Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Пабыл Феликстин алдында

    24:1 Беш күндөн кийин башкы ыйык кызмат кылуучу Ханания аксакалдарды жана Тертул деген жактоочуну алып, башкаруучуга келди. Алар Пабылга каршы арызданышты.

    24:2 Пабыл чакыртылып келгенде, Тертул аны мындай деп айыптай баштады:

    24:3 «Улуу урматтуу Феликс, ушул өлкөдөгү тынчтык үчүн жана өзүңдүн камкордугуң менен ушул эл жакшы жашап жаткандыгы үчүн, биз сага милдеттүү экенибизди ар убакта, бардык жерде ыраазычылык менен мойнубузга алабыз.

    24:4 Сени көпкө кармабайлы. өзүңө мүнөздүү болгон ырайымдуулугуң менен бизге бир аз кулак салып коюуңду өтүнөм.

    24:5 Биз бул адамды коомдун тынчын алуучу, бүт дүйнө жүзүндө жашаган жүйүттөр арасында козголоң чыгаруучу жана назареттик жалган окутуунун өкүлү деп таптык.

    24:6 Ал ийбадаткананы булгаганга да аракет кылды. Биз аны кармап алып, өзүбүздүн мыйзамыбыз боюнча соттогону жатканбыз.

    24:7 Бирок миң башы Лусий келип, аны биздин колубуздан күч менен тартып алып, сага жиберди.

    24:8 Анын айыптоочулары – бизди да сага барууга буйруду. Аны айыптап жатканыбыздын себебин өзүнөн сурап бил».

    24:9 Жүйүттөр да ага кошулуп, ал жөнүндө айтылган сөздөрдүн баарын туура деп ырасташты.

    24:10 Башкаруучу колу менен белги бергенде, Пабыл мындай деп сүйлөй баштады: «Сенин бул элге көп жылдан бери сот жүргүзүп келе жаткандыгыңды билгендигимден улам, мен өз ишимди эркин коргой аламын.

    24:11 өзүң билип алсаң болот, Кудайга табынуу үчүн Иерусалимге келгениме он эки күндөн аша элек.

    24:12 Ыйык жайда болобу, синагогада болобу, шаарда болобу, алар менин бирөө менен талашып-тартышканымды же эл арасында козголоң чыгарганымды көрүшкөн жок.

    24:13 Азыр койгон айыптарын да далилдей алышпайт.

    24:14 Бирок алар жалган деп эсептеген окутуу боюнча мен, чын эле, ата-бабаларымдын Кудайына кызмат кыларымды, «Тооратта» жана «Пайгамбарлар» китебинде жазылгандын бардыгына ишенеримди сенин алдыңда мойнума алам.

    24:15 Мен да алар сыяктуу эле, адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет деп, Кудайдан эмүттөнөм.

    24:16 Ошондуктан Кудай алдында да, адамдар алдында да абийирим таза болушу үчүн, ар дайым аракет кылам.

    24:17 Мен өз элиме жардам жана курмандыктарды жеткирип берүү үчүн, бир нече жылдан кийин Иерусалимге келдим.

    24:18 Асиялык жүйүттөр мени ийбадатканада тазалануу расмисинен өтүп жаткан жеримден көрүштү. Жанымда эл жок болчу, үч кандай ызы-чуу да болгон эмес.

    24:19 үгерде ошол асиялык жүйүттөрдүн мага карата нааразычылыгы болсо, анда алар сенин алдыңа келип, мени айыптоолору керек эле.

    24:20 Же болбосо бул жердегилер да синедриондун алдында турганымда менден кылмыш табышкан болсо, анда айтып беришсин.

    24:21 Болгону, мен алардын арасында турганымда үнүмдү катуу чыгарып, “Силер мени бүгүн өлгөндөрдүн тириле тургандыгы жөнүндөгү окутуу үчүн айыптап жатасыңар” дегем».

    24:22 Муну укканда, бул окутуу жөнүндө толук маалыматы бар Феликс аларга: «Мен силердин ишиңерди миң башы Лусий келгенде териштирем», – деп, тергөө ишин кийинкиге калтырды.

    24:23 Жүз башыга болсо Пабылды камакка алууну, бирок кысымга албоону жана жакындарынын үч биринин ага кам көрүп туруусуна же келүүсүнө тыюу салбоону буйрук кылды.

    Пабылдын эки жыл түрмөдө отурушу

    24:24 Бир нече күндөн кийин Феликс өзүнүн жүйүт аялы Друзила менен келди да, Пабылды чакыртып алып, Машайак Ыйсага болгон ишеним тууралуу укту.

    24:25 Пабыл адилеттик, өзүн өзү тыюу жана келечектеги сот тууралуу айта баштаганда, Феликсти коркунуч басты. Ошондуктан ал: «Азыр бара бер, убакыт болгондо өзүм чакыртып алам», – деди.

    24:26 Ошол эле учурда Феликс Пабылдан бошонуш үчүн акча берет деп эмүттөнгөндүктөн, аны тез-тез чакыртып алып, сүйлөшүп турду.

    24:27 үки жылдан кийин Феликстин ордуна Поркий Фест келди. Жүйүттөргө жаккысы келген Феликс Пабылды түрмөдө калтырды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск