Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ездра 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Корештин буйругунун табылышы

    6:1 Ошондо Дарий падыша Бабылдагы казынадагы китеп сактагычтан ал буйрукту табууга буйрук кылды.

    6:2 Мадай дубанындагы Ахмета сарайынан бир түрмөк китеп табылды, анда мындай деп жазылган экен: «үстетүү үчүн:

    6:3 Кореш падышанын падышачылыгынын биринчи жылында Иерусалимдеги Кудай үйү тууралуу Кореш падыша мындай буйрук берген: “Курмандык чалына турган жай – Кудай үйү курулсун, ал үчүн бекем пайдубал орнотулсун. Анын бийиктиги алтымыш чыканак, туурасы алтымыш чыканак болсун.

    6:4 Чоң таштардан үч катар, жыгач устундардан бир катар коюлсун. Каражат падыша үйүнөн берилсин.

    6:5 Иерусалимдеги ийбадатканадан Небухаданасар Бабылга алып кеткен Кудай үйүндөгү алтындан, күмүштөн жасалган идиштер кайрадан Иерусалимдеги ийбадатканага жеткирилип, ар бири Кудай үйүндөгү өз-өз ордуна коюлсун”».

    Дарий падышанын буйругу

    6:6 «Ошондуктан дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай жана Шетар-Бознай, дарыянын наркы өйүзүндөгү жолдошторуңар – апарсаткалыктар менен кошо ал жерден кеткиле.

    6:7 Кудай үйүндөгү жумуштарды токтотпогула; жүйүттөрдүн дубан башчысы менен жүйүт аксакалдары Кудайдын бул үйүн өз ордуна кайрадан курушсун.

    6:8 Кудайдын үйүн куруп жаткан жүйүт аксакалдарына мындай жардам берүүнү буйрук кылам, атап айтканда, падышанын мал-мүлкүнөн – дарыянын наркы өйүзүнөн түшкөн алык-салыктан тезинен алып, иш токтобош үчүн, ошол адамдарга бергиле.

    6:9 Канча керек болсо, асмандагы Кудайга арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка букачардан болобу, койлордон же козудан болобу, ошондой эле Иерусалимдин ыйык кызмат кылуучулары кандай айтса, буудай, туз, шарап, май болобу, эмне керек болсо, күн сайын эзгүлтүксүз берилсин.

    6:10 Алар асмандагы Кудайга жаккан курмандык чалып, падышанын жана анын балдарынын өмүрү үчүн сыйынышсын.

    6:11 Мен мындай буйрук берем: ким бул көрсөтмөнү бузса, анда анын үйүнүн устунун сууруп, ал устунга эүсин керип ташташсын, үйү болсо уратылсын.

    6:12 Кудайдын аты турган Иерусалимдеги Кудайдын ыйык үйүнө суук колун сунуп, зыян келтире турган ар кандай элдерди да, алардын падышаларын да Кудай жок кылсын деп мен, Дарий, бул буйрукту бердим. Бул буйрук так аткарылсын».

    6:13 Ошондо дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай, Шетар-Бознай жана алардын жолдоштору Дарий кандай буйруса, так ошондой аткарышты.

    6:14 Акай пайгамбар менен Ыданын уулу Захариянын пайгамбарчылыгы боюнча Жүйүт аксакалдары курулушту улантып, чоң ийгиликке жетишти. Ысрайыл Кудайынын эрки менен, Персия падышалары: Корештин, Дарийдин, Артакшаштанын буйругу менен алар курулушту бүткөрүштү.

    Ийбадаткананын ыйыкталышы

    6:15 Ал эй Адар айынын үчүнчү күнү, Дарийдин падышачылыгынын алтынчы жылында курулуп бүттү.

    6:16 Ысрайыл уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, туткундан келген башка кишилер Кудайдын бул үйүн кубаныч менен ыйыкташты.

    6:17 Кудайдын бул үйүн ыйыктаган учурда жүз букачар, эки жүз кой, төрт жүз козу, Ысрайыл уруусунун санына жараша, бардык Ысрайылдын күнөөсү үчүн он эки теке курмандыкка чалышты.

    6:18 Мусанын китебинде жазылгандай, Иерусалимдеги Кудайдын үйүнө кызмат кылууга ыйык кызмат кылуучуларды тобу боюнча, лебилерди кезеги боюнча орундарына коюшту.

    Пасах

    6:19 Биринчи айдын он төртүнчү күнү туткундан кайткандар Пасах майрамын өткөрүштү.

    6:20 Анткени ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин бири калбай тазаланышты. Туткундан кайткандардын бардыгы үчүн, ыйык кызмат кылуучу бир туугандары үчүн жана өздөрү үчүн Пасах майрамына арналган козуларды союшту.

    6:21 Туткундалып кетип, кайра кайтып келген Ысрайыл уулдары да Пасах тамагынан жешти, ошондой эле Ысрайылдын Кудай-Теңирине кайрылып туруш үчүн, башка элдердин тазалангандарынын баары жешти.

    6:22 Алар Ачыткысыз нан майрамын жети күн кубаныч менен өткөрүштү. Анткени Кудай аларды кубантып, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин үйүн курууда күч-кубат бериш үчүн, аларга Ашур падышасынын жүрөгүн бурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск