Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Жеремиянын Теңир үйүндө айткан насааты

    7:1 Теңирден Жеремияга айтылган сөз:

    7:2 «Теңир үйүнүн дарбазасынын алдында тур, ал жерде бул сөздү жарыялап айт: Бүт жүйүт эли, Теңирге табыныш үчүн мына бул дарбазадан киргендер, Теңирдин сөзүнө кулак салгыла!

    7:3 Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: “өз жолуңарды жана өз иштериңерди оңдогула, ошондо Мен силерди бул жерде жашатам.

    7:4 "Бул – Теңирдин ийбадатканасы, Теңирдин ийбадатканасы, Теңирдин ийбадатканасы" деген жалган сөздөргө ишенбегиле.

    7:5 Бирок жолуңарды, иштериңерди чыны менен эле оңдой турган болсоңор, бир адам менен анын жакынынын ортосунда адилеттүү сот жүргүзө турган болсоңор,

    7:6 чет жерликтерге, жетим менен жесирлерге кысым көрсөтпөсөңөр, бул жерде жазыксыз кан төкпөсөңөр, өз башыңарга кайгы үйүп, бөлөк кудайлардын артынан эүрчибей турган болсоңор,

    7:7 анда Мен силерди ушул жерде – ата-бабаңардын укум-тукумуна берген жерде жашатам.

    7:8 Мына, силер өзүңөргө үч бир пайда алып келбеген жалган сөздөргө ишенесиңер.

    7:9 Силер уурдап, киши өлтүрүп, бузуктук кылып, жалган ант берип, Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүп, өзүңөр билбеген башка кудайлардын артынан жүрүп,

    7:10 анан келип, Менин ысымым менен аталган ушул эйдө, Менин алдымда туруп, мындан ары да ушул жийиркеничтердин баарын кылыш үчүн: "Биз куткарылдык", – деп, кантип айтып жатасыңар?

    7:11 Менин ысымым менен аталган бул эй силердин көзүңөргө каракчылардын уюгу болуп калган жокпу? Мына, Мен муну көрдүм, – дейт Теңир.

    7:12 Мурун өзүмдүн ысымымды орноткон жерим Шилого барып, өзүмдүн элим Ысрайылдын кылган жамандыгы үчүн аны эмне кылганымды көргүлө.

    7:13 Азыр да силер ушул иштердин баарын кылып жатканыңар үчүн, – дейт Теңир, – Мен силерге таң заардан баштап айткам, бирок силер уккан жоксуңар, силерди чакыргам, бирок силер жооп берген жоксуңар, – дейт Теңир.

    7:14 Ошон үчүн Менин ысымым менен аталган, силер ишенген ушул эйдү, Мен силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген ушул жерди Шилону кандай кылсам, ошондой кылам.

    7:15 Мен өзүмдүн жүзүмдүн алдынан силердин бардык бир туугандарыңарды, эпрайымдын бүт укум-тукумун, четке каккандай, силерди да четке кагам”.

    үлдин баш ийбестиги жана тоң моюндугу

    7:16 Сен болсо бул эл үчүн сыйынба, алар үчүн өтүнбө, жалынба, Менден жалынып сураба, анткени Мен сени укпайм.

    7:17 Алар Жүйүт аймагынын шаарларында жана Иерусалимдин көчөлөрүндө эмнелерди кылып жатышканын көрбөй турасыңбы?

    7:18 Асман аял кудайына нан жасаш үчүн, балдар отун терип, аталар от жагып, аялдар камыр жууруп жатышат, Мени капа кылыш үчүн, башка кудайларга куюлуучу курмандыгын куюп жатышат.

    7:19 Бирок алар Мени капа кылып жатышабы? өздөрүн маскара кылып, өздөрүн өздөрү капа кылып жатышкан жокпу? – дейт Теңир.

    7:20 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мына, ушул жерге Менин каарым, Менин ачуум төгүлүп жатат. Адамдарга да, малдарга да, талаадагы бак-дарактарга да, жерде өскөн жемиштерге да каарым төгүлөт, күйөт, өчпөйт”.

    7:21 Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: “Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды башка курмандыктарыңарга кошуп, этин жегиле.

    7:22 Анткени Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күнү аларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жана башка курмандыктар жөнүндө айткан да эмесмин, буйрук берген да эмесмин.

    7:23 Бирок аларга мындай осуят бергем: Менин үнүмдү уккула, ошондо Мен силердин Кудайыңар болом, силер болсо Менин элим болосуңар, силерге жакшы болушу үчүн, Мен силерге буйрук кылган бардык жол менен жүргүлө.

    7:24 Бирок алар укпай коюшту, кулактарын төшөбөй коюшту, өздөрүнүн түшүнүгү боюнча, бузулган жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жашашты, Менден жүздөрүн буруп, артын салышты.

    7:25 Силердин ата-бабаларыңар Мисир жеринен чыккан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Мен силерге өзүмдүн бүт кулдарымды – пайгамбарларымды жиберип турдум, аларды күн сайын таң заардан жиберип турдум.

    7:26 Бирок алар угушкан жок, Мага кулак салышкан жок, тескерисинче, өз моюндарын толгоп, ата-бабаларынан да жаман иштерди кылышты”.

    7:27 Сен аларга бул сөздөрдүн баарын айтканыңда, алар сени укпай коюшат, сен аларды чакырганыңда, алар сага жооп беришпейт.

    7:28 Ошондо аларга мындай де: “өз Кудай-Теңиринин үнүн укпаган, акыл-насаатты кабыл албаган эл ушул! Аларда чындык жок, алардын оозунан чындык алынды”.

    Ином уулдарынын өрөөнүндөгү күнөөлүү иштер жөнүндө

    7:29 өз чачыңды кыркып ыргыт, тоо үстүндө ыйла, анткени Теңирдин каарын өзүнө төктүргөн бул элди Теңир четке кагып, таштап салды.

    7:30 Анткени Жүйүт уулдары Менин көз алдымда кыянаттык кылып жатышат, – дейт Теңир, – Менин ысымым менен аталган эйдү булгаш үчүн, өздөрүнүн жийиркеничтүү нерселерин коюшту.

    7:31 Уулдары менен кыздарын отко өрттөш үчүн, Ином уулдарынын өрөөнүнө Топет бийиктиктерин орнотушту. Мен аларга мындай кылууну буйруган эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.

    7:32 Ошон үчүн, мына, мындан ары бул жерди Топет деп, Ином уулдарынын өрөөнү деп атабай турган күндөр келе жатат, – дейт Теңир. – Бирок ал жерди өлтүрүү өрөөнү деп аташат, жер жетпегендиктен, Топетке өлүктөрдү көмүшөт.

    7:33 Бул элдин өлүктөрү асмандагы куштарга, жердеги жырткыч айбандарга азык болот, аларды кубалоого үч ким чыкпайт.

    7:34 Жүйүт аймагынын шаарлары менен Иерусалимдин көчөлөрүндө кубанычтын жана шаттыктын үнүн, күйөө менен колуктунун үнүн токтотом, анткени бул жер эүн чөлгө айланат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск