Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Пабыл синедриондун алдында

    23:1 Пабыл синедрионду карап: «Агайын-туугандар! Мен ушул күнгө чейин Кудай алдында таза абийир менен жашап келдим», – деди.

    23:2 Башкы ыйык кызмат кылуучу Ханания Пабылдын жанында тургандарга аны оозго урууга буйрук берди.

    23:3 Ошондо Пабыл ага мындай деди: «Акталган дубал, сени Кудай урат! Мыйзам боюнча соттоо үчүн отурасың да, мыйзамды бузуп, мени урууга буйрук бересиң!»

    23:4 Ал жерде тургандар болсо: «Кудайдын башкы ыйык кызмат кылуучусуна тил тийгизесиңби?» – дешти.

    23:5 Пабыл аларга: «Агайын-туугандар, мен анын башкы ыйык кызмат кылуучу экенин билген эмесмин. Анткени Ыйык Жазууда: “үлиңдин башчыларына тил тийгизбе”, – деп жазылган», – деп жооп берди.

    23:6 Пабыл алардын бир тобу садукейлер, бир тобу фарисейлер экендигин билип, синедриондо үнүн бийик чыгарып: «Агайын-туугандар! Мен фарисеймин, фарисейдин уулумун. Мени өлгөндөрдүн тирилерине эмүттөнгөндүгүм үчүн соттоп жатышат», – деди.

    23:7 Ал ушул сөздү айткандан кийин, фарисейлер менен садукейлердин ортосунда талаш чыгып, эл экиге бөлүндү.

    23:8 Анткени садукейлер: «өлгөндөр тирилбейт, периште деген да, рух деген да жок», – дешет. Фарисейлер болсо өлгөндөр тирилерине, периштелер да, рухтар да бар экендигине ишенишет.

    23:9 Ошентип, катуу уруш-талаш башталды. Фарисейлер тараптан мыйзам окутуучулар орундарынан туруп: «Биз бул адамдан үч кандай айып таппай жатабыз. эгерде ага рух же периште сүйлөгөн болсочу? Кудайга каршы чыкпайлы!» – дешти.

    23:10 Талаш күчөй бергендиктен, миң башы Пабылды тытып жок кылышпасын деп коркуп, аскерлерине: «Барып, Пабылды элдин ортосунан алып чыккыла да, аскерлер үйүнө алып баргыла», – деп буйрук берди.

    23:11 үртеси түн ичинде ага Теңир келип: «Кайраттан, Пабыл, анткени Иерусалимде Мен жөнүндө кандай күбөлөндүрсөң, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек», – деди.

    Жүйүттөрдүн Пабылга каршы чыгышы

    23:12 Таң атканда бир нече жүйүт өз ара сүйлөшүп, Пабылды өлтүрмөйүнчө, үч нерсе жебөөгө жана ичпөөгө ант беришти.

    23:13 Ант бергендердин саны кырктан ашык болчу.

    23:14 Алар башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга келип: «Биз Пабылды өлтүрмөйүнчө, үч нерсе жебейбиз деп ант бердик.

    23:15 Ошондуктан силер азыр синедрион менен бирдикте миң башыдан: “Пабылдын ишин толугу менен карап чыгабыз. Ошондуктан эртең аны бизге чыгарып бер”, – деп сурангыла. Биз болсо аны бул жерге жакындай элегинде эле өлтүрүүгө даяр болуп турабыз», – дешти.

    23:16 Алардын бул арам оюн Пабылдын жүэни угуп калып, аскерлер үйүнө барып, Пабылга билдирди.

    23:17 Пабыл жүз башылардын бирин чакырып: «Бул жигитти миң башыга алып барчы, анткени мунун ага айта турган сөзү бар экен», – деди.

    23:18 Тиги аны миң башыга эүрчитип барды да: «Туткун Пабыл мени чакырып, бул жигитти сага алып келүүмдү өтүндү, мунун сага айта турган сөзү бар экен», – деди.

    23:19 Миң башы жигитти колунан кармап, четке чыгарды да: «Мага айта турган кандай сөзүң бар?» – деп сурады.

    23:20 Жигит ага: «Жүйүттөр Пабылдын ишин толугу менен карап чыгабыз демиш болуп, аны эртең синедриондун алдына чыгарып берүэңдү өтүнүүгө макулдашышты.

    23:21 Бирок сен алардын өтүнүчүнө макул болбогун, анткени Пабылды алардын кырктан ашык адамы аңдып турат. Алар аны өлтүрмөйүнчө, үч нерсе жебөөгө жана ичпөөгө ант беришти. Азыр алар сенин буйругуңду күтүп, даяр турушат», – деди.

    23:22 Ошондо миң башы: «Бул жөнүндө мага билдиргендигиңди үч кимге айтпа», – деп, жигитти коё берди.

    Пабылдын Кейсареяга жөнөтүлүшү

    23:23 Анан ал жүз башылардан экөөнү чакырып: «Түнкү үчүнчү саатка эки жүз жөө аскерди, жетимиш атчанды жана эки жүз аткычты Кейсареяга барууга даярдагыла.

    23:24 Пабылды мингизип, башкаруучу Феликске аман-үсен жеткириш үчүн, унаа да даярдагыла», – деп буйрук берди.

    23:25 Анан мындай мазмундагы кат жазды:

    23:26 «Урматтуу башкаруучу Феликске Клавдий Лусийден салам!

    23:27 Бул адамды жүйүттөр кармап алып, өлтүрмөкчү болуп жатышыптыр. Мен анын Римдин атуулу экендигин билип, аскерлер менен барып, куткарып алдым.

    23:28 Андан кийин эмне үчүн айыптап жатышкандыгын билгим келип, аны өздөрүнүн синедрионуна алып бардым.

    23:29 Аны өздөрүнүн мыйзамына байланыштуу талаш пикирлер боюнча айыптап жатышкандыгын, бирок анын өлүм жазасына тарткыдай же кишендегидей күнөөсү жок экендигин билдим.

    23:30 Ошол учурда мен жүйүттөрдүн бул адамга карата арам оюн билип калып, аны дароо сага жибердим. Айыптоочуларга да ага карата нааразычылыктарын сенин алдыңда айтуусун буйрук кылдым. Саламатта бол».

    23:31 Ошентип, аскерлер өздөрүнө берилген буйрук боюнча Пабылды түн ичинде Антипатрис шаарына жеткиришти.

    23:32 үртеси күнү жөө аскерлер аны атчандар менен жөнөтүп жиберип, аскерлер үйүнө кайтып келишти.

    23:33 Атчандар болсо Кейсареяга келип, башкаруучуга катты беришти. Пабылды да ага тапшырышты.

    23:34 Башкаруучу катты окуп чыккандан кийин, Пабылдын кайсы дубандан экендигин сурады. Анын Киликия дубанынан экендигин билгенден кийин:

    23:35 «Мен сени айыптоочуларың келгенде угам», – деди. Анан аны Ироддун сарайында кайтарууга буйрук берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск