Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Койчу жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    10:1 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким кой короого эшиктен кирбей, башка жагынан кирсе, ал – ууру жана каракчы.

    10:2 Ал эми ким эшиктен кирсе, ал – койчу.

    10:3 Кароолчу ага эшикти ачып берет. Койлор анын үнүн угушат, ал өзүнүн койлорун атынан чакырат, аларды тышка чыгарат.

    10:4 Ал өзүнүн койлорун тышка чыгаргандан кийин, алардын алдында басат, ал эми койлору анын артынан эүрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат.

    10:5 Чоочун кишини эүрчишпейт, андан качышат, анткени анын үнүн таанышпайт».

    10:6 Ыйса айтып берген бул элгү-насаат аңгеменин маанисин алар түшүнүшкөн жок.

    Ыйса – койлор кире турган эшик

    10:7 Ошондо Ыйса аларга дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен койлор кире турган эшикмин.

    10:8 Менден мурун келгендердин баары – ууру жана каракчы. Бирок койлор аларды угушкан жок.

    10:9 Мен эшикмин. Ким Мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Кирет, чыгат жана жайыт табат.

    10:10 Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө эү болушу үчүн келдим.

    Ыйса – жакшы Кайтаруучу

    10:11 Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет.

    10:12 Жалчы болсо койчу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, койлорду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, аларды туш тарапка чачыратат.

    10:13 Жалчы болсо качып кетет, анткени ал – жалчы, койлорго кайдыгер мамиле кылат.

    10:14 Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен өзүмдүн койлорумду билем,

    10:15 Атам Мени, Мен Атамды билгендей эле, койлорум да Мени билет. Койлорум үчүн Мен өз жанымды берем.

    10:16 Менин бул короодогу койлордон башка да койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек. Алар да Менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо кой, бир койчу болот.

    10:17 Мен өз жанымды беремин, ошон үчүн Атам Мени жакшы көрөт. Мен өз жанымды кайра алуу үчүн беремин.

    10:18 Менден аны үч ким тартып албайт, Мен аны өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Бул осуятты Мен Атамдан алгам».

    10:19 Ушул сөздөн улам жүйүттөрдүн ортосунда талаш чыкты.

    10:20 Алардын көпчүлүгү: «Анын ичинде жин бар, акылы ордунда эмес, Аны эмнеге угуп жатасыңар?» – дешти.

    10:21 Күү бирөөлөрү: «Бул жин тийген адамдын сөзү эмес! Жин сокурлардын көзүн ача алмак беле?» – дешти.

    Ыйса Иерусалимдеги майрамда

    10:22 Ошол убакта Иерусалимде ийбадаткананы ыйыктоо майрамы болуп жаткан. Кыш мезгили эле.

    10:23 Ыйса ийбадаткананын чыгыш тарабындагы Сулайман үйүнүн кире беришинде басып жүргөндө,

    10:24 жүйүттөр Аны курчап алып: «Качанкыга чейин башыбызды маң кыласың? Машайак болсоң, айтпайсыңбы ачыгын!» – дешти.

    10:25 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен силерге айттым, бирок силер ишенбей жатасыңар. Атамдын атынан кылып жаткан иштерим Мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатпайбы.

    10:26 Бирок силер ишенбей жатасыңар, анткени Менин койлорум эмессиңер. Мен муну силерге айткам.

    10:27 Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени эүрчишет.

    10:28 Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар үч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан үч ким тартып ала албайт.

    10:29 Аларды Мага берген Атам баарынан чоң. Аларды Атамдын колунан үч ким тартып ала албайт.

    10:30 Мен жана Атам бирбиз».

    10:31 Ошондо Аны таш бараңга алуу үчүн, жүйүттөр бул жолу да жерден таш алышты.

    10:32 Ыйса аларга: «Мен силердин көз алдыңарда Атамдын атынан көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн Мени таш бараңга алгыңар келип жатат?» – деди.

    10:33 Жүйүттөр Ага: «Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргендигиң үчүн, адам болуп туруп, өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн, таш бараңга алганы жатабыз», – деп жооп беришти.

    10:34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мыйзамыңарда: Мен силерге: “Силер кудайларсыңар”, – дедим», – деп жазылган эмеспи?

    10:35 Кудайдын Сөзү кимдерге берилсе, ошолорду Ал кудайлар деп атап жатса (Ыйык Жазуу өз күчүн жоготпойт),

    10:36 Атам тарабынан дайындалып, бул дүйнөгө жиберилген Мен: “Кудайдын Уулумун”, – дегеним үчүн, “Кудайга акарат келтирип жатасың”, – дейсиңерби?

    10:37 үгерде Мен Атамдын иштерин кылбай жатсам, анда Мага ишенбей эле койгула.

    10:38 үгерде кылып жатсам, Мага ишенбесеңер да, кылган иштериме ишенгиле. Ошондо Атанын Менин ичимде, Мен Атанын ичинде экенимди билип, ишенип каласыңар».

    10:39 Ошондо алар Ыйсаны кайрадан кармап алмакчы болушту, бирок Ал карматкан жок.

    10:40 Ыйса кайрадан Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө – мурун Жакан элди сууга чөмүлдүрүп жүргөн жерге барып, ошол жерде калып калды.

    10:41 Ага көп адамдар келишип: «Жакан үч кандай керемет көрсөткөн эмес, бирок анын бул Адам жөнүндө айткандарынын баары чындык экен», – дешти.

    10:42 Ошентип, ал жерден Ага көптөгөн адамдар ишенип калышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск