Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Ыйсанын күнөөкөр аялды кечирүүсү

    8:1 Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти.

    8:2 үртең менен кайра ийбадатканага келди. Бүт эл Анын жанына чогулду. Ыйса отуруп алып, аларды окутту.

    8:3 Ошол учурда мыйзам окутуучулар менен фарисейлер ойноштук кылып кармалган бир аялды Ыйсага алып келип, ортого тургузушту да, мындай дешти:

    8:4 «Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды!

    8:5 Тооратта Муса бизге мындайларды таш бараңга алууну осуят кылган. Ал эми Сен эмне дейсиң?»

    8:6 Ыйсаны айыптоого шылтоо табыш үчүн, муну алар сынап сурашты. Бирок Ыйса аларга көңүл бөлбөстөн, үңкейип, жерге сөөмөйү менен бир нерсени жаза баштады.

    8:7 Алар кайра-кайра сурай беришкендиктен, башын көтөрүп: «Араңарда ким күнөөсүз болсо, ошол адам аялга биринчи болуп таш ыргытсын», – деди да,

    8:8 кайра үңкейип, жазганын улантты.

    8:9 Муну укканда, аларды абийири ашкерелеп, адегенде башчылары, андан кийин калгандары, биринин артынан бири кете башташты. Ыйсанын жанында ортодо турган аял гана калды.

    8:10 Ошондо Ыйса башын көтөрүп, аялдан башка үч ким жок экенин көрдү да: «Аял, сени айыптагандар кайда? үч ким сени айыптаган жокпу?» – деди.

    8:11 Аял Ага: «үч ким, Теңир», – деп жооп берди. «Мен да сени айыптабайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба», – деди Ыйса.

    Ыйса – дүйнөнүн жарыгы

    8:12 Ыйса аларга дагы мындай деп сүйлөдү: «Мен дүйнөнүн жарыгымын. Мени эүрчиген адам караңгыда жүрбөй, өмүр жарыгына эү болот».

    8:13 Ошондо фарисейлер Ага: «Сен өзүң жөнүндө өзүң күбөлөндүрүп жатасың. Сенин күбөлөндүрүэң чындык эмес», – дешти.

    8:14 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрүп жатсам да, Менин күбөлөндүрүүм чындык. Анткени Мен өзүмдүн кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди, кайда барарымды билбейсиңер.

    8:15 Силер сырткы көрүнүшү боюнча соттойсуңар. Мен болсо үч кимди соттобойм.

    8:16 Мен соттосом да, Менин сотум туура. Анткени Мен жалгыз эмесмин, Мени жиберген Атам менен биргемин.

    8:17 Силердин мыйзамыңарда да: “үки адамдын күбөлөндүрүүсү чындык”, – деп жазылып турат.

    8:18 өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрөм, Мен жөнүндө Мени жиберген Атам да күбөлөндүрөт».

    8:19 Ошондо алар Андан: «Сенин Атаң кайда?» – деп сурашты. Ыйса: «Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер. эгерде Мени билсеңер, анда Менин Атамды да билмексиңер», – деп жооп берди.

    8:20 Ыйса бул сөздөрдү ийбадатканада окутуп жатканда, курмандыктар салына турган кутунун жанында туруп сүйлөдү. Бирок Аны үч ким кармап кеткен жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.

    Ыйсанын Атасына кете тургандыгын күбөлөндүрүшү

    8:21 Ыйса аларга дагы: «Мен кетем, Мени издейсиңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен барган жерге силер бара албайсыңар», – деди.

    8:22 Ошондо жүйүттөр: «“Мен барган жерге силер бара албайсыңар”, – дейт, эмне, Ал өзүн өзү өлтүрөбү?» – дешти.

    8:23 Ыйса аларга: «Силер төмөн жактансыңар, Мен жогору жактанмын. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, Мен бул дүйнөдөн эмесмин.

    8:24 Ошондуктан Мен силерге күнөөкөр бойдон өлөсүңөр дедим. Бул Мен экениме ишенбесеңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр», – деди.

    8:25 Ошондо алар Андан: «Сен кимсиң?» – деп сурашты. Ыйса аларга: «Силерге башынан бери эле айтып келе жатканымдай, Мен Ошолмун.

    8:26 Силер жөнүндө айтып, айыптай турган себептерим көп. Бирок Мени Жиберген – чындык. Мен дүйнөгө Андан укканымды айтып жатам», – деп жооп берди.

    8:27 Алар Ыйсанын Атасы жөнүндө айтып жатканын түшүнүшкөн жок.

    8:28 Ошондуктан Ыйса мындай деди: «Адам Уулун жогору көтөргөнүңөрдө, Менин ким экендигимди, өз атымдан үч нерсе кылбастыгымды, Атам кандай эйрөтсө, ошондой сүйлөй тургандыгымды билесиңер.

    8:29 Мени Жиберген Мени менен бирге, Атам Мени жалгыз калтырган жок. Анткени Мен ар дайым Ага жакканды кылам».

    8:30 Ушул сөздөрдү айтканда, Ага көптөр ишенип калышты.

    Чыныгы эркиндик

    8:31 Ыйса өзүнө ишенип калган жүйүттөргө мындай деди: «үгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер.

    8:32 Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат».

    8:33 Алар Ага: «Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, үч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, “үркин болосуңар” дегениң кандай?» – дешти.

    8:34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, күнөө кылган адам – күнөөнүн кулу.

    8:35 Бирок кул эйдө түбөлүккө калбайт, уул калат.

    8:36 үгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар.

    Чындыктын душмандары

    8:37 Ыбрайымдын урпактары экениңерди билем. Ошондой болсо да Мени өлтүргүңөр келет, анткени Менин сөзүмө жүрөгүңөрдө орун жок.

    8:38 Атамдан эмнени көрсөм, Мен ошону айтып жатам. Силер болсо атаңардан эмнени көрсөңөр, ошону кылып жатасыңар».

    8:39 Ошондо алар ага: «Биздин атабыз – Ыбрайым», – деп жооп беришти. Ыйса аларга: «үгерде силер Ыбрайымдын уулдары болсоңор, анда Ыбрайым кылгандай иштерди кылат элеңер.

    8:40 Бирок азыр Мени – Кудайдан уккан чындыкты силерге айткан Адамды өлтүргүңөр келет. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес.

    8:41 Силер өз атаңардын кылганын кылып жатасыңар», – деди. Ошондо алар Ага: «Биз ойноштон туулган эмеспиз. Биздин бир эле Атабыз бар, Ал – Кудай», – дешти.

    8:42 Ыйса аларга мындай деди: «үгерде Атаңар Кудай болсо, анда Мени жакшы көрмөксүңөр. Анткени Мен Кудайдан келдим. өз атымдан келген жокмун, Мени Ал жиберди.

    8:43 Менин сөздөрүмдү эмнеге түшүнбөйсүңөр? Анткени Менин сөздөрүмдү уга албайсыңар.

    8:44 Силердин атаңар – шайтан, силер ошонун кумарлуу иштерин аткаргыңар келет. Ал башынан эле киши өлтүргүч болчу, чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок. Жалган айтуу – анын табияты. Анткени ал – жалганчы жана жалгандын атасы.

    8:45 Бирок Мен чындыкты айткандыктан, силер Мага ишенбей жатасыңар.

    Ыйсанын өзү жөнүндө жана Ыбрайым жөнүндө айтканы

    8:46 “Күнөөң бар”, – деп, Мени кимиңер айыптай аласыңар? эгерде Мен чындыкты айтып жатсам, анда эмне үчүн Мага ишенбейсиңер?

    8:47 Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөздөрүн угат. Силер Кудайдан эмессиңер, ошондуктан укпайсыңар».

    8:48 Буга жүйүттөр: «“Самариялыксың, Сенин ичиңде жин бар”, – деп, туура айткан экенбиз!» – деп жооп беришти.

    8:49 Ыйса аларга: «Менин ичимде жин жок. Мен Атамды урматтайм, силер болсо Мени кордоп жатасыңар.

    8:50 Дегинкиси, Мен өзүмө даңк издебейм, бирок издей турган жана соттой турган Бирөө бар.

    8:51 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү аткарган адам үч качан өлбөйт», – деди.

    8:52 Ошондо жүйүттөр Ага мындай дешти: «Ичиңде жин бар экенине чындап көзүбүз жетти. Ыбрайым өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен болсо: “Менин сөзүмдү аткарган адам үч качан өлбөйт”, – дейсиң!

    8:53 Сен, эмне, атабыз Ыбрайымдан да чоңсуңбу? Ал өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен өзүңдү ким деп эсептеп жатасың?»

    8:54 Ыйса мындай деп жооп берди: «үгерде Мен өзүмдү өзүм даңктап жатсам, анда Менин даңкым үч нерсеге турбайт. Мени Атам даңктайт, силер Аны “биздин Кудайыбыз” дейсиңер.

    8:55 Силер Аны билбейсиңер, Мен болсо билем. эгерде билбейм десем, анда силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен Аны билем жана Анын сөздөрүн сактайм.

    8:56 Атаңар Ыбрайым Менин күнүмдү көрөм деп кубанган жана көрүп кубанды».

    8:57 Ошондо жүйүттөр Ага: «өзүң элүү жашка чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүңбү?» – дешти.

    8:58 Ыйса аларга: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», – деди.

    8:59 Ошондо алар Ыйсаны уруш үчүн, жерден таш алышты. Бирок Ал жашырынып, ийбадатканадан чыгып кетти. Аларды аралап өтүп, кетип калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск