Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-БөЛЄМ

    Иерусалимдин тагдыры

    29:1 Дөөт жашаган шаар Ариелге, Ариелге кайгы! Жылга жылды кошкула, курмандыктарды мууздай беришсин.

    29:2 Бирок мен Ариелди кысымга алам, ошондо ый менен кайгы болот. Ал Менин Ариелим боюнча калат.

    29:3 Мен сенин тегерегиңе кошуундарым менен жайланышып, сени байкоочу күзөтчүлөрүм менен кысымга алам, сага каршы чептерди тургузам.

    29:4 Ошондо кемсинтилесиң, жерден сүйлөйсүң, топурактын астынан үнүң ачык угулбайт, үнүң күңкүлдөп сүйлөгөн кишинин үнүнө окшоп калат, топурактын астынан үнүң шыбырап чыгат.

    29:5 Көп душманың майда топурактай болот, катаал аскерлериң туш-тушка учкан топондой болот. Бул күтүлбөгөн жерден, бир көз ирмемде болот.

    29:6 Себайот Теңир сени чагылган менен, жер титирөө менен, катуу эн менен, бороон менен, куюн менен, баарын жалмаган оттун жалыны менен жазалайт.

    29:7 Ариелге каршы согушкан көп элдер, ага каршы чыккандар, ага каршы тургузулган чептер, аны кысымга алгандар түштөй, түн ичинде көргөн көрүнүштөй болот.

    29:8 Ачка киши түшүндө тамак жегендей болот, бирок ойгонсо, ачка. Суусаган киши түшүндө суу ичкендей болот, бирок ойгонсо, кыйналып жатат, суусап жатат. Сион тоосуна каршы согушкан сансыз эл так ошондой болот.

    Жалган ишеним жөнүндө

    29:9 Таң калгыла, айран-таң калгыла. Алар башкаларды сокур кылып, өздөрү да сокур болуп калышты. Алар мас, бирок шараптан эмес. Теңселип жатышат, бирок күчтүү ичимдиктен эмес.

    29:10 Анткени Теңир силерге уктатуучу рухту жиберип, көзүңөрдү жумдурду, ал эми пайгамбарларыңардын, жол башчыларыңардын жана көрөгөчтөрүңөрдүн көзүн жапты.

    29:11 Бардык пайгамбарчылыктар силер үчүн мөөр басылган китептеги сөздөрдөй, ал китепти окуганды билген кишиге берип: «Муну оку», – дешет, ал: «Окуй албайм, анткени ага мөөр басылган», – деп жооп берет.

    29:12 Анан ал китепти окуганды билбеген кишиге берип: «Муну оку», – дешет, ал: «Мен окуганды билбейм», – деп жооп берет.

    29:13 Ошондо Теңир мындай деди: «Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс. Єйрөнүп алган адамдык эрежелерин алар Менден коркуу деп эсептешет.

    29:14 Ошондуктан Мен бул элди кайрадан укмуштуу бир керемет менен таң калтырам, ошондо анын даанышмандарынын даанышмандыгы жоголот, акылмандары акылынан ажырайт».

    29:15 Теңирден өз оюн жашырыш үчүн, тереңдикке бекингиси келгендерге кайгы! Алар өз иштерин караңгылыкта кылып: «Бизди ким көрмөк эле? Бизди ким билмек эле?» – дешет.

    29:16 Кандай акылсыздык! Карапачыны чопо деп эсептөөгө болобу? Буюм өзүн жасаган адам жөнүндө: «Мени ал жасаган эмес», – деп айтабы? Чыгарма өзүнүн сүрөтчүсү жөнүндө: «Ал түшүнбөйт», – деп айтабы?

    Жакыптын өзгөрөрү жөнүндө

    29:17 Бир аздан кийин, абдан аз убакыттан кийин Лебанон бакка айланат, ал эми бак токой деп эсептелет.

    29:18 Ошол күнү дүлөйлөр китептин сөздөрүн угушат, караңгылык менен туманда сокурлардын көздөрү көрөт.

    29:19 Азап чеккендер Теңир тууралуу абдан кубанышат, жакыр адамдар Ысрайылдын Ыйыгы тууралуу сүйүнүшөт.

    29:20 Анткени мындан ары таарынтуучу болбойт, акаратчы жоголот, ошондой эле жалганды жактоочулардын бардыгы кырылышат.

    29:21 Алар адамды сөздөрүнөн кармап, дарбазанын алдында адилеттикти талап кылгандарга тор жайышат, адилеттүүнү четке кагышат.

    29:22 Ошондуктан Ыбрайымды күнөөдөн куткарып алган Теңир Жакып тууралуу мындай дейт: «Ошондо Жакып уятка калбайт, ошондон кийин анын жүзү кубарбайт.

    29:23 Анткени ал өзүнүн жеринде Менин колдорум жараткан балдарын көргөндө, Менин ысымымды ыйык тутушат, Жакыптын Ыйыгын ыйык тутушат, Ысрайыл Кудайынын алдында коркуп турушат.

    29:24 Ошондо руху менен адашкандар акылмандыкты таанып билишет, баш ийбегендер баш ийгенди эйрөнүшөт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск