Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Рубейиндин, Гаттын, Менашенин жана Лебинин тукуму

    5:1 Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин уулдары (Рубейин Ысрайылдын тун уулу болгон, бирок ал өз атасынын төшөгүн булгагандыктан, анын тунгучтугу Ысрайылдын уулу Жусуптун уулдарына берилген, ал санжырага тунгуч болуп жазылган эмес.

    5:2 Жүйүт өз бир туугандарынан алда канча күчтүү болсо да, анын уруусунан жол башчы чыкса да, тунгучтук Жусупка ыйгарылган эле).

    5:3 Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Хесрон жана Карми.

    5:4 Жоелдин уулдары: Шемая, Шемаянын уулу – Гок, Гоктун уулу – Шимей,

    5:5 Шимейдин уулу – Миха, Миханын уулу – Рейай, Рейайдын уулу – Баал,

    5:6 Баалдын уулу – Бейра, аны Ашур падышасы Тиглат-Пилесер туткундап кеткен. Ал рубейиндиктердин төрөсү болгон.

    5:7 Уруулары боюнча, санжырасы боюнча анын бир туугандары: биринчиси – Жейел, анан Захария менен Бела.

    5:8 Бела – Азаздын уулу, Азаз – Шеманын уулу, Шема – Жоелдин уулу. Ал Небо менен Баал-Мейонго чейин жаткан Аройерде жашаган.

    5:9 Чыгышта болсо ал эфрат дарыясынан бери жаткан чөлгө чейинки жерлерде жашаган, анткени Гилат жеринде алардын малы өтө көп болчу.

    5:10 Шабулдун доорунда алар агрылыктар менен согушуп, аларды жеңип алышкан. Анан алар Гилаттын чыгыш тарабында, агрылыктардын чатырларында жашап калышкан.

    5:11 Гаттын уулдары алардын каршысында, Башан жеринде Салхага чейин жайгашышкан.

    5:12 Башанда Жоел башчы болгон, Шапам экинчи, андан соң Жаанай менен Шапат турган.

    5:13 Алардын бир туугандарынан жети уруу тараган: Михаел, Мешулам, Шеба, Жорай, Жаакан, Зия жана эйбер.

    5:14 Булар – Хуринин уулу Абыкайылдын уулдары. Хури – Жаройахтын уулу, Жаройах – Гилаттын уулу, Гилат – Михаелдин уулу, Михаел – Жешишайдын уулу, Жешишай – Жахдонун уулу, Жахдо – Бузанын уулу.

    5:15 Абдиелдин уулу Аки өз уруусунун башчысы болгон. Абдиел – Гунинин уулу.

    5:16 Алар Гилатта, Башанда жана анын карамагындагы шаарларда, Шарондун бардык аймактарынын четине чейин жайгашышкан.

    5:17 Булардын бардыгы Жүйүт падышасы Жотамдын жана Ысрайыл падышасы Жаробамдын тушунда каттоого кирген.

    5:18 Рубейин менен Гат уулдарынан, Менашенин жарым уруусунан калкан жана кылыч көтөргөн, жаа тарткан, согушууга эйрөтүлүп, майданга аттанган жоокерлердин саны кырк төрт миң жети жүз алтымыш болду.

    5:19 Алар агрылыктар менен, Жетур менен, Напиш менен, Нодап менен согушкан.

    5:20 Алар агрылыктар менен согушканда, жардам берилди, ошондо алардын колуна агрылыктар да, алардын бардык нерселери да салынып берилди. Анткени согуш учурунда алар Кудайга жалынышты, жардам сурашты. Ага таянышкандыктан, Ал аларды укту.

    5:21 Алар агрылыктардын элүү миң төөсүн, эки жүз элүү миң майда жандыгын, эки миң эшегин, жүз миң адамын туткундап кетишти.

    5:22 Бул салгылашуу Кудайдан болгондуктан, өлтүрүлгөндөр өтө көп эле. өздөрү туткундалып кеткенче, алардын жеринде жашап турушту.

    5:23 Менашенин жарым уруусунан тараган уруулар ошол жерде Башандан тартып Баал-Хермонго – Сенирге (Хермон тоосуна) чейин жайгашышкан. Алар да өтө көп болгон.

    5:24 Алардын урууларынын уруу башчылары мына булар: эйпер, Жиши, элиел, Азриел, Жеремия, Одабия жана Жахдиел. Булар күч-кубаттуу, атактуу адамдар болгон, өз урууларын башкарып турган.

    5:25 Бирок алар өз ата-бабаларынын Кудайына каршы күнөө кылышты, Кудай алардын алдынан кууп чыккан ал жердеги элдердин кудайларына табынып кетишти.

    5:26 Ошондо Ысрайыл Кудайы Ашур падышасы Пулдун рухун жана Ашур падышасы Тиглат-Пилесердин рухун козгоду. Ал рубейиндиктер менен гаттыктарды жана Менашенин жарым уруусун туткундап, Халах менен Хаборго, Арага жана Гозан дарыясына алып кетти. Алар ошол жерлерде бүгүнкү күнгө чейин жашашат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск