Теңирим менин тирегим, сепилим, Куткаруучум.

    22:3 Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, коргоочум, баш паанам. Сен мени бардык жамандыктан куткарган Куткаруучумсуң!

    22:4 Табынууга татыктуу Теңирди чакырып, душмандарымдан кутулам.

    22:5 Мени өлүм толкуну курчап алды, мыйзамсыздыктардын агымы эрөйүмдү учурду.

    22:6 Мага өлгөндөр жаткан жайдын чынжырлары салынды, өлүмдүн торуна чалындым.

    22:7 Бирок мен кысталышта калганымда, Теңирди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал өзүнүн турагынан менин үнүмдү укту, зар-муңум Анын кулагына жетти.

    22:8 Жер силкинип термелди, асмандын негизи козголуп солкулдады, анткени Теңир каарданды.

    22:9 Анын таноосунан түтүн көтөрүлүп, оозунан баарын жалмап жиберчү от чыкты. Андан күйүп жаткан чоктор чачырап жатты.

    22:10 Асманды үңкейтип, Ал жерге түштү, Анын бут астында караңгылык жатты.

    22:11 Ал керуптардын үстүнө отуруп, шамалдын канатында учуп жөнөдү.

    22:12 Ал караңгылыкты өзүнө чатыр сыяктуу жабуу кылды, Ал асмандагы булут сууларын коюулантып, өзүнө чатыр кылды.

    22:13 Анын алдындагы жарыктан оттуу чоктор жалбырттап күйүп жатты.

    22:14 Асмандан Теңир күркүрөдү, Баарынан Жогору Турган эн салды.

    22:15 өзүнүн жебелерин тартып, аларды туш-тушка чачыратты. Чагылганды жарк эттирип, аларды жок кылды.

    22:16 Теңирдин коркунучтуу добушунан, Анын таноосунан чыккан демден деңиз булактары ачылып, ааламдын негиздери жылаңачтанды.

    22:17 Ал бийиктен колун сунуп, мени алды, мени чоң суулардан тартып чыгарды.

    22:18 Мени күчтүү душманымдан, менден күчтүү болгон жек көрүүчүлөрдөн куткарды.

    22:19 Алар мага башыма мүшкүл түшкөн күнү каршы чыгышты, бирок Теңир мага жөлөк болду.

    22:20 Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт.

    22:21 Теңир менин адилдигиме жараша тиешемди берди, колумдун тазалыгына жараша сыйлык берди.

    22:22 Анткени мен Теңирдин жолун сактадым, Кудайымдан четтеген жокмун.

    22:23 Анткени Анын бардык мыйзамдары менин алдымда, Анын көрсөтмөлөрүнөн четтеген жокмун.

    22:24 Мен Анын алдында таза элем, күнөө кылып албайын деп сактанчумун.

    22:25 Теңир өзүнүн көз алдындагы адилдигиме жараша, тазалыгыма жараша тиешемди берди.

    22:26 Боорукерге Сен боорукердик кыласың, адил адамга Сен адилет мамиле кыласың,

    22:27 тазага тазалыгына жараша, алдамчыга алдамчылыгына жараша мамиле кыласың.

    22:28 Сен эзилген адамдарды куткарасың, менменсингендерди өзүңдүн көз карашың менен кемсинтесиң.

    22:29 Теңир, Сен менин чырагымсың. Теңир менин караңгымды жарык кылат.

    22:30 Мен Сени менен аскерлерди талкалайм. Кудайым менен чепти ашып түшөм.

    22:31 Кудай! Анын жолу таза, Теңирдин сөзү таза, Ал – өзүнө таянгандардын баарына калкан.

    22:32 Теңирден башка Кудай барбы? Биздин Кудайдан башка сактоочу барбы?

    22:33 Кудай мага күч берет, мага түз жол салат.

    22:34 Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлерге чыгарат.

    22:35 Колумду согушка даярдайт, булчуңдарымды жез жаадай чоёт.

    22:36 Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин ырайымың мени жогору көтөрөт.

    22:37 Сен менин баса турган жолумду кеңейтесиң, ошондо тизелерим титиребейт.

    22:38 Душмандарымды кууп жетип, аларды жок кылам, аларды жок кылмайынча, артка кайтпайм.

    22:39 Аларды талкалайм, кырып жок кылам. Алар тура албай калышат, менин бут алдыма жыгылышат.

    22:40 Сен мага согушканга күч бердиң, мага каршы көтөрүлгөндөрдү бут алдыма жыгып бердиң.

    22:41 Душмандарымды менин көз алдымда артка чегинттиң. Мени жек көргөндөрдү кыйратып жатам.

    22:42 Алар чакырып жатышат, бирок алардын куткарары жок. Теңирге жалынып жатышат, бирок Ал аларды укпайт.

    22:43 Мен аларды топурактай чачам, аларды көчөдөгү баткактай ийлеп, тебелеп-тепсейм.

    22:44 Сен мени өз элимдин козголоңунан куткарып алдың. Сен мени бөтөн элдерге эл башчы кылыш үчүн сактадың. өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылып жатат.

    22:45 Бөтөн элдер менин алдымда жасакерленишет. Алар мен жөнүндө угуп эле мага баш ийишет.

    22:46 Бөтөн элдер кумсарып, өздөрүнүн сепилдеринде титиреп отурушат.

    22:47 Теңир тирүү, менин Тирегим даңкталсын! Мени куткарган Кудай даңазалансын.

    22:48 Мен үчүн өч алган, мага бөтөн элдерди багындырып берген Кудай,

    22:49 мени душмандарымдан куткарган Кудай даңкталсын! Мага каршы чыккандардын алдында Сен мени жогору көтөрдүң, мени катаал кишиден куткардың.

    22:50 Ошон үчүн, Теңир, сени даңктайм, бөтөн элдердин арасында Сенин ысымыңды даңктап ырдайм.

    22:51 Падышаны улуу жеңиш менен куткарган, өзүң майлаган Дөөткө жана анын укум-тукумуна түбөлүккө ырайым кылган Сени даңктап ырдайм!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск