Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    8:1 Ошол учурда, – дейт Теңир, – Жүйүт падышаларынын сөөктөрүн, анын төрөлөрүнүн, ыйык кызмат кылуучулардын сөөктөрүн, пайгамбарлардын, Иерусалим тургундарынын сөөктөрүн мүрзөлөрүнөн алып чыгып, ыргытып жиберишет.

    8:2 Аларды өздөрү жакшы көргөн, кызмат кылган, артынан жүргөн, издеген, таазим кылган күн алдында, ай алдында, асман кошуундарынын алдында туш-тушка ыргытышат. Аларды жыйнап да алышпайт, жерге да көмүшпөйт: алар жер үстүндөгү кыктай болушат.

    8:3 Бул жаман уруунун ичинен тирүү калгандардын баары Мен аларды кууп жиберген жерлерде өмүрдөн өлүмдү артык көрүп калышат, – дейт Себайот Теңир.

    Күнөөнүн жазасы жөнүндө

    8:4 Аларга мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Жыгылгандар турбайт бекен? Жолунан адашкандар кайрылып келбейт бекен?

    8:5 үмне үчүн бул эл, Иерусалим, ишенимсиздигинен кайтпай жатат? Алар жалганчылыкка жабышып, кайрылып келгиси келбей жатышат.

    8:6 Мен кулак салып угуп турдум: алар акыйкаттыкты айтышпайт, үч кимиси жаман иш кылганына өкүнбөйт, үч кимиси: "Мен эмне кылдым?" – дебейт. Майданга атырылып кирген аттай болуп, ар кимиси өз жолуна бурулат.

    8:7 Асман астында илегилек да өзүнүн белгилүү мезгилдерин билет, бактек да, карлыгач да, каркыра да кайсы мезгилде учуп келерин билет, бирок Менин элим Теңирдин мыйзамдарын билбейт.

    8:8 Силер: "Биз акылдуубуз, бизде Теңирдин мыйзамы бар", – деп, кантип айтып жатасыңар? Ал эми китеп көчүргүчтөрдүн колундагы жалган калем аны да жалганга айландырып жатат.

    8:9 Акылмандар маскара болушту, алар кыйратылып, колго түшүштү, мына, алар Теңирдин сөзүн четке кагып салышты. Андай болсо алардын акылмандыгы эмнеде?

    8:10 Ошол үчүн алардын аялдарын башкаларга берем, айдоо жерлерин бөлөк жер эүлерине берем, анткени алардын бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин ач көздүүлүккө берилип кетишти. Бардыгы, пайгамбардан ыйык кызмат кылуучусуна чейин жалган иштерди кылышат.

    8:11 Менин элимдин кызынын жараатын "Тынчтык, тынчтык!" – деп, жеңил ойлуулук менен дарылап жатышат, бирок тынчтык жок.

    8:12 Алар жийиркеничтүү иштерди кылгандан уялышабы? Жок, такыр уялышпайт, кызарып да коюшпайт. Ошон үчүн алар кулагандар менен кулашат, жазалаган күнү алар кулашат, – дейт Теңир.

    8:13 Аларды акырына чейин терип алам, – дейт Теңир, – жүзүм сабагында бир да жүзүм калбайт, анжыр дарагында бир да анжыр калбайт, жалбырак да күбүлүп түшөт, Мен аларга эмне берсем, ошонун баары алынат”».

    8:14 Биз эмнеге отурабыз? Жыйналгыла, чептүү шаарларга баралы, ошол жерде өлөлү, анткени Кудай-Теңирибиз бизди өлүмгө белгилеп койду. Теңирдин алдында күнөөгө батканыбыз үчүн, Ал бизге өт кошулган суу ичирип жатат.

    8:15 Тынчтык күтүп жатабыз, бирок үч жакшылык жок, айыгуу мезгилин күтүп жатабыз, бирок, мына, алдыбызда эрөй учурган коркунучтар.

    8:16 Дандан анын аттарынын кошкуругу угулуп жатат, анын айгырларынын катуу азынаганынан бүт жер титиреп жатат. Алар келип, жерди жана анын үстүндөгүнүн баарын, шаарды жана анда жашагандардын бардыгын жок кылат.

    8:17 «Анткени мына, Мен силерге жыландарды, уулуу жыландарды, каптатам, аларды үч ким арбап токтото албайт, алар силерди чагат», – дейт Теңир.

    8:18 Мен өз кайгымдан качан соороном? Менин жүрөгүм кыйналып турат.

    8:19 «Мына, алыскы өлкөдөн өз элимдин кызынын ыйын угуп жатам: “Сиондо Теңир жок бекен? Ал жерде анын Падышасы жок бекен?” эмне үчүн алар өздөрүнүн үч нерсеге жарабаган, бөтөн жерликтердин буркандары менен Мени каардантышты?»

    8:20 «Оруп-жыюу маалы өттү, жайкы убак бүттү, бирок биз куткарылган жокпуз».

    8:21 Мен өз элимдин кызынын кайгы тартып жатканына кайгырып жатам, капалуу жүрөм, мени эрөй учурган коркунуч эүлеп алды.

    8:22 Гилатта бальзам жок бекен? Ал жерде дарыгер жок бекен? эмне үчүн менин элимдин кызы айыкпай жатат?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск