Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Сулаймандын Кудайды унутушу

    11:1 Сулайман падыша фараондун кызынан башка, жат жердик көп аялдарды: мааптык, амондук, эдомдук, сидондук, хеттик аялдарды сүйдү.

    11:2 Теңир Ысрайыл уулдарына ал элдер жөнүндө: «Алар силердин жүрөгүңөрдү өз кудайларына буруп кетпеши үчүн, аларга кошулбагыла, алар да силерге кошулбасын», – деп айткан эле. Сулайман аларды сүйүп, аларга жүрөгүн берди.

    11:3 Анын жети жүз аялы, үч жүз күң аялы бар эле. Ал аялдар анын жүрөгүн эүлеп, жолдон чыгарышты.

    11:4 Сулайман карып калган мезгилде, аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга бурушту, анын жүрөгү атасы Дөөттүн жүрөгү сыяктуу Кудай-Теңирге толук берилген жок.

    11:5 Сулайман сидондуктардын кудайы Ашейрага жана амондуктардын жийиркеничине – Милкомго кызмат кыла баштады.

    11:6 Сулайман Теңирге жакпаган иштерди кылды, атасы Дөөт сыяктуу Теңирди толук эүрчиген жок.

    11:7 Сулайман Иерусалимдин чыгышындагы тоого мааптыктардын жийиркеничине – Кемошко, амондуктардын жийиркеничине – Молохко арнап буткана курду.

    11:8 өз кудайларына арнап жыпар жыттуу зат түтөткөн жана курмандык чалган бардык жат жердик аялдары үчүн ал ушундай кылды.

    11:9 үки жолу келген Ысрайылдын Кудай-Теңиринен жүрөгүн алыстаткандыгы үчүн, Теңир Сулайманга каарданды.

    11:10 Теңир ага башка кудайларды эүрчибөөнү буйрук кылды, бирок ал Теңирдин буйругун аткарган жок.

    11:11 Ошондо Теңир Сулайманга мындай деди: «Ушундай кылганың үчүн, Менин келишимимди, сага буйруган мыйзамдарымды сактабаганың үчүн, сенден падышачылыкты тартып алып, өзүңдүн кулуңа берем.

    11:12 Бирок атаң Дөөт үчүн Мен муну сенин убагыңда кылбайм. Аны сенин уулуңдун колунан тартып алам.

    11:13 Бирок падышачылыкты толугу менен тартып албайм. өз кулум Дөөт үчүн, өзүм тандап алган Иерусалим үчүн уулуңа бир урууну берем».

    Сулаймандын душмандары

    11:14 Ошентип, Теңир эдом падышасынын тукумунан эдомдук Адатты Сулайманга душман кылды.

    11:15 Дөөт эдомдо жүргөндө, аскер башчы Жойап өлтүрүлгөндөрдү көргө койгону келип, эдомдогу эркек аттуунун баарын кырып салганда,

    11:16 Жойап менен ысрайылдыктар эдомдогу эркек аттуулардын баарын кырып бүткөнчө, ал жерде алты ай жашап турушкан.

    11:17 Ушул Адат жана анын атасына кызмат кылган бир нече эдомдук Мисирге качып кетишкен. Ошондо Адат кичинекей бала болчу.

    11:18 Алар Мидиан жеринен чыгып, Паранга келишкен. Анан алар Парандан кишилерди алып, Мисирге, Мисир падышасына, фараонго келишкен. Фараон ага эй берген, кызмат акы белгилеген, жер берген.

    11:19 Адат фараондон чоң ырайым тапкан, андыктан ал ага өзүнүн аялы ханыша Тахпенестин сиңдисин аялдыкка берген.

    11:20 Тахпенестин сиңдиси ага Генубат аттуу уул төрөп берген. Аны Тахпенес фараондун үйүндө тарбиялаган. Генубат фараондун балдары менен бирге фараондун үйүндө жашаган.

    11:21 Адат Дөөттүн ата-бабаларына кошулганын жана аскер башчы Жойаптын өлгөнүн укканда, фараонго: «Мени коё бер, өз жериме кетейин», – деген.

    11:22 Фараон ага: «өз жериңе кеткиң келгидей, менин жеримде бир нерсеге муктаж болуп жатасыңбы?» – деген. Ал: «үч нерсеге муктаж болгон жокмун, бирок мени коё бер», – деп жооп берген.

    11:23 өз мырзасы Соба падышасы Ададезерден качып кеткен элийада уулу Резонду да Кудай Сулайманга душман кылды.

    11:24 Адедазар Дөөттөн жеңилип калганда, Резон тегерегине кишилерди топтоп, каракчылар тобунун жетекчиси болуп алган. Алар Дамаскка барып отурукташып, Дамаскта бийлик кылышкан.

    11:25 Ал Сирияга падыша болуп алып, Сулаймандын өмүрү өткөнчө, Ысрайылга душман болду. Адат кылган жамандыктан тышкары ал Ысрайылга дайыма зыян келтирчү.

    Кудайдын Жаробамга берген убадасы

    11:26 үпрайым уруусунан серейдалык Небат уулу Жаробам, Сулаймандын кулу, падышага кол көтөрдү. Анын жесир калган энесинин аты – Серуя.

    11:27 Анын падышага кол көтөргөнүнүн себеби мындай: Сулайман Мило сепилин куруп, атасы Дөөттүн шаарын оңдоп жатты.

    11:28 Жаробам эр жүрөк жигит эле. Сулайман бул жаш жигиттин ишке жөндөмдүү экендигин байкап, аны Жусуптун тукумундагы жумушчуларга көзөмөлдөөчү кылып дайындады.

    11:29 Ошол убакта Жаробам Иерусалимден чыкты. Ага жолдон шилолук Акия пайгамбар жолукту. Анын кийими жаңы эле. Талаада алар экөө гана болчу.

    11:30 Акия кийимин чечип, аны он эки бөлүк кылып айрып салды.

    11:31 Анан Жаробамга мындай деди: «Он бөлүгүн өзүңө ал, анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мына, Мен Сулаймандын колунан падышачылыкты тартып алып, он урууну сага берип жатам.

    11:32 Ал эми ага Менин кулум Дөөт үчүн жана бүт Ысрайыл урууларынын ичинен Мен тандап алган Иерусалим шаары үчүн бир уруу калат.

    11:33 Анткени алар Мени таштап, Сидон кудайы Ашейрага, Маап кудайы Кемошко, Амон кудайы Милкомго табына башташты. Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактаган атасы Дөөттөй болбой, Менин алдымда Мага жакпаган иштерди кылышты, Менин жолум менен жүрүшкөн жок.

    11:34 Мен анын колунан бүт падышачылыкты тартып албайм, Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактаган, өзүм тандап алган кулум Дөөт үчүн Мен аны өмүрү өткөнчө өкүмдар кылып калтырам.

    11:35 Бирок падышачылыкты анын уулунун колунан тартып алып, сага он урууну берем.

    11:36 өзүмдүн ысымым болуп турушу үчүн тандап алган Иерусалим шаарында, Менин алдымда кулум Дөөттүн чырагы түбөлүккө жаркырап турушу үчүн, анын уулуна бир урууну берем.

    11:37 Мен сени тандап алдым, сен жүрөгүң каалаган нерсенин бардыгынын үстүнөн бийлик кыласың, Ысрайылга падыша болосуң.

    11:38 үгер сен Менин кулум Дөөттөй болуп, Мен берген осуяттардын бардыгын сактасаң, Менин жолдорум менен жүрсөң, Менин көз алдымда Мага жаккан иштерди кылсаң, Мен берген мыйзамдар менен буйруктардын бардыгын аткарсаң, Мен сени менен болуп, Дөөттүн үйүн тургузгандай, сенин үйүңдү бекем тургузам, Ысрайылды сага берем.

    11:39 Мен Сулайман үчүн Дөөт тукумун басынтам, бирок түбөлүккө эмес”».

    11:40 Сулайман Жаробамды өлтүргүсү келди, бирок Жаробам турду да, Мисирге, Мисир падышасы Шишакка качып кетти. Ал Мисирде Сулайман өлгөнгө чейин жашады.

    Сулаймандын көз жумушу

    11:41 Сулаймандын калган сөздөрү, кылган бардык иштери, акылмандуулугу Сулаймандын иштери жазылган китепте баяндалган.

    11:42 Сулайман Иерусалимде, бүт Ысрайылга кырк жыл падышачылык кылды.

    11:43 Сулайман ата-бабаларына кошулду, сөөгү атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Рехабам тактыга отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск