Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Айола менен Айолиба жөнүндө

    23:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    23:2 «Адам уулу! Бир эненин кыздары болгон эки аял бар эле.

    23:3 Алар Мисирде бузуктук кылышты, жаш чагынан бузуктук кылышты. Ошол жерде алардын төштөрү эзилди, ошол жерде алардын эркек тийбеген төштөрүнүн түймөлөрүн эзишти.

    23:4 Алардын ысымдары: эжесинин ысымы Айола, ал эми сиңдисиники Айолиба эле. Алар Менин кыздарым эле, алар уулдарды жана кыздарды төрөштү. Айола Самария деп, Айолиба Иерусалим деп аталчу.

    23:5 Айола Мени таштап, бузуктук кыла баштады. Ойношторуна, кошуналары болгон ашурлуктарга, кумарын арттырды.

    23:6 Алар жакут түстүү кездемеден кийим кийген дубан башчылары жана шаар башчылары, ат үстүндө жүргөн жаш, сулуу жигиттер эле.

    23:7 Ашур уулдарынын тандамал жигиттери менен ыксыз бузуктук кылды, кимге гана кумарын арттырбасын, ошонун бүт жасалма кудайлары менен өзүн булгады.

    23:8 Мисирликтер менен бузуктук кылганын да токтотподу, анткени алар аны менен жаш чагында жатышкан, анын эркек тийбеген төштөрүнүн түймөлөрүн эзип, аны менен өздөрүнүн кумарын кандырышкан.

    23:9 Ошон үчүн Мен аны өзүнүн кумарын арттырган ойношторунун – Ашур уулдарынын колуна салып бердим.

    23:10 Алар анын жылаңач этин ачып, анын уулдары менен кыздарын алып кетишти, өзүн болсо кылычтап өлтүрүштү. Ошентип, ал аялдар арасында маскара болду, аны өлүм жазасына тартышты.

    23:11 Анын сиңдиси Айолиба муну көрүп, өзүнүн кумарын андан бешбетер арттырды, анын бузуктугу эжесинин бузуктугунан ашып түштү.

    23:12 Ал Ашур уулдарына – дубан башчыларына, шаар башчыларына, кошуналарына, жакшы кийинген, ат минген атчандарга, ат чапкандарга, тандамал жигиттерге кумарын арттырды.

    23:13 Мен анын өзүн булгаганын, экөөнүн тең жолу бир экенин көрдүм.

    23:14 Айолиба өзүнүн бузуктугун дагы арттырды, анткени дубалдын бетине чегилген эркектерди,

    23:15 белдерине кур байлаган, баштарына баш кийим кийген, кебетелери болсо Каздим жеринде төрөлгөн Бабыл уулдарына окшош аскер башчыларын, дубалдын бетине боёк менен тартылган каздимдерди көрдү.

    23:16 Ал аларды бир көргөндө ашык болуп, аларга, Каздим жерине элчилерди жөнөттү.

    23:17 Ошондо Бабыл уулдары анын ойноштук төшөгүнө келишти, өздөрүнүн бузуку иштери менен аны булгашты, ал өзүн алар менен булгады, анан алардан жаны жийиркенди.

    23:18 Ал өзүнүн бузуку иштерине ачык берилип кетип, өзүнүн жылаңач этин ачканда, Менин жаным анын эжесинен кандай жийиркенсе, Менин жаным андан да ошондой жийиркенди.

    23:19 Ал Мисир жеринде, жаш чагында бузуктук кылган күндөрүн эсине түшүрүп, бузуку иштерин арттыра берди.

    23:20 Денеси эшектикиндей болгон, кумары айгырдыкындай болгон ойношторуна кумарын арттыра берди.

    23:21 Ошентип, сен өзүңдүн жаш кездеги бузуктугуңду, мисирликтер сенин эркек тийбеген төшүңдүн түймөлөрүн эзген учурду эсиңе түшүрдүң».

    23:22 Ошондуктан, Айолиба, Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сенин жаның жийиркенген ойношторуңду сага каршы козгойм, аларды туш-туштан сага каршы алып келем:

    23:23 Бабыл уулдарын жана бүт каздимдерди, Пекотту, Шоаны, Коаны, алар менен бирге Ашурдун бүт уулдарын – сымбаттуу жаш жигиттерди, дубан башчыларын жана шаар башчыларын, мансаптуу жана атактуу кишилерди, бардык мыкты атчандарды сага каршы алып келем.

    23:24 Алар сага каршы курал-жарак менен, аттары жана майдан арабалары менен, туулга, калкан, соот кийген сансыз кол менен келишет; сени тегеректеп, ортого алышат. Сени алардын сотуна берем, алар сени өз соту менен соттошот.

    23:25 Мен өзүмдүн кызганычымды сага каршы бурам, ошондо сени аёосуз жазалашат: Сенин кулагың менен мурдуңду кесишет, ал эми сенин калдыгың кылычтан өлөт. Уулдарың менен кыздарыңды алып кетишет, ал эми калган элиңди от жалмайт.

    23:26 Yстүңдөгү кийимдериңди чечип кетишет, жасалгаларыңды алып кетишет.

    23:27 Ошентип, сенин Мисир жеринен алып келген аягы суюктугуңду, бузуктугуңду токтотом. Ошондон кийин сен аларга көзүңдү бурбай каласың, Мисир жөнүндө үстебей каласың».

    23:28 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мына, Мен сени өзүң жек көрүп калгандардын колуна, жаның жийиркенгендердин колуна берем.

    23:29 Алар сага жек көрүү менен мамиле кылышып, эмгектенип тапканыңдын баарын алып кетишет, өзүңдү жабуусуз, жылаңач калтырышат, ошондо жийиркеничтүү жылаңачтыгың да, бузуктугуң да, аягы суюктугуң да айгине болот.

    23:30 үлдер менен ойноштук кылып, алардын жасалма кудайлары менен өзүңдү булгагандыгың үчүн сага ушундай болот.

    23:31 Сен эжеңдин жолу менен жүрдүң. Ошон үчүн анын чөйчөгүн сенин колуңа берем.

    23:32 Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен эжеңдин чуңкур, чоң чөйчөгүнөн ичесиң, анын чоң сыйымдуулугуна жараша шылдыңга каласың, маскара болосуң.

    23:33 Мас болосуң, күйүткө толосуң: сага коркунучка жана кыйроого толгон чөйчөктү, эжең Самариянын чөйчөгүн ичирем!

    23:34 Анын түбүн какшыта ичесиң, сыныктарын кемиресиң, төшүңдү тытасың, анткени муну Мен, Теңир, айттым”».

    23:35 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мени унутуп, Менден бурулуп кеткендигиң үчүн, өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын, бузуктугуңдун азабын тарт».

    23:36 Анан мага Теңир мындай деди: «Адам уулу! Айола менен Айолибаны соттогуң келеби? Аларга өздөрүнүн ыпыластыктары жөнүндө айт.

    23:37 Анткени алар ойноштук кылышты, алардын колдору кан, алар өздөрүнүн жасалма кудайлары менен ойноштук кылышты, Мага төрөп берген уулдарын аларга жем кылып, отко өрттөштү.

    23:38 Алар Мага дагы мындай кылышты: ошол эле күнү Менин ыйык жайымды булгашты, Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок.

    23:39 Алар жасалма кудайларына арнап өз балдарын курмандыкка чалгандан кийин, ошол эле күнү Менин ыйык жайымды булгаганы келишти. Алар Менин үйүмдө ушундай кылышты!

    23:40 Андан тышкары, алыстан келгендерге киши жиберишти, аларга элчилерди жөнөтүштү. Алар келишти. Сен алар үчүн жуундуң, көзүңө сурма койдуң, жасалгалар менен жасалгаландың.

    23:41 Жаткан жериңдеги кооз төшөккө отурдуң, анын алдында даярдалган дасторкон бар эле, анын үстүнө Менин жыпар жыттуу заттарымды, Менин зайтун майымды койдуң.

    23:42 Аныкынан шаттанган элдин үнү жаңырып турду, калың топтун арасына чөлдөн мастарды жетелеп келип жатышты. Алар булардын колдоруна билерик, баштарына кооз таажы тагып жатышты.

    23:43 Ошондо Мен карыганча ойноштук кылган бул аял жөнүндө: “үми анын бузуктугу өзү менен кошо бүтөт”, – дедим.

    23:44 Бирок ага бузулган аялга келгендей келип жатышты. Айола менен Айолибага бузулган аялдарга келгендей келип жатышты.

    23:45 Бирок аларды адил адамдар ойноштук кылган аялдарды соттогондой соттошот, аларды кан төккөндөрдү соттогондой соттошот, анткени алар – ойноштук кылган аялдар, алардын колдорунда кан бар».

    23:46 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Аларга каршы топ эл чакыр, аларды коркунучка, талап-тоноого салып бер.

    23:47 Ошондо аларды топ эл таш бараңга алат, аларды өздөрүнүн кылычы менен кыя чабат, алардын кыздары менен уулдарын өлтүрөт, үйлөрүн өрттөйт.

    23:48 Бул жердеги бузуктуктун аягына ушинтип чыгам. Ошондо бардык аялдар сабак алып, силерге окшоп уят иштерди кылышпайт.

    23:49 Бузуктугуңарды өз мойнуңарга салышат, өзүңөрдүн жасалма кудайларыңар менен кылган күнөөңөр үчүн жазаланасыңар, ошондо силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск