Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ездра 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    үзранын Иерусалимге келиши

    7:1 Бул окуялардан кийин, Персия падышасы Артакшаштанын тушунда эзра Бабылдан чыкты. Ал – Сераянын уулу, Серая – Азариянын уулу, Азария – Хилкиянын уулу,

    7:2 Хилкия – Шалумдун уулу, Шалум – Садоктун уулу, Садок – Акитуптун уулу,

    7:3 Акитуп – Амариянын уулу, Амария – Азариянын уулу, Азария – Мерайоттун уулу,

    7:4 Мерайот – Захариянын уулу, Захария – Узинин уулу, Узи – Букинин уулу,

    7:5 Буки – Абышуанын уулу, Абышуа – Пинехастын уулу, Пинехас – элазардын уулу, элазар – башкы ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу.

    7:6 үзра Бабыл жеринен чыкты. Ал китеп көчүргүч болгон, Ысрайылдын Кудай-Теңири берген Мусанын мыйзамдарын жакшы билген. Падыша анын каалаганын берди, анткени Кудай-Теңиринин колу анын үстүндө эле.

    7:7 үзра менен бирге Ысрайылдын күү бир уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, ырчылар, дарбазачылар, нетиндер Артакшаштанын падышачылыгынын жетинчи жылы Иерусалимге келишти.

    7:8 Ал Иерусалимге Артакшаштанын падышачылыгынын жетинчи жылынын бешинчи айында келди.

    7:9 Бабылдан чыгуу биринчи айдын биринчи күнү башталды. Ал бешинчи айдын биринчи күнү Иерусалимге келди, анткени Кудайдын жакшылык кылуучу колу анын үстүндө эле.

    7:10 үзра өзүнүн жүрөгүн Теңирдин мыйзамын изилдөөгө, аны аткарууга, Ысрайыл элине мыйзамды жана чындыкты эйрөтүүгө бурган эле.

    Артакшашта падышанын каты

    7:11 Артакшашта падышанын Ысрайыл элине Теңирдин осуяттары менен мыйзамдарын эйрөткөн ыйык кызмат кылуучу, китеп көчүргүч эзрага берген катынын мазмуну мындай:

    7:12 «Падышалардын падышасы Артакшаштадан асмандагы Кудайдын мыйзамын окутуучу, ыйык кызмат кылуучу эзрага салам.

    7:13 Менин падышачылыгымдагы Ысрайыл элинин, анын ыйык кызмат кылуучуларынын, лебилеринин арасынан ким Иерусалимге барууну кааласа, ал сени менен барсын деп буйрук бердим.

    7:14 Анткени сен падышанын жана анын жети кеңешчисинин атынан сенин колуңдагы Кудайдын мыйзамы боюнча Жүйүт аймагы менен Иерусалимдин акыбалын карап көрүү үчүн,

    7:15 падыша менен анын кеңешчилери Иерусалимдеги Ысрайыл Кудайынын үйүнө курмандыкка арнаган алтын-күмүштөрүн жеткириш үчүн,

    7:16 Бабылдын бардык дубанынан өзүң жыйнап алган алтын-күмүштөрдү ыйык кызмат кылуучулардын жана элдин Иерусалимдеги Кудайдын үйүнө арнап өз каалоолору боюнча курмандыкка берген тартуулары менен бирге жеткириш үчүн жөнөтүлүп жатасың.

    7:17 Ошондуктан бул акчаларга токтоосуз өгүздөрдү, койлорду, козуларды, алар менен кошо чалынуучу нан курмандыктарын, куюлуучу курмандыктарды сатып ал, аларды Иерусалимдеги Кудайыңардын үйүндөгү курмандык чалынуучу жайда чал.

    7:18 Калган алтын-күмүштөрдү өз Кудайыңардын эрки менен өзүң жана бир туугандарың эмнени туура деп тапса, ошого жумшагыла.

    7:19 Кудайыңдын үйүндө кызмат кылууда пайдаланылуучу сага тапшырылган идиштерди Иерусалим Кудайынын алдына алып барып койгун.

    7:20 Кудайыңдын үйү үчүн дагы эмне керек деп эсептесең, ошонун баарын падышанын казынасынан бер.

    7:21 Мен, Артакшашта падыша, дарыянын наркы өйүзүндөгү казына кайтаруучулардын бардыгына буйрук берем: асмандагы Кудайдын мыйзамдарын эйрөтүүчү, ыйык кызмат кылуучу эзра эмне талап кылса, ошону токтоосуз бергиле:

    7:22 Жүз талантка чейин күмүш, жүз батка чейин буудай, жүз батка чейин шарап, жүз батка чейин май бергиле, тузду болсо өлчөөсүз бергиле.

    7:23 Асмандагы Кудайдын үйү үчүн асмандагы Кудай берген бардык буйрук тактык менен орундалсын, болбосо Кудайдын каары падышанын жана анын балдарынын падышачылыгына тиет.

    7:24 Силерге дагы билдире кетчү нерсе: Кудайдын үйүндө кызмат кылган ыйык кызмат кылуучулардын, лебилердин, ырчылардын, дарбазачылардын, нетиндердин үч кимисинен алым, салык, бажы акысы алынбасын.

    7:25 Сен болсо, эзра, Кудайың берген даанышмандыгың менен башчыларды жана башкаруучуларды кой, алар дарыянын наркы өйүзүндөгү элди – Кудайыңдын мыйзамдарын билген элди башкарышсын, билбегендерди эйрөткүлө.

    7:26 Ким Кудайыңдын мыйзамын жана падышанын мыйзамын аткарбаса, аны токтоосуз өлүм жазасына болобу, же сүргүнгө болобу, же акчалай айыпка болобу, же зынданга болобу өкүм чыгарышсын».

    үзранын Кудайды даңкташы

    7:27 Падышанын жүрөгүнө Иерусалимдеги Кудай үйүн жасалгалоону салган,

    7:28 мага падышанын, анын кеңешчилеринин, анын бардык күч-кубаттуу төрөлөрүнүн ырайымын бурган ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирине алкыш! Ошондо мен кайраттандым, анткени Кудай-Теңиримдин колу менин үстүмдө эле. Ошондуктан мени менен барышсын деп, Ысрайылдын уруу башчыларын чогулттум.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск