Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Иерусалимдин күнөөлөрү

    22:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    22:2 «Адам уулу, сен соттогуң келеби, кандуу шаарды соттогуң келеби? Ага анын бардык жийиркеничтүү иштерин айт.

    22:3 Ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Оо, өз мезгили келиши үчүн, өз ичинде кан төккөн шаар, өзүн булгаш үчүн, жасалма кудайларды жасаган шаар!

    22:4 Сен өзүң төккөн кан менен өзүңдү күнөөлүү кылдың, өзүң жасаган жасалма кудайлар менен өзүңдү булгадың, өзүңдүн күндөрүңдү жакындаттың, жазалана турган жылыңа жеттиң. Ошон үчүн сени бүт элдердин, бүт өлкөлөрдүн колуна салып берем, алар сени кордошот, шылдың кылышат.

    22:5 Сага жакын тургандар да, сенден алыс тургандар да сени шылдыңдашат, өзүнүн ысымын булгаган, кан төгүү менен атагы чыккан шаар.

    22:6 Сенин ичиңде өз күчүнө жараша кан төккөн Ысрайылдын башчылары болгон.

    22:7 Сенде атасы менен энесине тил тийгизишет, сенин ичиңде келгиндерди ыза кылышат, сенде жетим менен жесирди кысымга алышат.

    22:8 Менин ыйык жайымды жек көрөсүң, ишембилеримди ыйык тутпайсың.

    22:9 Кан төгүш үчүн, сенде жалаа жабуучулар бар, сенин тоолоруңда жасалма кудайларга чалынган курмандыктарды жешет, сенин ичиңде ыпылас иштерди кылышат.

    22:10 Сенде атасынын жылаңач этин ачышат, сенде аялын тазаланып жаткан убагында зордукташат.

    22:11 Бири өз жакынынын аялы менен жийиркеничтүү иш кылат, бири өз келинин булгайт, бири өз атасынын кызын, өз карындашын зордуктайт.

    22:12 Кан төгүү үчүн, сенин ичиңде пара алышат. Сен үстөк алыш үчүн бересиң, ашыгы менен аласың, жакыныңдан зордук менен пайда табасың, Мени болсо унутуп койдуң, – дейт Кудай-Теңир.

    22:13 Мен сенде болуп жаткан ач көздүк үчүн, сенин ичиңде болуп жаткан кан төгүү үчүн колумду серпип жибердим.

    22:14 Мен сага каршы чыккан күндөрү жүрөгүң туруштук бере алар бекен, колдоруң бекем болор бекен? Мен, Теңир, айтканымды жасайм.

    22:15 Сени элдердин арасына чачып жиберем, жер-жерлерге сапырып жиберем, ошентип, сенин ичиңдеги жийиркеничтериңди жок кылам.

    22:16 үлдердин алдында сен өзүңдү өзүң жек көрүндү кыласың, ошондо Менин Теңир экенимди билесиң”».

    үритүүчү меш жөнүндө

    22:17 Анан мага Теңирден сөз болду:

    22:18 «Адам уулу! Мен үчүн Ысрайыл тукуму ширенди болуп калды. Алардын баары – мештин ичиндеги калай, жез, темир жана коргошун, алар күмүштүн ширендиси болуп калышты.

    22:19 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Баарыңар ширенди болуп калганыңар үчүн Мен силерди Иерусалимге чогултам.

    22:20 Мешке күмүштү, жезди, темирди, коргошунду жана калайды кандай чогуу салышса, от үйлөп, кандай эритишсе, Мен да силерди өзүмдүн каарым менен, ачуум менен чогултуп, мешке салып эритем.

    22:21 Силерди чогултуп туруп, үстүңөргө өзүмдүн каарымдын отун үйлөйм, ошондо силер ошол оттун ичинде эрийсиңер.

    22:22 Мештин ичинде күмүш кандай эрисе, силер да оттун ичинде ошондой эрийсиңер. Ошондо силерге өз каарымды чачкан Мен, Теңир, экенимди билесиңер”».

    Ысрайыл төрөлөрүнүн күнөөлөрү

    22:23 Анан мага Теңирден сөз болду:

    22:24 «Адам уулу! Ага айт: “Сен тазаланбаган жерсиң, Мен каарымды төккөн күнү жамгыр менен сугарылбай калган жерсиң!”

    22:25 Анын ичиндеги анын пайгамбарларынын уюму өзүнүн олжосун тыткылаган, айкырган арстандай. Алар адамдарды жешет, мал-мүлктү, кымбат баалуу буюм-тайымдарды талап-тоношот, жесирлердин санын көбөйтүшөт.

    22:26 Анын ыйык кызмат кылуучулары Менин мыйзамымды бузуп жатышат, Менин ыйык жайларымды булгап жатышат, ыйыкты ыйык эместен айырмалашпайт, таза менен таза эместин айырмасын көрсөтүшпөйт, Менин ишембилериме көздөрүн жуумп коюшкан, алар Мени барк албай калышты.

    22:27 Анын төрөлөрү пайда табыш үчүн кан төккөн, киши өлтүргөн, олжону тыткан карышкырлардай.

    22:28 Анын пайгамбарлары болсо баарын ылай менен шыбашат, жок нерсени көрүшөт, аларга алдын ала жалганды айтышат, Теңир айтпаса да, “Кудай-Теңир мындай дейт”, – дешет.

    22:29 Ал эми карапайым адамдар бири-бирин эзишет, жарды менен кедейди талап-тоношот, кысымга алышат, келгинди адилетсиз эзишет.

    22:30 Мен бул жерди кыйратпаш үчүн, алардын ичинен дубал кура турган, Менин алдымда ушул жер үчүн жаракада тура турган адам издедим, бирок тапкан жокмун.

    22:31 Ошондуктан Мен аларга каарымды төгөм, аларды өз каарымдын оту менен кырам, аларды жолдоруна жараша жазалайм», – дейт Кудай-Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск