Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-БөЛЄМ

    30:1 Рахел өзүнүн Жакыпка бала төрөп бербей жатканын көрүп, эжесине көз артып, Жакыпка: «Мага бала бер, болбосо мен өлөм», – деди.

    30:2 Жакып Рахелге ачууланып: «Сага бала бербеген Кудай менминби?» – деди.

    30:3 Рахел ага: «Менин кызматчым Билага жакында, ал менин тиземе төрөп берсин, ал аркылуу мен да балалуу болоюн», – деди.

    30:4 Ошентип, ал өзүнүн кызматчысы Биланы ага аялдыкка берди. Жакып ага жакындады.

    30:5 Биланын боюна бүтүп, Жакыпка уул төрөп берди.

    30:6 Ошондо Рахел: «Кудай мага калыстык кылып, менин үнүмдү угуп, уул берди», – деп, анын атын Дан койду.

    30:7 Рахелдин кызматчысы Биланын дагы боюна бүтүп, Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.

    30:8 Ошондо Рахел: «үжем менен катуу кармашып, жеңип чыктым», – деп, анын атын Напталы койду.

    30:9 Лея өзүнүн төрөтү токтоп калганын көрүп, өз кызматчысы Зилпаны Жакыпка аялдыкка берди.

    30:10 Леянын кызматчысы Зилпа да Жакыпка уул төрөп берди.

    30:11 Ошондо Лея: «Баш кошулду», – деп, анын атын Гат койду.

    30:12 Леянын кызматчысы Зилпа Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.

    30:13 Ошондо Лея: «Бул менин багыма. эми аялдар мени бактылуу дешет», – деп, анын атын Ашыр койду.

    30:14 Рубейин буудайды оруп-жыюу маалында талаага чыгып, мандрагор таап алып, энеси Леяга берди. Ошондо Рахел Леяга: «Уулуң алып келген мандрагорлорду мага берчи», – деди.

    30:15 Бирок Лея ага: «Күйөөмдү тартып алганың аз келгенсип, уулум алып келген мандрагорлорду да тартып алгың келип жатабы?» – деди. Рахел ага: «Андай болсо уулуңдун мандрагорлору үчүн Жакып бүгүн түнү сени менен жатсын», – деди.

    30:16 Жакып кечинде талаадан келе жатканда, Лея алдынан тосуп чыгып: «Меникине кир, анткени мен сени уулумдун мандрагорлоруна сатып алдым», – деди. Бул түнү Жакып Лея менен жатты.

    30:17 Ошондо Кудай Леяны укту. Анын боюна бүтүп, Жакыпка бешинчи уулун төрөп берди.

    30:18 Анан Лея: «Кызматчымды күйөөмө бергеним үчүн Кудай мага тиешемди берди», – деп, анын атын Исахар койду.

    30:19 Леянын дагы боюна бүтүп, Жакыпка алтынчы уулун төрөп берди.

    30:20 Ошондо Лея: «Кудай мага эң сонун белек берди. эми күйөөм меникинде жашайт, анткени мен ага алты уул төрөп бердим», – деп, анын атын Забулун койду.

    30:21 Андан кийин кыз төрөп, анын атын Дина койду.

    30:22 Кудай Рахелди үстеди. Кудай анын үнүн угуп, аны балалуу кылды.

    30:23 Рахелдин боюна бүтүп, уул төрөп: «Кудай мени шылдыңдан арылтты», – деди.

    30:24 Ал: «Теңир мага дагы башка уул берет», – деп, анын атын Жусуп койду.

    Жакып менен Лабандын ортосундагы келишим

    30:25 Рахел Жусупту төрөгөндөн кийин, Жакып Лабанга мындай деди: «үми мени коё бер, мен өз ордума, өз жериме барайын.

    30:26 Мага аялдарым менен балдарымды бер, мен алар үчүн сага кызмат кылдым. эми мен кетейин, анткени сен менин сага кылган кызматымды билесиң».

    30:27 Ошондо Лабан: «О, мен сенин алдыңда ырайым тапсам кана! Теңир мага сен үчүн бата бергенин билип турам», – деди.

    30:28 Анан дагы: «Кызмат акыңды айт, эмне сурасаң, ошону берейин», – деди.

    30:29 Жакып ага: «Мен сага кандай кызмат кылганымды, менин убагымда малың кандай көбөйгөнүн билесиң.

    30:30 Мага чейин сенин малың аз эле, азыр көп болуп калды. Мен келгенден тартып, Теңир сага батасын берди. эми мен качан өз үйүм үчүн иштейм?» – деди.

    30:31 Ошондо Лабан: «Сага эмне берейин?» – деди. «Мага үч нерсе бербей эле кой. Менин айтканымды гана кылсаң, сенин койлоруңду кайрадан кайтарам.

    30:32 Мен бүгүн койлоруңдун баарын аралап чыгам. Сен андан темгили бар, тагы бар малдын баарын, кара койлорду, ошондой эле темгили бар, тагы бар эчкилерди бөлүп кой. Ушундай мал менин кызмат акым болсун.

    30:33 Кийин сен менин кызмат акымды көргөнү келгениңде, сага менин ордума адилеттигим айтып турсун. Мендеги темгили жок, тагы жок ар кандай эчкилер жана кара эмес койлор уурдалган болуп эсептелет», – деди Жакып.

    30:34 «Жакшы болот, сен айткандай болсун», – деди Лабан.

    30:35 Ошентип, Лабан ошол күнү бардык ала-була, тагы бар текелерди, темгили бар, тагы бар эчкилерди, бир аз агы бар эчки-текелердин баарын, кара койлорду бөлүп алып, өзүнүн уулдарынын колуна өткөрүп берди.

    30:36 Анан ал өзү менен Жакыптын ортосуна үч күн жол жүрчү аралыкты белгиледи. Жакып болсо Лабандын калган кой-үчкилерин кайтарып калды.

    30:37 Жакып жаш тал, бадам, чынар чырпыктарын алып, алардын кабыгын тилке-тилке кылып кесип, кесилген жерлерди агарта аарчыды.

    30:38 Анан тилке салынган чыбыктарды малдын алдына, суу куюлуучу аштоолорго таштап койду. Ал жерге мал суу ичкени келчү. Алар ал жерге суу ичкени келип, чыбыктардын бет маңдайында уруктанышчу.

    30:39 Ошентип, чыбыктардын бет маңдайында уруктанган малдан ала-була, темгили, тагы бар мал туулду.

    30:40 Ошондо Жакып козуларды бөлүп алып, алардын бет маңдайына Лабандын ала-була жана кара койлорун койду. Ал өз малын өзүнчө кармап, Лабандын малына кошчу эмес.

    30:41 Тыңыраак мал уруктанарда, чыбыктардын бет маңдайында уруктанышы үчүн, Жакып чыбыктарды малдын алдына, аштоолордун ичине таштап койчу.

    30:42 Ал эми чабыр мал уруктанарда, чыбыктарды таштачу эмес. Ошондуктан Лабанга чабыр мал, Жакыпка тың мал тийип турду.

    30:43 Ошентип, Жакып өтө бай адам болду. Анын көптөгөн майда малы, күңдөрү, кулдары, төөлөрү, эшектери болгон.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск