Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Бир туугандарынын Ыйсаны майрамга чакырышы

    7:1 Андан кийин Ыйса Галилея аймагын аралап жүрдү. Ал Жүйүт аймагында жүргүсү келген жок, анткени жүйүттөр Аны өлтүрмөкчү болуп жатышкан эле.

    7:2 Жүйүттөрдүн «Алачык майрамы» жакындап калган.

    7:3 Ошондо бир туугандары Ыйсага: «Бул жерден чыгып, Жүйүт аймагына бар, кылып жаткан иштериңди шакирттериң да көрүшсүн.

    7:4 Анткени белгилүү болгусу келген адам иштерин жашырбайт. Ушундай иштерди кылып жаткандан кийин, өзүңдү дүйнөгө көрсөт», – дешти.

    7:5 Анткени бир туугандары да Ага ишенишчү эмес.

    7:6 Ыйса аларга мындай деди: «Менин убагым келе элек. Ал эми силер үчүн бардык учурда боло берет.

    7:7 Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Анткени Мен анын иштеринин жаман экендигин күбөлөндүрүп жатам.

    7:8 Силер майрамга бара бергиле! Мен азырынча бул майрамга барбайм, анткени Менин убагым келе элек».

    7:9 Ал ушуну айтып, Галилеяда калып калды.

    Ыйсанын майрамга жөнөшү

    7:10 Бир туугандары кеткенден кийин, Ыйса да майрамга жашыруун жөнөдү.

    7:11 Жүйүттөр болсо: «Ал кайда?» – деп, майрам убагында Ыйсаны издей башташты.

    7:12 үлдин арасында Ал жөнүндө ар кандай сөз жүрүп жатты. Бирөөлөр Аны: «Жакшы», – десе, бирөөлөр: «Жок, Ал элди адаштырып жатат», – деп жатышты.

    7:13 Бирок жүйүттөрдөн коркушкандыктан, Ал тууралуу ачык айта алышкан жок.

    Ыйса майрамда

    7:14 Майрамдын ортосунда Ыйса ийбадатканага келип, элди окута баштады.

    7:15 «Бул окубаса деле Ыйык Жазууну кайдан билет?» – деп, жүйүттөр таң калышты.

    7:16 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Менин окутуум Меники эмес, Мени жиберген Кудайдыкы.

    7:17 Кудайдын каалоосун аткаргысы келген адам, бул окутуу Кудайданбы же Мен өз атымдан сүйлөп жатамбы, билип алат.

    7:18 өз атынан сүйлөгөн өзүнүн даңкталышын каалайт. Ал эми Ким өзүн Жибергендин даңкталышын кааласа, Ал – чындык, Анда адилетсиздик жок.

    7:19 Муса силерге мыйзам берген, бирок бириңер да аны аткарбайсыңар. Мени эмне үчүн өлтүргөнү жатасыңар?»

    7:20 Ошондо эл Ага: «Сенин ичиңде жин бар. Ким Сени өлтүрөм деп жатат?» – деди.

    7:21 Ыйса мындай деп сөзүн улантты: «Ишемби күнү оорулууну айыктырганыма баарыңар таң калып жатасыңар.

    7:22 Муса силерге сүннөткө отургузуу мыйзамын берген. (Чынында, бул мыйзам Мусадан мурун эле бар болчу, ал ата-бабалардан калган.) Силер болсо ишемби күнү сүннөткө отургузуп жатасыңар.

    7:23 Мусанын мыйзамын бузбайлы деп, ишемби күнү деле сүннөткө отургузуп жатпайсыңарбы. Анан ишемби күнү бир адамды толук айыктырып койгондугум үчүн, Мага эмнеге ачууланып жатасыңар?

    7:24 Сырткы көрүнүшү боюнча соттобогула, сотуңар адил болсун».

    7:25 Ошондо иерусалимдиктердин күү бирөөлөрү мындай дешти: «өлтүрөбүз деп издеп жатышканы Ушул эмеспи?

    7:26 Карасаңар, Ал ачык эле айтып жатат, бирок Ага үч ким үч нерсе деген жок! Же башчылар да Аны Машайак деп, ынанып калышканбы?

    7:27 Бирок биз Анын кайсы жерден экенин билебиз. Ал эми Машайак келгенде, Анын кайсы жерден экенин үч ким билбейт».

    7:28 Ошондо ийбадатканада элди окутуп жаткан Ыйса үнүн катуу чыгарып, мындай деди: «Ооба, силер Мени билесиңер, Менин кайсы жерден экенимди да билесиңер. Бирок Мен өз атымдан келген жокмун. Мени жиберген Кудай – чындык, силер Аны билбейсиңер.

    7:29 Мен Аны билемин, анткени Мен Анданмын, Мени Ал жиберген».

    7:30 Ошондо Ыйсаны кармоого аракеттеништи. Бирок Ага үч кимиси кол көтөргөн жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.

    7:31 Бирок элдин көбү: «Машайак келгенде, эмне, Бул көрсөткөн кереметтерден да көп керемет көрсөтөбү?» – деп, Ыйсага ишенип калышты.

    7:32 үл арасында Ал жөнүндө айтылып жаткан ушундай сөздөр фарисейлерге жетти. Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсаны кармап келүүгө кызматчыларын жиберишти.

    7:33 Ыйса болсо аларга мындай деди: «Дагы бир аз убакыт араңарда болом, андан кийин Мени Жибергенге барам.

    7:34 Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар. Мен болгон жерге силер келе албайсыңар».

    7:35 Ошондо жүйүттөр өз ара мындай деп сүйлөшө башташты: «Биз таба албагыдай, Ал кайда барат? эллиндердин өлкөсүнө чачырап кеткен жүйүттөргө барып, эллиндерди окутабы?

    7:36 “Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар”, “Мен болгон жерге силер келе албайсыңар”, – дегени эмнеси?»

    Ыйсанын Ыйык Рухтун күчү жөнүндө айткан сөзү

    7:37 Майрамдын акыркы – эң улуу күнү Ыйса эл алдында туруп, бийик эн менен мындай деди: «Ким суусаса, Мага келсин жана ичсин.

    7:38 Ыйык Жазууда айтылгандай, Мага ишенген адамдын ичинен тирүү суу чыгат».

    7:39 Ыйса бул сөз аркылуу өзүнө ишенгендер ала турган Ыйык Рух жөнүндө айтты. Ыйса даңктала элек болгондуктан, Рух бериле элек болчу.

    Ыйса жөнүндөгү ар кандай ойлор

    7:40 Бул сөздөрдү уккан күү бирөөлөр: «Чын эле, бул – Пайгамбар», – дешсе,

    7:41 күү бирөөлөр: «Бул – Машайак», – дешти. Дагы бирөөлөр: «Жок! Машайак Галилеядан келмек беле?

    7:42 Ыйык Жазууда: “Машайак Дөөттүн тукумунан, Дөөттүн шаарчасы Бейт-Лехемден келет”, – деп айтылган жок беле?» – дешти.

    7:43 Ошондо эл арасында Ыйса тууралуу талаш-тартыш чыкты.

    7:44 Күү бирөөлөр Аны кармоого аракеттеништи, бирок Ага үч кимиси кол көтөргөн жок.

    7:45 Кайтып келишкен кызматчылардан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер: «үмне үчүн Аны алып келген жоксуңар?» – деп сурашты.

    7:46 Кызматчылар болсо: «үч ким үч качан бул Адамдай сүйлөгөн эмес», – деп жооп беришти.

    7:47 Ошондо фарисейлер аларга мындай дешти: «үмне, силер да алданып калдыңарбы?

    7:48 Башкаруучулардан же фарисейлерден Ага ким ишенди?!

    7:49 Мыйзамды билбеген бул караңгы эл каргышка калсын!»

    7:50 Алардын бири, мурун Ыйсага түн жамынып келип кеткен Никедим, аларга мындай деди:

    7:51 «үмне кылганын адамдын өз оозунан угуп териштирбей туруп, биздин мыйзам боюнча өкүм чыгарууга болобу?»

    7:52 Ошондо ага: «үмне, сен да Галилеядансыңбы? Изилдеп көр, Галилеядан пайгамбар чыкпай тургандыгын ошондо билесиң», – деп жооп беришти.

    7:53 Андан кийин баары тең үйлөрүнө тарап кетишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск