Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-БөЛЄМ

    Ысрайылдын туткундан кайтып келиши

    31:1 «Ошол мезгилде, – дейт Теңир, – Мен Ысрайылдын бардык урууларынын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат».

    31:2 Теңир мындай дейт: «Кылычтан аман калган эл чөлдө ырайым тапты. Ысрайылды сооротууга бара жатам».

    31:3 Теңир мага алыстан келип, мындай деди: «Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм, ошондуктан сага ырайымдуу колумду сундум.

    31:4 Мен сени кайрадан жайгаштырам, сен жайгашасың, Ысрайыл кызы, сен кайрадан өзүңдүн даптарың менен жасалгаланып, шаттанган ырчы-бийчилер тобу менен чыгасың.

    31:5 Кайрадан Самария тоолоруна жүзүмдүк өстүрөсүң. Жүзүмчүлөр өздөрү отургузган жүзүмдүктөрдүн түшүмүн өздөрү пайдаланышат.

    31:6 Анткени эпрайым тоосундагы сакчылар: “Тургула, Сион тоосуна чыгып, Кудай-Теңирибизге баралы”, – деп жар салган күн келет».

    31:7 Анткени Теңир мындай дейт: «Жакып тууралуу кубанычтуу ырдагыла, эл башчыларынын алдында даңазалагыла: “Теңир, өз элиңди, Ысрайылдын калдыгын куткар!” – деп айткыла, жар салгыла, даңктагыла.

    31:8 Мына, Мен аларды түндүк жеринен алып келем, аларды жер кыйырынан чогултам. Алардын арасында сокуру да, аксагы да, кош бойлуусу да, жаңы эле төрөгөнү да болот. Бул жерге калың эл кайтып келет.

    31:9 Алар ыйлап кетишкен, Мен болсо аларды сооротуп алып келем. Мен аларды суунун бою менен, мүдүрүлбөй турган түз жол менен алып келем, анткени Мен Ысрайылдын атасымын, эпрайым Менин тунум.

    31:10 Теңирдин сөзүн уккула, элдер, алыскы аралдарга мындай деп кабарлагыла: “Ысрайылды Ким чачыратып жиберсе, аны Ошол өзү чогултат, аны койчу өз койлорун кайтаргандай кайтарат”.

    31:11 Анткени Теңир Жакыпты кун төлөп кайрып алат, аны андан күчтүүнүн колунан куткарат.

    31:12 Алар келип, Сиондун бийик жерлеринде кубанып ырдашат. Алар Теңирдин ырайымына, буудайына, шарабына, майына, козуларына жана өгүзүнө агылып келишет. Алардын жаны сугарылган бактай болот, алар мындан ары чарчашпайт.

    31:13 Ошондо кыз топ ырчынын арасында кубанып ырдайт, жаш уландар менен карылар бирге ырдашат, алардын кайгысын кубанычка айлантам, аларды сооротом, кайгыдан кийин кубантам.

    31:14 Ыйык кызмат кылуучуларды курмандык майына тойгузам, Менин элим Менин берекеме тоёт», – дейт Теңир.

    Теңирдин Ысрайылга ырайым кылышы

    31:15 Теңир мындай дейт: «Рама шаарынан зар какшап, боздоп ыйлагандын үнү угулат. Бул – өзүнүн балдарын жоктоп ыйлаган Рахел. Ал сооронгусу келбей жатат, анткени алар эми жок».

    31:16 Теңир мындай дейт: «Ыйлаганыңды жана көз жашыңды төккөнүңдү токтот, анткени сенин ишиң үчүн сыйлык бар, – дейт Теңир, – алар душман жеринен кайтып келишет.

    31:17 Сенин келечегиң үчүн эмүт бар, – дейт Теңир, – сенин уулдарың өз жерине кайтып келишет.

    31:18 үпрайымдын ыйлаган үнүн угуп жатам: “Сен мени жазаладың, мен эйрөтүлгүс букачардай жазаландым, мени бур, ошондо мен бурулам, анткени Сен менин Кудай-Теңиримсиң.

    31:19 Сен мени бургандан кийин, өкүндүм, Сен мени эсиме келтиргенден кийин, башымды койгуладым. Мен уятка калдым, маскара болдум, анткени өз жаштыгымдын жаманаттысын көтөрдүм”.

    31:20 үпрайым Менин кымбат уулум эмеспи? Сүйгөн балам эмеспи? Анткени ал жөнүндө сүйлөгөндө, аны дайыма сүйүү менен эскерем. Ал үчүн менин ички дүйнөм сыздайт, ага ырайым көрсөтөм, – дейт Теңир.

    31:21 өзүңө жол белгилерин коюп ал, өзүңө мамыларды коюп ал, жүрөгүңдү өзүң жүргөн жолго бур. Кайрылып кел, Ысрайыл кызы, өзүңдүн ушул шаарларыңа кайтып кел.

    31:22 Сен качанкыга чейин тентип жүрө бересиң, ишенимсиз кыз? Анткени Теңир жер үстүнө кандайдыр бир жаңы нерсе жаратат: аялы күйөөсүн куткарат».

    Кудай элинин келечектеги жыргалчылыгы

    31:23 Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Мындан ары, Мен алардын туткундарын кайра алып келгенде, Жүйүт жеринде жана анын шаарларында: “Акыйкаттын турагы, ыйык тоо, сага Теңир батасын берсин!” – деген сөздү айтышат.

    31:24 Ошондо ал жерге Жүйүт көчүп келип, бардык шаарлары менен, дыйкандары менен, малдын артынан жүргөндөрү менен отурукташат.

    31:25 Анткени Мен чарчаган жанга суу ичирем, кайгырган ар бир жанды тойгузам».

    31:26 Муну көрүп, мен ойгонуп кеттим, бул түш мага жагымдуу болду.

    31:27 «Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Ысрайыл менен Жүйүткө адам тукумун жана мал тукумун себем.

    31:28 Мен аларды жок кылып жатканда, кыйратып жатканда, талкалап жатканда, кырып жатканда, алаамат каптатып жатканда, кандай байкап турсам, тургузуп жатканда да, отургузуп жатканда да ошондой байкап турам, – дейт Теңир.

    31:29 Ошол күндөрү: “Ата-бабалары кычкыл жүзүм жешти, ал эми балдарынын тиши камалды”, – деп айтпай калышат.

    31:30 Бирок ар ким өзүнүн мыйзамсыздыгы үчүн өлөт. Ким быша элек жүзүм жесе, анын тиши камалат.

    31:31 Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Ысрайыл жана Жүйүт менен жаңы келишим түзөм.

    31:32 Бирок бул келишим алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, аларды колдорунан алган күнү түзгөм. Мен алар менен түзгөн келишимимди бузбасам да, алар Менин ошол келишимимди бузушту, – дейт Теңир.

    31:33 Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм, – дейт Теңир, – Мен өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болот.

    31:34 Ошондон кийин алар бири-бирин, бир тууган бир тууганын: “Теңирди таанып билгиле”, – деп эйрөтпөй калышат, анткени бардыгы: кичинесинен чоңуна чейин Мени өздөрү таанып билишет, – дейт Теңир. – Анткени Мен алардын мыйзамсыздыктарын кечирем, ошондон кийин алардын кылган күнөөлөрүн үстебейм».

    31:35 Күндүз жарык кылуу үчүн күндү берген, түн ичинде жарык кылуу үчүн ай менен жылдыздарга мыйзам берген, деңизди толкундатып, толкундарды күркүрөткөн Теңир ушундай дейт. Анын ысымы – Себайот Теңир.

    31:36 «Бул мыйзамдар Менин алдымда жок болуп кетпегендей эле, – дейт Теңир, – Ысрайыл тукуму да Менин алдымда дайыма эл болуп турат».

    31:37 Теңир мындай дейт: «үгерде жогорудагы асман ченелсе, төмөндөгү жердин негиздери изилденсе, анда Мен Ысрайылдын бүт тукумун кылган бардык иштери үчүн четке кагам», – дейт Теңир.

    31:38 «Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү шаар Теңирдин даңкына, Кананел мунарасынан тартып бурчтагы дарбазага чейин кайра тургузулат.

    31:39 Жер ченөөчү аркан андан ары түз эле Гареп адырына жетип, Гояны айланып өтөт.

    31:40 өлүктөр менен күл жаткан өрөөн бүт бойдон, Кидрон өзөнүнө чейинки талаа бүт бойдон, чыгыштагы ат дарбазасынын бурчуна чейинки жерлердин баары Теңирдин ыйык жери болот. Ал түбөлүккө кыйрабайт жана талкаланбайт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск