Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Тубаса сокур адамдын айыгуусу

    9:1 Ыйса кетип бара жатып, тубаса сокур адамды көрдү.

    9:2 Шакирттери Андан: «Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлүшүнө кимдин күнөөсү себеп болду: өзүнүкүбү же ата-энесиникиби?» – деп сурашты.

    9:3 Ыйса мындай деп жооп берди: «өзүнүкү да, ата-энесиники да себеп болгон жок. Анын жашоосунда Кудайдын кудурети көрсөтүлүшү үчүн ушундай болду.

    9:4 Күндүз Мени Жибергендин иштерин кылышым керек. Түн келет, ошондо үч ким үч нерсе кыла албай калат.

    9:5 Мен бул дүйнөдө болуп турганда, дүйнөнүн жарыгымын».

    9:6 Ушул сөздү айткандан кийин, Ал жерге түкүрүп, топурактан ылай жасады да, аны сокур адамдын көзүнө сүйкөп, мындай деди:

    9:7 «Силоом (бул сөз “Жиберилген” деп которулат) көлмөсүнө барып жуун!» Ал барып жуунганда, көзү ачылды. Ал кайтып келгенде,

    9:8 коңшулары жана анын мурун сокур экенин көргөндөр: «Бул киши ушу жерде кайыр сурап отурган киши эмеспи?» – деп жатышты.

    9:9 Бирөөлөрү: «Ошол» дешсе, бирөөлөрү: «Жок, бул ошого окшош экен», – дешти. өзү болсо: «Ошол менмин», – деди.

    9:10 Ошондо алар андан: «Көздөрүң кантип ачылды?» – деп сурашты.

    9:11 Ал мындай деп жооп берди: «Ыйса деген Киши ылай жасап, көзүмө сүйкөп: “Силоом көлмөсүнө барып жуун!” – деди. Мен барып жуундум, ошондо көздөрүм ачылды».

    9:12 Алар андан: «Ал кайда?» – деп сурашты. «Билбейм», – деп жооп берди ал.

    9:13 Ошондо алар мурун сокур болгон бул кишини фарисейлердин алдына алып барышты.

    9:14 Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн ишемби күн болчу.

    9:15 Фарисейлер да ал кишиден көзүнүн кантип көрүп калганын сурашты. «Ал көзүмө ылай сүйкөдү, анан мен жуундум, азыр көзүм көрүп жатат», – деп жооп берди ал.

    9:16 Ошондо фарисейлердин күү бирөөлөрү: «Ал Адам Кудайдан эмес. Анткени ишемби күнүн сактабайт экен», – дешсе, күү бирөөлөрү: «Күнөөкөр адам ушундай кереметтерди жасай алмак беле?» – дешти. Ошентип, алардын арасында талаш чыгып кетти.

    9:17 Анан алар сокур адамдан: «Ал сенин көзүңдү ачпадыбы, Ал тууралуу сен эмне дейсиң?» – деп, дагы сурашты. Ошондо ал: «Ал – пайгамбар», – деп жооп берди.

    9:18 Бирок жүйүттөр көзү ачылган кишинин мурда сокур экенине, азыр көрүп калгандыгына ата-энесин чакыртып келмейинче ишенишкен жок.

    9:19 Алардан: «Сокур болуп төрөлгөн балаңар ушулбу? Азыр ал кандайча көрүп калды?» – деп сурашты.

    9:20 Ата-энеси аларга: «Бул биздин балабыз, анын сокур болуп төрөлгөнү чын.

    9:21 Бирок азыр анын көзү кандайча көрүп калгандыгын билбейбиз, көзүн ким ачканын да билбейбиз. Бала эмес го, өзүнөн сурагыла, өзү айтып берсин», – деп жооп берди.

    9:22 Ата-энеси жүйүттөрдөн корккондуктан, ушинтип жооп берди. Анткени жүйүттөр «Ким Аны Машайак деп кабыл ала турган болсо, ал синагогадан чыгарылсын» деген чечим чыгарып коюшкан эле.

    9:23 Ошондуктан ата-энеси: «Бала эмес го, өзүнөн сурагыла», – деген эле.

    9:24 Ошондо фарисейлер мурун сокур болгон кишини экинчи ирет чакырышты да: «Кудай алдында чыныңды айт, биз ал Адамдын күнөөкөр экендигин билебиз», – дешти.

    9:25 Ал мындай деп жооп берди: «Анын күнөөкөр же күнөөкөр эмес экенин билбейм. Бир гана нерсени билем: мен сокур болчумун, азыр көзүм көрүп калды».

    9:26 «Ал сага эмне кылды? Көзүңдү кантип ачты?» – деп, алар дагы сурашты.

    9:27 «Айтып эле жатпаймынбы, өзүңөр укпай жатасыңар го. Дагы эмнени уккуңар келет? Же силер да Анын шакирти болгуңар келип жатабы?» – деп жооп берди ал.

    9:28 «Анын шакирти сенсиң, биз болсо Мусанын шакирттерибиз», – деп, фарисейлер аны жекиришти да:

    9:29 «Кудайдын Мусага сүйлөгөнүн билебиз, ал эми Жанагынын кайдан келгенин билбейбиз», – дешти.

    9:30 Ошондо көзү көрүп калган адам аларга мындай деп жооп берди: «Анын кайдан келгенин билбегениңер кызык экен. Ал менин көзүмдү ачпадыбы.

    9:31 Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпай тургандыгын билебиз. Бирок ким Кудайдан коркуп, Анын эркин аткарса, Кудай аны угат.

    9:32 Бирөө тубаса сокурдун көзүн ачты дегенди үч ким үч качан уккан эмес.

    9:33 үгерде Ал Адам Кудайдан болбосо, мындай ишти кыла алмак эмес».

    9:34 Ошондо алар: «Күнөөкөр болуп төрөлгөн сен бизди окуткуң барбы?» – деп, аны ийбадатканадан кууп чыгышты.

    9:35 Аны ийбадатканадан кууп чыгышканын Ыйса укканда, аны таап: «Сен Кудайдын Уулуна ишенесиңби?» – деп сурады.

    9:36 Ал Ага: «Мырза, Ал Ким? Мен Ага ишенейин», – деди.

    9:37 Ыйса ага: «Сен Аны көрдүң. Ал азыр сени менен сүйлөшүп жатат», – деди.

    9:38 Ошондо ал: «Ишенем, Теңир!» – деп, Ага таазим кылды.

    9:39 Анан Ыйса: «Мен бул дүйнөгө көзү көрбөгөндөр көрсүн, көргөндөр сокур болсун деп өкүм чыгаруу үчүн келгем», – деди.

    9:40 Анын жанында турган күү бир фарисейлер муну укканда: «үмне, биз да сокурбузбу?» – дешти.

    9:41 Ыйса аларга мындай деди: «үгерде сокур болсоңор, анда мойнуңарда күнөө жок болмок. Бирок көзүбүз көрөт деп жатканыңар үчүн, күнөөңөр мойнуңарда калат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск