Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Иерусалимдин курчоого алынышы жөнүндөгү көрүнүш

    6:1 Бенжемин балдары, Иерусалимдин ичинен качкыла, Текояда сурнай тарткыла, Бейт-Акеремде от менен белги бергиле, анткени түндүктөн улуу кайгы жана кыйроо келе жатат.

    6:2 «Мен Сиондун сулуу, эрке кызын кыйратам.

    6:3 Койчулар өз койлору менен ага келишет, анын айланасына чатырларын тигишет. Ар бири өзүнүн жерине малын жаят».

    6:4 Аны менен согушууга даярдангыла. Тургула, түштө барабыз. Бизге кайгы! Күн батып бара жатат, кечки көлөкө узарып калды.

    6:5 Тургула, түн болсо да барабыз, анын чептерин кыйратабыз!

    6:6 Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Дарактарды кыйгыла, Иерусалимге каршы жал жасагыла: бул шаар жазаланышы керек, ал зордук-зомбулукка толгон.

    6:7 Булак өзүнөн суу бүркүп чыгаргандай, ал өзүнөн жамандык чыгарып жатат: анын ичинен зордук-зомбулук, талап-тоноочулук угулуп жатат. Менин алдымда дайыма кыйналуу жана кайгы тартуу болуп жатат.

    6:8 Иерусалим, акылыңа кел, Менин жаным сенден алыстап кетпесин, Мен сени чөлгө, үч ким жашабаган жерге айлантпайын».

    Ысрайылдын ач көздүгү жана жалган иш кылганы үчүн айыпталынышы

    6:9 Себайот Теңир мындай дейт: «Ысрайылдын калдыгын жүзүм сыяктуу акырына чейин терип алышат. Себеттерди толтуруп, жүзүм жыйнаган адамдай, өз колуң менен иште.

    6:10 Алар уксун үчүн, Мен кимге айтам, кимди эскертем? Мына, алардын кулагы сүннөтсүз, ошондуктан алар уга алышпайт. Мына, алар Теңирдин сөзүнө күлүп жатышат, Анын сөзү аларга жакпайт.

    6:11 Ошондуктан Мен Теңирдин каарына аябай толдум, аны өзүмдө кармап тура албайм. Аны көчөдөгү балдарга жана топтошкон уландарга төгөм. Аялы менен күйөөсү, улгайып калганы менен карылыгы жеткени олжого кетет.

    6:12 Талаалары менен аялдары сыяктуу эле, үйлөрү да жат бирөөлөрдүн колуна өтөт, анткени Мен бул жердин тургундарына каршы колумду сунам, – дейт Теңир.

    6:13 Анткени кичинесинен чоңуна чейин, булардын ар бири ач көздүккө берилген, пайгамбардан ыйык кызмат кылуучуга чейин жалган иш кылышат.

    6:14 Менин элимдин жараатын “Тынчтык! Тынчтык!” деп, жеңил ойлуулук менен дарылап жатышат, бирок тынчтык жок.

    6:15 Алар жийиркеничтүү иштерди кылгандан уялышабы? Жок, такыр уялышпайт, кызарып да коюшпайт. Ошон үчүн алар кулагандар менен кулашат, Мен аларды жазалаган күнү алар кулашат», – дейт Теңир.

    Ысрайылдын өзүнүн ишенимсиздигинин айынан жыгылышы

    6:16 Теңир мындай дейт: «өзүңөрдүн бара жаткан жолуңарда токтогула, артыңарды карагыла, байыркы жолдор жөнүндө сураштыргыла, жакшы жол кайда экенин сурагыла, ошол жолго түшкүлө, ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар». Бирок алар: «Барбайбыз», – дешти.

    6:17 «Ошондо Мен силердин үстүңөрдөн сакчыларды коюп: “Сурнайлардын үнүн уккула”, – дедим. Бирок алар: “Укпайбыз”, – дешти».

    6:18 «Ошондуктан кулак салгыла, элдер, алардын эмне болорун бил, жамаат!

    6:19 Ук, жер жүзү! Мына, Мен бул элге бүлгүн түшүрөм, бул – алардын ойлорунун жемиши, анткени алар Менин сөздөрүмдү укпай, Менин мыйзамымды четке кагышты.

    6:20 Шебадан келе жаткан ладандын, алыскы өлкөдөн келе жаткан жыпар жыттуу жылгындын Мага эмне кереги бар? Силердин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңар Мага жакпайт, курмандыктарыңар Мага жагымсыз».

    6:21 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул элдин алдына тоскоолдуктарды коюп жатам, ага аталары балдары менен бирге, кошунасы досу менен бирге чалынат жана өлөт».

    Түндүктөн келе жаткан элдин кол салуусу

    6:22 Теңир мындай дейт: «Мына, түндүк жактагы өлкөдөн эл келе жатат, жер кыйырынан улуу эл көтөрүлүп келе жатат.

    6:23 Алар колдоруна жаа, найза кармап алышкан. Алар катаал жана ырайымсыз, алардын үнү деңиздей шуулдайт, аттарга минип учуп келе жатышат, сени менен салгылашуу үчүн бир кишидей тизилишкен, Сион кызы».

    6:24 Биз алар жөнүндө кабар укканда, эмне кыларыбызды билбей, кайгыга баттык, толгоо тарткан аялдай кыйналдык.

    6:25 Талаага чыкпагыла, жолдо жүрбөгүлө, анткени душмандын кылычы келе жатат, туш-туштан коркунуч туулду.

    6:26 үлимдин кызы, белиңди зумбал менен курча, башыңа күл сеп, жалгыз уулуң өлгөндөй кайгырып, катуу ыйла, анткени кыйратуучу бизге күтүлбөгөн жерден келет.

    6:27 «Сен Менин элимди билишиң үчүн жана анын жолуна көз салып турушуң үчүн, Мен сени өзүмдүн элимдин ичине мунара жана чеп кылып койдум.

    6:28 Алардын баары – өтө ишенимсиз адамдар, ушакчылык кылып жашашат. Булар – жез жана темир, бардыгы бузулган адамдар».

    6:29 Жел үйлөгөн көөрүк өрттөнүп кетти, коргошун отто жок болду: эритүүчү адам текке эритти, анткени андан жаман кошундулары бөлүнбөй калды.

    6:30 Аларды четке кагылган күмүш деп аташат, анткени аларды Теңир четке какты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск