Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 28

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    28-БөЛЄМ

    28:1 Ошондо Ыскак Жакыпты чакырып, ага батасын берип, мындай деп осуят кылды: «Канаан кыздарынан аял алба.

    28:2 Ордуңан туруп, Месопотамияга, апаңдын атасы Бетуелдин үйүнө бар, ал жерден апаңдын бир тууганы Лабандын кыздарынан аял ал.

    28:3 Кудуреттүү Кудай сага батасын берсин, сени укум-тукумдуу кылсын, сенден көптөгөн элдер тарасын.

    28:4 Кудай Ыбрайымга берген батасын сага да, сенин укум-тукумуңа да берсин. Кудай Ыбрайымга берген, азыр сен жашап жаткан жерди мураска ал».

    28:5 Ошентип, Ыскак Жакыпты коё берди. Ал Месопотамияга, Жакып менен эйсаптын энеси Ребеканын бир тууганы арамейлик Бетуелдин уулу Лабандыкына жөнөп кетти.

    үйсаптын аялы – Махалат

    28:6 эйсап Ыскактын Жакыпка бата бергенин, аны Месопотамияга жөнөтүп жатып: «Ошол жерден аял ал, Канаан кыздарынан алба», – деп осуяттаганын,

    28:7 Жакып атасы менен апасынын тилин алып, Месопотамияга жөнөп кеткенин көрдү.

    28:8 эйсап ошондой эле Канаан кыздары атасы Ыскакка жакпаганын көрүп,

    28:9 Ысмайылга барып, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын кызы Махалатты, Ныбайоттун карындашын, эки аялынын үстүнө аялдыкка алды.

    Жакыптын түшү

    28:10 Жакып болсо Бейер-Шебадан чыгып, Харанга жөнөдү.

    28:11 Анан ал бир жерге келип, ошол жерге түнөмөкчү болду, анткени күн батып калган эле. Ошол жердин таштарынан бирди алып, башына жаздап, ошол жерге жатты.

    28:12 Ал уктап жатып, түшүндө жерде тепкич турганын көрдү. Тепкичтин башы асманга тийип туруптур. Кудайдын периштелери тепкич менен түшүп-чыгып жаткан экен.

    28:13 Теңир тепкичтин үстүндө туруп: «Мен Теңирмин, атаң Ыбрайым менен Ыскактын Кудайымын. Сен жаткан жерди Мен сага жана сенин укум-тукумуңа берем,

    28:14 сенин укум-тукумуң жер кумундай болот. Деңиз тарапка, чыгышка, түндүккө, түштүккө тарайсың. Сен аркылуу, сенин уругуң аркылуу жер бетиндеги бардык уруулар бата алышат.

    28:15 үми Мен сени мененмин. Сен кайда барбагын, бардык жерде сени сактаймын жана сени бул жерге кайра алып келемин. Мен айткандарымды орундатмайынча, сени таштабаймын», – деди.

    28:16 Жакып ойгонуп: «Чын эле, Теңир бул жерде экен, мен болсо муну билген эмесмин!» – деди.

    28:17 Анан коркуп кетип: «Бул жер өтө коркунучтуу экен. Бул жер жөнөкөй жер эмес, Кудайдын үйү, асман дарбазасы турбайбы!» – деди.

    28:18 Жакып эртең менен эрте туруп, башына жазданган ташты алып, аны үстелик кылып коюп, үстүнө зайтун майын куйду.

    28:19 Анан ал жерди Бейтел деп атады. Ал эми шаардын мурунку аты Луз эле.

    28:20 Ошондо Жакып мындай деп убада берди: «үгерде Кудай мени менен болсо, бара жаткан ушул жолдо мени сактай турган болсо, мага жей турган нан, кие турган кийим берсе,

    28:21 атамдын үйүнө тынчтык менен кайтсам жана Теңир менин Кудайым болсо,

    28:22 анда мен үстелик кылып койгон мына бул таш Кудайдын үйү болот. О, Кудайым, ошондо мен Сага Сен берген бардык нерсенин ондон бир бөлүгүн берем».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск