Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ездра 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Иштин кайра башталышы

    5:1 Бирок Акай пайгамбар менен Ыданын уулу Захария пайгамбар Жүйүт аймагында жана Иерусалимде жашаган жүйүттөргө Ысрайылдын Кудайынын ысымынан пайгамбарчылык сөздөрүн айтышты.

    5:2 Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жотсадак уулу Жешуя Иерусалимдеги Кудай үйүн кура башташты, аларды Кудайдын пайгамбарлары колдоп турушту.

    5:3 Ошол учурда аларга дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын жолдоштору келип: «Бул эйдү курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?» – дешти.

    5:4 Ошондо биз аларга бул имаратты куруп жаткан адамдардын аттарын айттык.

    5:5 Бирок Кудай жүйүт аксакалдарына көз салып турду. Тигилер бул ишти Дарийге жөнөткөнчө, андан бул иш боюнча чечим келгенче, жүйүттөргө тыюу салбай турушту.

    Дарий падышага билдирүү

    5:6 Дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын дарыянын наркы өйүзүндөгү жолдошторунун – апарсаткалыктардын Дарий падышага жөнөткөн катынын мазмуну мындай:

    5:7 Алар жөнөткөн билдирүүдө мындай деп жазылган: «Дарий падышага бардык жактан тынчтык болсун!

    5:8 Биздин Жүйүт аймагындагы улуу Кудайдын үйүнө барганыбыз падышага маалым болсун. Ал эй чоң-чоң таштардан курулуп жатат, дубалдарына устундар коюлуп жатат, бул жумуш тез жүрүп, алардын колдору менен ийгиликтүү бүтүп бара жатат.

    5:9 Ошондо биз алардын аксакалдарынан: “Бул эйдү курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?” – деп сурадык.

    5:10 Мындан тышкары, алардын аттарын сурадык, биз алардын башчыларынын аттары сага белгилүү болушу үчүн жазып алдык.

    5:11 Алар мындай деп жооп беришти: “Биз асман менен жердин Кудайынын кулдарыбыз, биз мындан көп жыл мурда курулган эйдү кайра куруп жатабыз, аны Ысрайылдын улуу падышасы курган.

    5:12 Биздин ата-бабаларыбыз асмандагы Кудайдын каарына калганда, Ал Бабыл падышасы, каздимдик Небухаданасардын колуна аларды салып берген. Ал бул эйдү талкалап, элин Бабылга туткундап кеткен.

    5:13 Бирок Бабыл падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында Кудайдын бул үйүн кайра курууга Кореш падыша уруксат берген.

    5:14 Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан алып чыгып, Бабыл ийбадатканасына койгон Кудай үйүндөгү алтын-күмүш идиштерди да Кореш падыша кайрадан Бабыл ийбадатканасынан алып, өзү дубан башчы кылып дайындаган Шешпатсар дегендин колуна тапшырып,

    5:15 ага: "Бул идиштерди Иерусалимдеги ийбадатканага алып бар. Кудайдын үйү өзүнүн мурунку турган жеринде курула берсин", – деген.

    5:16 Ошондо ошол Шешпатсар келип, Иерусалимге Кудай үйүнүн пайдубалын курган. Ошондон бери ал курулуп жатат, бирок бүтө элек”.

    5:17 Ошондуктан падыша туура тапса, Иерусалимдеги Кудайдын бул үйүн курууга Кореш падышанын уруксат бергени чын бекен падышанын Бабылдагы казына үйүнөн карап көрүшсүн. Ал тууралуу бизге падыша өз буйругун жөнөтсүн».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск