Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-БөЛЄМ

    Жакыптын Рахел менен кездешүүсү

    29:1 Анан Жакып ордунан туруп, чыгыш уулдарынын жерине кетти.

    29:2 Ал талаадан кудук көрдү, анын жанында үч короо кой жаткан эле, анткени малды ошол кудуктан сугарышчу. Кудуктун оозунда чоң таш бар эле.

    29:3 Малдын баары ошол жерге чогулганда, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, койлорду сугарышчу. Анан ташты кайрадан өз ордуна, кудуктун оозуна жылдырып коюшчу.

    29:4 Жакып алардан: «Бир туугандарым! Силер кайдансыңар?» – деп сурады. Алар: «Биз Харанданбыз», – деп жооп беришти.

    29:5 Ошондо Жакып алардан: «Силер Нахордун уулу Лабанды тааныйсыңарбы?» – деп сурады. Алар: «Тааныйбыз», – дешти.

    29:6 Ал алардан дагы: «Ал аман-үсен жүрөбү?» – деп сурады. Алар: «Аман-үсен жүрөт. Тигине, кызы Рахел койлорун айдап келе жатат», – деп жооп беришти.

    29:7 Жакып аларга: «Күн батканча көп бар. Малды айдап келер маал боло элек. Койлорду сугарып алып, жайганы кеткиле», – деди.

    29:8 «Бардык малды чогултмайынча, кудуктун оозундагы ташты жылдырышмайынча, койлорду сугара албайбыз», – дешти алар.

    29:9 Жакып алар менен сүйлөшүп турганда, Рахел атасынын майда малын айдап келип калды, анткени ал кой кайтарып жүргөн эле.

    29:10 Жакып таякеси Лабандын кызы Рахелди жана анын койлорун көргөндө, жакын келип, кудуктун оозунан ташты жылдырып, таякесинин койлорун сугарды.

    29:11 Анан Жакып Рахелди өөп, өксөп ыйлап жиберди.

    29:12 Ошондо Жакып Рахелге анын атасынын тууганы экенин, Ребеканын уулу экенин айтты. Рахел болсо чуркап барып, атасына айтты.

    29:13 Лабан карындашынын баласы Жакып жөнүндө угуп, анын алдынан чуркап чыгып, кучактап өөп, өз үйүнө киргизди. Анан Жакып Лабанга болгон окуяны айтып берди.

    29:14 Лабан болсо ага: «Чынында эле, сен менин өз сөөгүм, өз канымсың», – деди. Жакып аныкында толук бир ай турду.

    Жакыптын Рахел жана Лея үчүн кызмат өтөшү

    29:15 Анан Лабан Жакыпка мындай деди: «Сен тууган болгонуң үчүн эле мага бекер кызмат кылышың керекпи? Айтчы, акыңа эмне берейин?»

    29:16 Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты – Лея, кичүүсүнүн аты – Рахел.

    29:17 Леянын көзү начар көрчү, ал эми Рахелдин мүчөсү келишимдүү, өңү татынакай эле.

    29:18 Жакып Рахелди сүйүп калып: «Мен кенже кызың Рахел үчүн сага жети жыл кызмат кылам», – деди.

    29:19 Лабан ага: «Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө сага бергеним жакшы. Меникинде жашай бер», – деди.

    29:20 Ошентип, Жакып Рахел үчүн жети жыл кызмат кылды. Ал аны сүйгөндүктөн, бул жылдар ага бир нече күндөй эле көрүндү.

    29:21 Анан Жакып Лабанга: «үми аялымды бер, анткени ага жакындаганга менин убактым келди», – деди.

    29:22 Лабан ал жерде жашаган адамдардын бардыгын чакырып, той өткөрдү.

    29:23 Кечинде ал кызы Леяны Жакыпка алып келди. Жакып ага жакындады.

    29:24 Лабан өз күңү Зилпаны кызы Леяга кызматчы кылып берди.

    29:25 үртең менен ал Лея болуп чыкты. Ошондо Жакып Лабанга: «Бул эмне кылганың? Мен сага Рахел үчүн кызмат кылбадым беле? Мени эмнеге алдадың?» – деди.

    29:26 Лабан ага: «Биздин жерде улуусунан мурда кичүүсүн күйөөгө бербейт.

    29:27 Бул жуманы аякта. Андан кийин сага тигинисин да беребиз, сен ал үчүн дагы жети жыл меникинде кызмат кыласың», – деди.

    29:28 Жакып ошондой кылды, бир жуманы аяктады. Анан Лабан кызы Рахелди да ага аялдыкка берди.

    29:29 Лабан өз күңү Биланы кызы Рахелге кызматчы кылып берди.

    29:30 Жакып Рахелге да жакындады. Ал Леяга караганда Рахелди көбүрөөк сүйчү. Лабандыкында ал дагы жети жыл кызмат кылды.

    Жакыптын балдары

    29:31 Анын Леяны сүйбөгөнүн көрүп, Теңир Леяны балалуу кылды. Ал эми Рахелдин согончогу канаган жок.

    29:32 Леянын боюна бүтүп, уул төрөп: «Теңир менин бактысыздыгыма назарын салды, эми күйөөм мени жакшы көрөт», – деп, анын атын Рубейин койду.

    29:33 Дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мен анын сүйбөгөн аялы экенимди Теңир угуп, мага муну да берди», – деп, анын атын Шымон койду.

    29:34 Дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мына эми күйөөм мага жабышат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим», – деп, анын атын Леби койду.

    29:35 Анан дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мына эми мен Теңиримди даңктайм», – деп, анын атын Жүйүт койду. Ошондон кийин анын төрөтү токтоду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск