Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Аскер бөлүктөрүнүн үстүнөн ай сайын кызмат кылып туруу үчүн бөлүштүрүлгөн башчылар

    27:1 Бул – Ысрайыл уулдарынын жылдын бардык айында, ар ай сайын келип-кетип турган, падышанын бардык иштеринде бөлүм-бөлүм боюнча кызмат кылган уруу башчылардын, миң башылардын, жүз башылардын жана иш башкаруучулардын саны. Ар бир бөлүмдө алар жыйырма төрт миңден болгон.

    27:2 Биринчи ай үчүн, биринчи бөлүмдө Забдиелдин уулу Жашобам башчылык кылган. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:3 Ал Перестин уулдарынан болгон, ал биринчи айда бардык аскер башчылардын үстүнөн башчы болгон.

    27:4 үкинчи айда бөлүмдүн үстүнөн акойактык Додай башчылык кылган. Анын бөлүмүндө Миклот төрө да болгон, бөлүмдө жыйырма төрт миң киши бар эле.

    27:5 Yчүнчү ай үчүн үчүнчү аскер башчы Жойаттын, ыйык кызмат кылуучунун уулу Беная болду, анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң киши болгон.

    27:6 Бул Беная – отуз эр жүрөк жоокердин бири, алардын башчысы. Анын бөлүмүндө өз уулу Амизабат бар болчу.

    27:7 Төртүнчү ай үчүн, төртүнчүсү Жойаптын бир тууганы Асаел болду, андан кийин анын уулу Зебадия. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:8 Бешинчи ай үчүн, бешинчиси жизрахиялык Шамут төрө болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:9 Алтынчы ай үчүн, алтынчысы текоялык Икештин уулу Ира болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:10 Жетинчи ай үчүн, жетинчиси пелондук Хелез болду, ал эпрайымдын уулдарынан эле. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:11 Сегизинчи ай үчүн, сегизинчиси Зерак уруусунан хушалык Сипхай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:12 Тогузунчу ай үчүн, тогузунчусу Бенжемин уулдарынан анатоттук Абиезер болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:13 Онунчу ай үчүн, онунчусу Зерак уруусунан нетопалык Марай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:14 Он биринчи ай үчүн, он биринчиси эпрайым уулдарынан пиратондук Беная болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    27:15 Он экинчи ай үчүн, он экинчиси Отниелдин уруусунан нетопалык Хелдай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

    Ысрайыл урууларынын башчылары

    27:16 Ал эми Ысрайыл урууларына коюлган башчылар: Рубейинге Зихринин уулу элиезер, Шымонго Мааханын уулу Шепатия,

    27:17 Лебиге Кемуелдин уулу Хашабия, Арунга Садок,

    27:18 Жүйүткө Дөөттүн бир туугандарынан элийап, Исахарга Михаелдин уулу Омри,

    27:19 Забулунга Обадиянын уулу Жишмая, Напталыга Азриелдин уулу Жеримот,

    27:20 үпрайым уулдарына Азазиянын уулу Ошуя, Менашенин жарым уруусуна Педая уулу Жоел,

    27:21 Гилаттагы Менашенин жарым уруусуна Захариянын уулу Идо, Бенжеминге Абенердин уулу Жаасиел,

    27:22 Данга Жерохамдын уулу Азариел болду. Булар Ысрайыл урууларынын жол башчылары эле.

    27:23 Жыйырма жаштагыларды жана андан төмөнкүлөрдү Дөөт санакка киргизген жок, анткени Теңир Ысрайыл тукумун асмандагы жылдыздардай көбөйтөм деп айткан.

    27:24 Серуянын уулу Жойап эсептей баштады, бирок бүтпөй калды. Бул санак үчүн Кудай Ысрайылга каарданды. Бул санак Дөөт падышанын тарыхына кирген жок.

    27:25 Падышанын казыналарынын үстүнөн Адиел уулу Азмабет коюлду. Ал эми талаадагы, шаардагы, айыл-кыштактардагы, мунаралардагы кампаларга Узиянын уулу Жонатан коюлду.

    Дөөт койгон калган кызматчылар

    27:26 Талаада иштегендердин үстүнөн, дыйканчылыкка Хелуптун уулу эзри,

    27:27 жүзүмзарларга рамалык Шимей, жүзүмзарлардагы шарап сакталуучу кампалардын үстүнөн шепамдык Забдий,

    27:28 өрөөндөгү зайтун жана анжыр бактарына гедейралык Баал-Канан, өсүмдүк майлары сакталуучу кампаларга Жааш,

    27:29 Шарон жайытындагы бодо малга шарондук Шитрай, өрөөндөгү малга Адлайдын уулу Шапат,

    27:30 төөлөргө Ысмайыл тукумунан Обил, эшектерге мейрондук Жехдея,

    27:31 майда малга агрылык Жазиз жоопкерчиликтүү эле. Булардын баары – Дөөт падышанын мал-мүлкүнө жооптуу адамдар.

    27:32 Дөөттүн агасынын баласы Жонатан даанышман адам болгондуктан, анын кеңешчиси жана катчысы болду. Хахмоминин уулу Жехиел падышанын уулдарына көзөмөлчү болду.

    27:33 Акитопел падышанын кеңешчиси болду. Архилик Хушай падышанын жан досу болду.

    27:34 Акитопелден кийин Бенаянын уулу Жойат жана Абыйатар кеңешчи болду. Ал эми Жойап падышанын аскер башчысы болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск