Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    26:1 Агрипа Пабылга: «өзүңдү коргоп сүйлөөгө уруксат берилет», – деди. Ошондо Пабыл колун жогору көтөрүп, өзүн коргоп мындай деп сүйлөй баштады:

    26:2 «Агрипа падыша! Жүйүттөрдүн мага койгон айыптарына каршы бүгүн сенин алдыңда коргоно ала турганым үчүн, өзүмдү бактылуу эсептеймин.

    26:3 Анткени сен жүйүттөрдүн бардык каада-салттарын жана талаш суроолорун билесиң. Ошондуктан мага чыдамкайлык менен кулак салууңду өтүнөмүн.

    26:4 Менин Иерусалимдеги өз элимдин арасында өткөргөн жаш чагымдан берки жашоомду бүт жүйүттөр билишет.

    26:5 Алар мен жөнүндө көптөн бери билишет, ошондуктан, эгерде каалашса, биздин ишенимибиз жөнүндөгү окутууну бекем туткан фарисей болгонумду күбөлөндүрүп беришсин.

    26:6 Кудайдын ата-бабаларыбызга берген убадасына эмүттөнгөнүм үчүн, мен бүгүн соттун алдында турамын.

    26:7 Он эки уруубуз Кудайга күнү-түнү тырышчаактык менен кызмат кылып, ошол убаданын аткарылышын көрүүгө эмүттөнүп жүрүшөт. Ошол эмүт үчүн, падыша Агрипа, жүйүттөр мени айыптап жатышат.

    26:8 үмне үчүн силер Кудайдын өлгөндөрдү тирилтерин акылга сыйбаган нерсе деп эсептейсиңер?

    26:9 Чындыгында, мен да назареттик Ыйсанын ысымына каршы күрөшүшүм керек деп ойлочумун.

    26:10 Ошол оюмду мен Иерусалимде иш жүзүнө ашырдым: башкы ыйык кызмат кылуучулардан уруксат алып, көптөгөн ыйыктарды түрмөгө камадым, аларды өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарып жатышканда, добуш бердим.

    26:11 Синагогалардын баарын кыдырып, Ыйсага ишенгендерди кыйнап, Ыйсага акарат айттырууга аракет кылдым. Аябай ачууланып, аларды башка шаарларда да куугунтуктадым.

    26:12 Ошол максат менен, башкы ыйык кызмат кылуучулар тарабынан берилген укук жана тапшырма менен Дамаскка бара жатканда,

    26:13 жолдо, Агрипа падыша, чак түштө асмандан бир жарык түшүп, менин жана жанымдагылардын айланасын жаркыратты. Ал жарык күндүн жарыгынан да жарык эле.

    26:14 Баарыбыз жерге жыгылдык. Ошондо “Шабыл, Шабыл! эмне үчүн Мени кубалап жатасың? Учтуу таякка каршы тура албайсың” деп, эврей тилинде сүйлөгөн эндү уктум.

    26:15 Мен: “Сен кимсиң, Теңир?” – деп сурадым. Ал мага: “Сен кубалап жаткан Ыйсамын.

    26:16 Ордуңан тургун. Менин сага көрүнгөндүгүмдүн себеби мындай: Мен сени кызматчы кылам, сен өзүң көргөн нерселерди гана эмес, Мен көрсөтө турган нерселерди да күбөлөндүрөсүң.

    26:17 Сени жүйүт элинин жана бутпарастардын колунан куткарып алам да,

    26:18 алар көздөрү ачылып, караңгылыктан жарыкка жана шайтандын бийлигинен баш тартып, Кудайга бурулушу үчүн, Мага ишенүү аркылуу күнөөлөрү кечирилип, ыйыктар менен бирге мураска эү болушу үчүн, Мен азыр сени аларга жиберем”, – деп жооп берди.

    26:19 Ошон үчүн, Агрипа падыша, мен асмандан болгон ошол көрүнүшкө каршы чыккан жокмун.

    26:20 Тескерисинче, адегенде Дамасктын жана Иерусалимдин тургундарына, андан кийин бүтүндөй Жүйүт аймагына жана бутпарастарга: “Тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла, тобо кылганыңарга ылайык иштерди кылгыла”, – деп насааттап жүрдүм.

    26:21 Ошон үчүн жүйүттөр мени ийбадатканадан кармап алып, өлтүрүүгө аракет кылышты.

    26:22 Бирок Кудайдын жардамы менен мен бүгүнкү күнгө чейин Муса пайгамбардын жана башка пайгамбарлардын айткандарын гана,

    26:23 атап айтканда, Машайактын азап чегип өлүп, өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилип, жүйүт элине жана бутпарастарга жарык жөнүндө жарыялаганын гана улуу-кичүү дебей, баарына күбөлөндүрүп келе жатам».

    26:24 Пабыл өзүн коргоп сүйлөп жатканда, Фест катуу эн менен: «Акылыңдан адашып жатасың, Пабыл! Көп билгендигиң сени акылыңдан адаштырып жатат», – деди.

    26:25 «Жок, урматтуу Фест, – деди Пабыл, – акылымдан адашкан жокмун, тескерисинче, чындыкты жана туура сөздөрдү айтып жатамын.

    26:26 Бул жөнүндө падыша билет, ошондуктан мен анын алдында кайраттуулук менен сүйлөп жатам. Ушул нерселердин үч бири андан жашыруун эмес экендигине мен толук ишенемин, анткени бул окуялар бир бурчта эле болуп өткөн эмес.

    26:27 Агрипа падыша, сен пайгамбарларга ишенесиңби? Ишенериңди билем».

    26:28 Ошондо Агрипа Пабылга: «Бир аз убакыттан кийин сен мени машайакчы болууга көндүргүң бар го!» – деди.

    26:29 Пабыл ага: «Аз убакыттан кийинби, көп убакыттан кийинби, сен гана эмес, бүгүн мени угуп жаткандардын бардыгы мен сыяктуу болушуңарды Кудайдан өтүнөр элем. Бирок мендей болуп кишенделишиңерди каалабайм», – деп жооп берди.

    26:30 Пабыл ушул сөздөрдү айтканда, падыша, башкаруучу, Бернике жана алардын жанында отургандар орундарынан турушту да,

    26:31 четке чыгып, өз ара мындай деп сүйлөшүштү: «Бул адамдын өлүм жазасына тарткыдай же кишендегидей кылмышы жок экен».

    26:32 Ошондо Агрипа Фестке: «Рим падышасынын өкүмүн талап кылбаганда, аны бошотууга болор эле», – деди. Ошондуктан башкаруучу аны падышага жиберүүнү чечти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск