Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Жүйүт менен Шымондун тукуму

    4:1 Жүйүттүн уулдары: Перес, Хесрон, Карми, Хур жана Шобал.

    4:2 Шобалдын уулу Рейайдан Жахат төрөлдү. Жахаттан Акумай жана Лаада төрөлдү. Алардан Сора уруулары тарады.

    4:3 үйтамдын уулдары булар: Изрейел, Жишма, Житпаш, булардын карындашынын ысымы – Атселелпони.

    4:4 Гедордун атасы – Пенуел, Куштун атасы – эйзер. Булар – Бейт-Лехемдин атасы эпраттын туну Хурдун уулдары.

    4:5 Текоянын атасы Ашкурдун Хела жана Наара деген эки аялы болгон.

    4:6 Наара ага Акузамды, Хейперди, Тейменини жана Акаштарды төрөп берди. Булар – Нааранын уулдары.

    4:7 Хеланын уулдары: Серет, Сохар жана этнан.

    4:8 Кутустан Ануп, Собеп төрөлдү. Кутус – Харумдун уулу Акархелден тараган уруулардын да атасы.

    4:9 Жабес өз бир туугандарынын атактуусу болгон. энеси: «Мен муну ооруп төрөдүм», – деп, атын Жабес койгон.

    4:10 Жабес Ысрайылдын Кудайына мындай деп кайрылды: «Мага өзүңдүн батаңды бер, менин жеримди кеңейт, Сенин колуң мени менен болсун, кайгы тартпашым үчүн, жамандыктан сакта!» Кудай анын сураганын берди.

    4:11 Шуханын бир тууганы Хелуптан Мехир төрөлдү. Ал эштонанын атасы болду.

    4:12 үштонадан Бейт-Рапа, Пасейах жана Нахаш шаарынын атасы Техина төрөлдү. Булар – Рейханын тургундары.

    4:13 Кеназдын уулдары: Отниел жана Серая. Отниелдин уулу – Хатат.

    4:14 Мейонотайдан Опра төрөлдү, Сераядан Жойап төрөлдү. Жойап өрөөндө жашаган жыгач усталардын уруу башчысы болгон, анткени алар жыгач усталар эле.

    4:15 Жепундун уулу Калептин уулдары: Ир, эйла жана Наам. эйланын уулу – Кеназ.

    4:16 Жейелелейдин уулдары: Зуп, Зипа, Тирея жана Асарел.

    4:17 үзранын уулдары: Жетер, Мерет, эйпер жана Жалон. Жетерден болсо Мириям, Шамай жана эштемоанын атасы Жишпах төрөлдү.

    4:18 Анын аялы Жейудей Гедордун атасы Жеретти, Сохонун атасы Хеберди, Заноахтын атасы Жекутиелди төрөдү. Мереттин аялы, фараон кызы Бития да уулдарды төрөп берген.

    4:19 Кеиланын атасы Нахамдын эжеси Одиянын аялы эле, андан төрөлгөн уулдар: маахалык Гармы менен эштемоа.

    4:20 Шымондун уулдары: Амнон, Рина, Бен-Канан жана Тилон. Жишинин уулдары: Зохет менен Бен-Зохет.

    4:21 Жүйүттүн уулу Шилонун уулдары: Леханын атасы эйир, Марейшанын атасы Лада жана Ашбеянын тукумунан чыккан кездеме токуучу уруулар.

    4:22 Жоким менен Хозейбанын тургундары, Жааш менен Сарап Маапты жана Жашуп-Лекемди башкарып келишкен. Булардын бардыгы байыркы заманда болгон.

    4:23 Алар карапачылар болушкан. Нетайим менен Гедерада жашап, падышанын жумушун кылышкан.

    4:24 Шымондун уулдары: Немуел, Жамин, Жарип, Зерах жана Шабул.

    4:25 Шабулдун уулу – Шалум, Шалумдун уулу – Мипсам, Мипсамдын уулу – Мишма.

    4:26 Мишманын уулдары: Хамуел, Закур, Шимей.

    4:27 Шимейдин он алты уулу жана алты кызы болгон. Анын бир туугандарынын уулдары аз эле, алардын бүтүн уруусу Жүйүт уулдарындай көп эмес эле.

    4:28 Алар Бейер-Шебада, Моладада, Хатсар-Шуалда,

    4:29 Билада, этсемде, Толатта,

    4:30 Бетуелде, Хормада, Сыклакта,

    4:31 Бейт-Маркаботто, Хатсар-Сусимде, Бейт-Бириде жана Шаарайымда жашашкан. Дөөт падыша болуп, бийлик кылганга чейин алардын жашаган шаарлары мына ушулар.

    4:32 Алардын айыл-кыштактары: эйтам, Айын, Римон, Тохен жана Ашан – бешөө.

    4:33 Алардын Баалга чейин созулуп жаткан айыл-кыштактары ушулар. Алардын жашаган жерлери жана санжырасы ушул.

    4:34 Мешобап, Жамлек жана Аматсиянын уулу Жоша,

    4:35 Жоел жана Асиелдин уулу, Сераянын уулу, Жошибиянын уулу Жейу.

    4:36 үлийойнай, Жакып, Жешохая, Асая, Адиел, Жесимиел жана Беная,

    4:37 Шемаянын уулу, Шимринин уулу, Жедаянын уулу, Алондун уулу, Шипинин уулу Зиза.

    4:38 Бул аталгандар өз урууларынын төрөлөрү болгон жана булардын аталарынын тукуму көп урууларга бөлүнүп кеткен.

    4:39 Булар өз малдарына жайыт табыш үчүн, Герарга чейин жана өрөөндүн күн чыгышына чейин барышкан.

    4:40 Алар оттуу жайыттарды, жакшы конуштарды, кенен жерлерди, коопсуз, тынч өрүштөрдү таап жайланышкан, анткени аларга чейин ал жерлерде бир азыраак гана хамдыктар жашашкан.

    4:41 Аттары жазылган ушул кишилер Жүйүт падышасы Хиския башкарып турган күндөрдө келишип, ал жерлерде отурукташкандарды да, көчүп жүргөндөрдү да талкалап, биротоло жок кылып, алардын ордуна отурукташып калышты. Анткени ал жерлерде алардын малдары үчүн жайыт бар эле.

    4:42 Алардын арасынан, Шымондун уулдарынан Сеир тоосуна беш жүз адам барган. Алардын башында Жишинин уулдары Пелатия, Неярия, Репая жана Узиел турган.

    4:43 Алар ал жердеги амалыктыктардын аман калгандарын кырып салышкан. Алар ушул кезге чейин ал жерде жашашат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск