Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Римге жол тартуу

    27:1 Италияга кеме менен сүзүп бара тургандыгыбыз чечилгенден кийин, Пабылды жана бир нече туткунду Августтун аскер бөлүгүнүн Улий деген жүз башысынын колуна тапшырышты.

    27:2 Адрамиттик кемеге түшүп, жолго чыктык, ал кеме Асиядагы кемелер туруучу жайдын жанынан өтмөк. Тесалоникадан келген македониялык Аристарх биздин жаныбызда эле.

    27:3 үртеси күнү Сидон шаарына токтодук. Улий Пабылга адамгерчилик кылып, досторуна барып келүүгө жана алардан жардам алууга уруксат берди.

    27:4 Ал жерден чыгып, Кипрге келдик, анткени шамал бизге каршы согуп жаткан эле.

    27:5 Киликия менен Памфилиянын жанынан сүзүп өтүп, Ликия аймагындагы Мира шаарына келдик.

    27:6 Ошол жерден жүз башы Италияга бара турган александриялык бир кемени таап, бизди ошого отургузду.

    27:7 Бир нече күн жай сүзүп жүрүп отуруп, зор кыйынчылык менен Кинит шаарына жеттик. Шамал бизге каршы согуп, жолубузду улантууга мүмкүн болбогондуктан, Салмон тумшугунун жанындагы Крит аралына сүзүп келдик.

    27:8 Анын жанынан да кыйынчылык менен өтүп, Ласая шаарынын жанындагы «Кемелер токтоочу жакшы жай» деген жерге келдик.

    27:9 Бир топ убакыт өтүп, орозо маалы да бүтүп калган эле. Сууда сүзүү коркунучтуу болуп калгандыктан, Пабыл аларга:

    27:10 «Кулак салгылачы! Мындан ары жол жүрүү жүк менен кемеге гана зыян алып келбестен, өмүрүбүз үчүн да коркунуч туудурат», – деп эскертти.

    27:11 Бирок жүз башы Пабылдын сөзүнө караганда, кеменин бургучун башкаруучу менен кеме башчысына көбүрөөк ишенди.

    27:12 Кеме токтоочу жай кыштоого ылайыксыз болгондуктан, кемедегилердин көпчүлүгү: «Бул жерден чыгалы, эгерде мүмкүн болсо, түштүк-батыш жана түндүк-батыш шамалынан далдаа жайгашкан Криттин кеме токтоочу жайы Финикке жетип, ошол жерде кыштайлы», – деп кеңеш беришти.

    Бороон

    27:13 Түштүк шамалы сого баштаганда, алар тилегибизге жеттик деп ойлоп, Критти жүүктеп сүзүп жөнөштү.

    27:14 Бирок тез эле «түндүк-чыгыш шамалы» деп аталган катуу шамал башталды.

    27:15 Шамал катуу болгондуктан, кеме шамалга туруштук бере албай калды. Ошентип, биз шамал айдаган жакка бара жаттык.

    27:16 Кабуда деген бир кичинекей аралдын жанынан өткөндө, биз кеменин кайыгын араң кармап калдык.

    27:17 Кайыкты кеменин үстүнө чыгаргандан кийин, кемени тегерете жоон аркан менен курчадык да, кумга сайылып калуудан коркуп, парусту түшүрүп, калкып жүрө бердик.

    27:18 Шамал күчөй бергендиктен, эртеси күнү кемедеги жүктү ыргыта баштадык.

    27:19 Ал эми үчүнчү күнү өз колубуз менен кеменин жабдуусун ыргыттык.

    27:20 Бир нече күн бою күн да, жылдыздар да көрүнгөн жок, шамал болсо күчөгөндөн күчөй берди. Ошондо биздин аман калууга болгон эмүтүбүз эзүлө баштады.

    27:21 Кемедегилер көп күндөн бери тамактаныша элек эле. Пабыл ортого чыгып, мындай деди: «үркектер! Менин кеңешимди уксаңар болмок. Криттен чыкпай коё турганда, мындай кыйынчылыктарга учурамак эмеспиз, зыян да тартмак эмеспиз.

    27:22 Азыр болсо силерди кайраттанууга чакырам, анткени бирөөңөр да өлбөйсүңөр, кеме гана кыйрайт.

    27:23 Мен таандык болгон, мен кызмат кылган Кудайдын бир периштеси ушул түнү мага келип:

    27:24 “Коркпо, Пабыл! Сен Рим падышасынын алдына барышың керек. Сени менен бирге кемеде бара жаткандардын бардыгын Кудай сага берди”, – деди.

    27:25 Ошондуктан, эркектер, кайраттангыла! Анткени мен Кудайга ишенемин, мага кандай айтылса, ошондой болот.

    27:26 Биз бир аралга туш болобуз».

    27:27 Биз Адрия деңизинде шамалга айдалып бара жатканыбызга он төрт күн болгондо, түн ортосуна жакын, кемечилер кургактыкка жакындап калышканын билишти.

    27:28 Ошондо алар суунун тереңдигин өлчөп, анын жыйырма саржан экендигин билишти. Бир аз жылгандан кийин, дагы бир жолу өлчөп көрүп, он беш саржан экендигин билишти.

    27:29 Аскага урунуудан коркуп, кеменин арткы бөлүгүнөн төрт оор кайырмак темирди сууга түшүрүштү да, таңдын атышын күтүштү.

    27:30 Кемечилер кемени таштап качмакчы болушту. Алар кеменин тумшук жагынан оор кайырмак темирлерди сууга түшүрүмүш болуп, деңизге кайыкты түшүрө башташты.

    27:31 Пабыл жүз башыга жана аскерлерге мындай деди: «үгерде кемечилер кемеде калышпаса, анда силер аман калбайсыңар».

    27:32 Ошондо аскерлер кайыкты байлап түшүргөн жиптерди кесип жиберишти, кайык сууга түшүп кетти.

    27:33 Таңга маал Пабыл бардыгын тамактанып алууга чакырып: «Кабатыр болуп жатканыңарга бүгүн он төрт күн болот, үч нерсе да жей элексиңер.

    27:34 Аман калышыңар үчүн, тамактанып алгыла. үч бириңердин башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт», – деди.

    27:35 Ушул сөздөрдү айткандан кийин, нан алып, бардыгынын алдында Кудайга ыраазычылык билдирди да, нанды сындырып, жей баштады.

    27:36 Ошондо бардыгы кайраттанып, тамактанууга киришишти.

    27:37 Кемеде бардыгы болуп эки жүз жетимиш алты киши элек.

    27:38 Тамактанып бүткөндөн кийин, буудайды деңизге таштап, кемени жеңилдете башташты.

    Кеменин кыйрашы

    27:39 Таң атканда, алар жүүги кумдуу бир булуңду гана көрүштү, бирок кайсы жерге келишкенин билишкен жок. Ошондо алар жүүкке чыгууга аракет кылууну чечишти.

    27:40 Оор кайырмак темирлерди чечип, деңизге таштап салышты. Анан кеменин байланган бургучтарын чечип, кичинекей парусту шамалга тосуп, жүүкти көздөй сүзүп жөнөштү.

    27:41 Сүзүп бара жатып, бир саяң жерге туш болушту, кеме кумга сайылып калды. Кеменин тумшугу кумга тыгылып, жылбай калды, ал эми арткы бөлүгү толкундун күчү менен талкаланды.

    27:42 Туткундардын үч бири сүзүп качып кетпеш үчүн, аскерлер аларды өлтүрүп салууну чечишти.

    27:43 Бирок жүз башы Пабылды аман алып калууну каалагандыктан, буга жол берген жок. Ал сүзгөндү билгендерге кемеден биринчилерден болуп секирип түшүп, жүүкке чыгууну буйруду.

    27:44 Калгандарга болсо тактайлар менен, кеменин сыныктары менен кургактыкка чыгууну буйруду. Ошентип, бардыгы аман-үсен кургактыкка чыгышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск