Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-БөЛЄМ

    Кудайдын өз элине берген убадалары

    30:1 Теңирден Жеремияга болгон сөз:

    30:2 Теңир, Ысрайылдын Кудайы, мындай дейт: «Мен сага айткан сөздөрдүн баарын өзүңө, китепке жазып ал.

    30:3 Анткени мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен өз элим Ысрайылды жана Жүйүттү туткундан кайра алып келем, – дейт Теңир. – Аларды ата-бабаларына берген жерге кайрадан алып келем, алар ошол жерге эү болушат».

    30:4 Мына, Ысрайыл менен Жүйүт тууралуу Теңир айткан сөздөр бул:

    30:5 Теңир мындай деди: «Биз тынчтыктын эмес, дүрбөлөң менен коркунучтун үнүн угуп жатабыз.

    30:6 Сурагыла, ойлонгула: эркек киши төрөйбү? Анда эмне үчүн Мен ар бир эркектин төрөй турган аялдай болуп, колдору менен курсагын кармап алганын, баарынын өңдөрү кумсарып турганын көрүп турам?

    30:7 Оо, кандай кайгы! Ал күн кандай улуу, андай күн болгон эмес. Ал – Жакып үчүн бактысыздык мезгил, бирок ал андан куткарылат.

    30:8 Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – анын сенин мойнуңа салган моюнтуругун талкалайм, кишендериңди эзөм. Ошондон кийин алар бөтөн жерликтерге кызмат кылбай калышат.

    30:9 Бирок алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине кызмат кылышат, Мен аларга кайра койгон өз падышасы Дөөткө кызмат кылышат.

    30:10 Сен, Менин кулум Жакып, коркпо, – дейт Теңир, – Ысрайыл, эрөйүң учпасын, анткени мына, Мен сени алыскы өлкөдөн куткарам, сенин тукумуңду туткундалып кеткен жеринен куткарам. Жакып кайрылып келип, коопсуз, тынч жашайт, аны үч ким коркутпайт.

    30:11 Анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин, – дейт Теңир, – Мен сени кайсы элдердин арасына чачып жиберсем, ошол элдердин бардыгын таптакыр жок кылам, бирок сени жок кылбайм. Мен сени чеги менен жазалайм, бирок сени жазасыз калтырбайм».

    30:12 Анткени Теңир мындай дейт: «Сенин жараң айыккыс, сенин ооруң катуу.

    30:13 Сенин жараңды сакайтыш үчүн, сенин ишиң жөнүндө үч ким кам көрбөйт. Дартыңа даба жок.

    30:14 Сени досторуңдун баары унутуп коюшту, сени издешпейт, анткени Мен сени көп мыйзамсыз иштериң үчүн душмандарыңдын соккусу менен урдум, катуу жазага тарттым, себеби сенин күнөөлөрүң көбөйүп кетти.

    30:15 Сен эмне үчүн өзүңдүн жарааттарың тууралуу, катуу ооруң тууралуу өкүрүп жатасың? Мен сага муну көп мыйзамсыздыгың үчүн кылдым, анткени сенин күнөөлөрүң көбөйүп кетти.

    30:16 Бирок сени жегендердин бардыгы желет, душмандарыңдын бардыгы өздөрү туткун болушат, сени чапкандардын бардыгы чабылат, сени талап-тоногондордун бардыгын талап-тоноого салып берем.

    30:17 Сени болсо сакайтам, жараатыңдан айыктырам, – дейт Теңир. – “үч ким сурабаган Сион ушул”, – дешип, сени четке кагылган деп аташкан.

    30:18 Теңир мындай дейт: “Туткунга түшкөн Жакыптын чатырларын кайра алып келип, анын айыл-кыштактарына ырайым кылам. Шаар кайрадан өзү турган дөңсөөгө курулат, ийбадаткана мурункудай болуп тургузулат.

    30:19 Алардын даңктоо ырлары, кубанган эндөрү угулат. Мен аларды көбөйтөм, алар кемибейт, аларды даңазалайм, алар кемсинтилбейт.

    30:20 Анын уулдары мурдагыдай болот, анын топ эли Менин алдымда турат, аны эзгендердин баарын жазалайм.

    30:21 Ошондо анын жол башчысы өзүнөн болот, анын башчысы өз ичинен чыгат. Мен аны өзүмө жакындатам, ал Мага жакын келет, анткени Мага жакындаганга ким өзү батына алат? – дейт Теңир.

    30:22 Ошондо силер Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом”».

    30:23 Мына, Теңирден катаал бороон келе жатат, каардуу бороон келе жатат, ал мыйзамсыздардын башына түшөт.

    30:24 өз жүрөгүнүн ниетин ишке ашырмайынча, аны аткармайынча, Теңирдин жалындаган каары токтобойт. Муну акыркы күндөрдө түшүнөсүңөр.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск