Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Беш миң адамды тойгузуу

    6:1 Андан кийин Ыйса Галилея көлүнүн наркы өйүзүнө кетти.

    6:2 Аны көп эл эүрчип алды, анткени алар Анын оорулууларды айыктырганын көрүшкөн эле.

    6:3 Ыйса шакирттери менен тоого чыгып отурду.

    6:4 Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындап калган эле.

    6:5 Ыйса өзүн көздөй келе жаткан көп элди көрүп, Филипке: «үлди тойгузуу үчүн, нанды кайдан сатып алабыз?» – деди.

    6:6 Ал бул сөздү аны сыноо үчүн айтты. өзү болсо эмне кылуу керектигин билген.

    6:7 Филип Ага: «Ар бирине бир аздан бергенде да, аларга эки жүз динарийге келе турган нан жетпейт», – деп жооп берди.

    6:8 Ошондо шакирттеринин бири Шымон Петирдин иниси Андрей Ыйсага мындай деди:

    6:9 «Ушул жердеги бир балада беш арпа нан жана эки кичинекей балык бар. Бирок ал ушунча көп кишиге эмне болмок эле?»

    6:10 Ыйса аларга: «үлди жерге отургузгула», – деди. Ошол жер шиберлүү эле. Аялдар менен балдарды эсептебегенде, ал жерге беш миңге жакын киши отурду.

    6:11 Ыйса нандарды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, шакирттерине берди. Алар отургандарга таратышты. Балыктан да алардын каалашынча беришти.

    6:12 үл тойгондон кийин, Ал шакирттерине: «Ысырап болбошу үчүн, арткан нанды жыйнап алгыла», – деди.

    6:13 Алар эл жеген беш арпа нандын артканын жыйнашканда, он эки себет толду.

    6:14 Ошондо Ыйса жасаган кереметти көргөн адамдар: «Дүйнөгө келе турган Пайгамбар ушул», – дешти.

    Ыйсанын көлдүн үстүнөн басышы

    6:15 Алар Ыйсаны кармап алып, падыша шайламакчы болуп жатышты. Ыйса алардын бул оюн билип, кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калды.

    6:16 Кеч киргенде, Анын шакирттери көлгө барып,

    6:17 бир кайыкка түшүштү да, көлдүн наркы өйүзүнө, Капернаумга бет алышты. Караңгы кирип калган эле, Ыйса болсо аларга келе элек болчу.

    6:18 Катуу шамал болуп, көл толкуй баштады.

    6:19 Алар жыйырма беш-отуз стадий сүзүшкөндөн кийин, көлдүн үстүндө кайыкты көздөй басып келе жаткан Ыйсаны көрүп коркуп кетишти.

    6:20 Ыйса аларга: «Коркпогула, бул Менмин!» – деди.

    6:21 Алар Ыйсаны кайыкка түшүрүп алмакчы болушту. Бирок кайык ошол замат алар бет алган жүүкке жетип калды.

    Ыйса – өмүр берүүчү нан

    6:22 Көлдүн наркы өйүзүндө калган эл кийинки күнү жүүкте шакирттер түшкөн кайыктан башка кайык болбогонун, Ыйсанын алардын кайыгына түшпөгөнүн, шакирттер өздөрү гана сүзүп кетишкенин үстешти.

    6:23 Ошол арада эл нан жеген жерден алыс эмес жерге Тибериядан башка кайыктар келип жатты. Теңир нан үчүн ыраазычылык билдиргенден кийин, ошол жерде эл нан жеген эле.

    6:24 Ал жерде Ыйса да, шакирттери да жок экенин көргөн эл кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп Капернаумга келди.

    6:25 Алар Ыйсаны көлдүн берки өйүзүнөн табышты да: «Устат, бул жерге качан келдиң?» – деп сурашты.

    6:26 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, керемет көргөнүңөр үчүн эмес, нан жеп тойгонуңар үчүн, Мени издеп жүрөсүңөр.

    6:27 Күнүмдүк тамак үчүн эмес, түбөлүктүү тамак үчүн аракеттенгиле. Аны силерге Адам Уулу берет. Анткени Кудай Ата Ага өз мөөрүн баскан».

    6:28 Ошондо алар Ыйсадан: «Кудайдын иштерин аткарыш үчүн, эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.

    6:29 Ыйса аларга: «Ал Кимди жиберсе, Ошого ишенгиле. Кудайдын иши – мына ушул», – деп жооп берди.

    6:30 Ошондо алар Ыйсага мындай дешти: «Кандай керемет көрсөтөсүң? Биз көрүп, Сага ишенип калалы. Кана, эмне кыласың?

    6:31 Ыйык Жазууда: “Кудай аларга асман нанын берди”, – деп жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен».

    6:32 Ыйса болсо аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, нанды силерге Муса берген эмес, Атам силерге асман нанын, чыныгы нанды берет.

    6:33 Анткени Кудайдын наны асмандан түшүп, адамзатка өмүр берет».

    6:34 Ошондо алар Ага: «Мырза, бизге дайыма ошондой нан берип турчу!» – дешти.

    6:35 Ыйса аларга мындай деди: «Мен өмүр берүүчү нанмын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам үч качан суусабайт.

    6:36 Бирок Мен силерге айтканымдай эле, Мени көрсөңөр да, ишенбей жатасыңар.

    6:37 Атам бергендердин баары Мага келет. Мага келген адамды Мен кубалабайм.

    6:38 Анткени Мен өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарыш үчүн, асмандан түштүм.

    6:39 Мени жиберген Атамдын каалоосу мындай: Ал бергендердин үч кимисин жоготпой, баарын тең акыркы күнү тирилтүүм керек.

    6:40 Атамдын каалоосу – Уулун көргөн, Уулуна ишенген ар бир адамдын түбөлүк өмүргө эү болуусу. Мен аны акыркы күнү тирилтем».

    6:41 Ыйсанын: «Асмандан түшкөн нан Менмин», – дегенине жүйүттөр мындай деп күңкүлдөй башташты:

    6:42 «Мына бул Жусуптун уулу Ыйса эмеспи? Биз Мунун ата-энесин билебиз да! Анан Бул кандайча: “Асмандан түштүм”, – деп жатат?»

    6:43 Ыйса аларга мындай деди: «Күңкүлдөбөгүлө.

    6:44 Мени жиберген Атам чакырбаса, Мага үч ким келе албайт. Мен аны акыркы күнү тирилтем.

    6:45 “Пайгамбарлар” китебинде: “Алардын бардыгын Кудай эйрөтөт”, – деп жазылган. Атадан угуп эйрөнгөн ар бир адам Мага келет.

    6:46 Бул кимдир бирөө Атаны көргөн дегенди билдирбейт. Атаны Кудайдан келген Бирөө гана көргөн.

    6:47 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө эү.

    6:48 Мен өмүр берүүчү нанмын.

    6:49 Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешти, өлүштү.

    6:50 Ал эми асмандан түшкөн нанды жеген адам өлбөйт.

    6:51 Мен асмандан түшкөн тирүү нанмын. Бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт. Мен бере турган нан – бул Менин Денем. Мен аны адамзаттын өмүрү үчүн берем».

    6:52 Ошондо жүйүттөр: «Кантип Ал бизге өз Денесин жегенге бермек эле?» – деп, өз ара талаша башташты.

    6:53 Ыйса болсо аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Адам Уулунун Денесин жеп, Канын ичпесеңер, өмүргө эү болбойсуңар.

    6:54 Ким Менин Денемди жеп, Канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө эү, Мен аны акыркы күнү тирилтем.

    6:55 Анткени Менин Денем – чыныгы азык, Каным – чыныгы суусундук.

    6:56 Денемди жеп, Канымды ичкен адам Менин ичимде болот, Мен анын ичинде болом.

    6:57 Тирүү Атам Мени жиберип, Мен Ал аркылуу жашап жаткандай эле, Менин Денемди жеген адам Мен аркылуу жашайт.

    6:58 Асмандан түшкөн бул нан ата-бабаларыңар жеген маннадай эмес, манна жеген алар өлүштү. Ал эми бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт».

    6:59 Ыйса бул сөздөрдү Капернаумдагы синагогада элди окутуп жатканда айтты.

    Ыйсаны эүрчүүдөн баш тарткан шакирттер

    6:60 Шакирттеринин бир тобу муну укканда: «Катуу айтылган сөздөр экен, муну ким угуп тура алат? » – дешти.

    6:61 Шакирттеринин ушул тууралуу нааразылык билдиргенин билген Ыйса аларга мындай деди: «Ушул сөз силердин кыжырыңарды келтирип жатабы?

    6:62 Адам Уулунун мурун болгон жерине көтөрүлүп бара жатканын көргөндө кантесиңер?

    6:63 Рух өмүр берет, дене үч кандай пайда келтирбейт. Менин силерге айтып жаткан сөздөрүм – рух жана өмүр.

    6:64 Бирок араңарда ишенбегендер да бар». Кимдер ишенбей коёрун, кимдин чыккынчылык кыларын Ыйса алдын ала эле билген.

    6:65 Анан Ал дагы мындай деди: «“Атам чакырбаса, Мага үч ким келе албайт”, – деп, Мен ошон үчүн айткам».

    6:66 Ушул сөздөрдөн кийин шакирттеринин көбү Ыйсадан четтеп, Аны эүрчибей калышты.

    Петирдин Ыйсаны Теңир катары таанышы. Жүйүт – чыккынчы

    6:67 Ошондо Ыйса он эки шакиртинен: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» – деп сурады.

    6:68 Шымон Петир мындай деп жооп берди: «Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде.

    6:69 Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы – Машайак экениңди билип, Сага ишенип калдык».

    6:70 Ыйса аларга: «Ушул он экиңди Мен тандап алган эмес белем? Бирок араңардагы бирөө – шайтан», – деди.

    6:71 Ал Шымондун уулу Жүйүт Искариот жөнүндө айткан эле. Ал «он экинин» бири болгону менен, кийин Ыйсаны сатып кеткен.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск