Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Леби менен Арундун тукуму

    6:1 Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.

    6:2 Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел.

    6:3 Амрамдын уулдары: Арун, Муса жана Мириям. Арундун уулдары: Надап, Абыйут, элазар жана Итамар.

    6:4 үлазардан Пинехас төрөлдү. Пинехастан Абышуа төрөлдү.

    6:5 Абышуадан Буки төрөлдү. Букиден Уззи төрөлдү.

    6:6 Уззиден Зерахия төрөлдү. Зерахиядан Мерайот төрөлдү.

    6:7 Мерайоттон Амария төрөлдү. Амариядан Акитуп төрөлдү.

    6:8 Акитуптан Садок төрөлдү. Садоктон Акимаас төрөлдү.

    6:9 Акимаастан Азария төрөлдү. Азариядан Жаканан төрөлдү.

    6:10 Жаканандан Азария төрөлдү. Ал – Иерусалимдеги Сулайман тургузган ийбадатканада ыйык кызмат кылуучу болгон киши.

    6:11 Азариядан Амария төрөлдү. Амариядан Акитуп төрөлдү.

    6:12 Акитуптан Садок төрөлдү. Садоктон Шалум төрөлдү.

    6:13 Шалумдан Хилкия төрөлдү. Хилкиядан Азария төрөлдү.

    6:14 Азариядан Серая төрөлдү. Сераядан Жетсадак төрөлдү.

    6:15 Теңир жүйүттөрдү жана иерусалимдиктерди Небухаданасардын колуна салып бергенде, Жетсадак туткунга түшүп кеткен.

    6:16 Ошентип, Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.

    6:17 Гейиршон уулдарынын ысымдары булар: Либни жана Шимей.

    6:18 Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел.

    6:19 Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Уруулары боюнча Леби тукуму мына ушулар.

    6:20 Гейиршондун уулдары: Гейиршондун уулу – Либни, Либнинин уулу – Жахат, Жахаттын уулу – Зима,

    6:21 Зиманын уулу – Жаах, Жаахтын уулу – Идо, Идонун уулу – Зерах, Зерахтын уулу – Жейатрай.

    6:22 Кааттын уулдары: Кааттын уулу – Аминадап, Аминадаптын уулу – Корак, Корактын уулу – Асир,

    6:23 Асирдин уулу – элкана, элкананын уулу – эбийасап, эбийасаптын уулу – Асир,

    6:24 Асирдин уулу – Тахат, Тахаттын уулу – Уриел, Уриелдин уулу – Узия, Узиянын уулу – Шабул.

    6:25 үлкананын уулдары: Амасай менен Акимот.

    6:26 Акимоттун уулу – элкана, элкананын уулу – Сопай, Сопайдын уулу – Нахат,

    6:27 Нахаттын уулу – элийап, элийаптын уулу – Жерохам, Жерохамдын уулу – элкана.

    6:28 Шемуелдин уулдары: туну – Жоел, экинчиси – Абия.

    6:29 Мераринин уулдары: Мераринин уулу – Махли, Махлинин уулу – Либни, Либнинин уулу – Шимей, Шимейдин уулу – Уза,

    6:30 Узанын уулу – Шима, Шиманын уулу – Хагыя, Хагыянын уулу – Асая.

    6:31 Теңир үйүнө мыйзам сандыкты койгондон кийин Дөөт ырчыларга койгон башчылар ушулар.

    6:32 Сулайман Иерусалимде Теңир үйүн тургузганга чейин, булар жыйын чатырында ырчылык кызматын аткарышкан. Алар өздөрүнө берилген көрсөтмө боюнча кызмат кылышкан.

    6:33 өз уулдары менен бирге бул кызматта тургандар мына булар: Кааттын уулдарынан – эйман ырчы, ал – Жоелдин уулу, Жоел – Шемуелдин уулу,

    6:34 Шемуел – элкананын уулу, элкана – Жерохамдын уулу, Жерохам – элиелдин уулу, элиел – Тойахтын уулу,

    6:35 Тойах – Зуптун уулу, Зуп – элкананын уулу, элкана – Махаттын уулу, Махат – Амасайдын уулу,

    6:36 Амасай – элкананын уулу, элкана – Жоелдин уулу, Жоел – Азариянын уулу, Азария – Сепаниянын уулу,

    6:37 Сепания – Тахаттын уулу, Тахат – Асирдин уулу, Асир – Абыйасаптын уулу, Абыйасап – Корактын уулу,

    6:38 Корак – Житсардын уулу, Житсар – Кааттын уулу, Каат – Лебинин уулу, Леби – Ысрайылдын уулу.

    6:39 Анын оң жагында тууганы Асап турган. Ал – Берекиянын уулу, Берекия – Шиманын уулу,

    6:40 Шима – Михаелдин уулу, Михаел – Баасеянын уулу, Баасея – Малкиянын уулу,

    6:41 Малкия – Жепуненин уулу, Жепуне – Зерахтын уулу, Зерах – Адаянын уулу,

    6:42 Адайа – эйтандын уулу, эйтан – Зиманын уулу, Зима – Шимейдин уулу,

    6:43 Шимей – Жахаттын уулу, Жахат – Гейиршондун уулу, Гейиршон – Лебинин уулу.

    6:44 Мераринин уулдарынан, анын сол тарабында тууганы эйтан турду, ал – Кишинин уулу, Киши – Обадиянын уулу, Обадия – Малухтун уулу,

    6:45 Малух – Хашабиянын уулу, Хашабия – Аматсиянын уулу, Аматсия – Хилкиянын уулу,

    6:46 Хилкия – Амисийдин уулу, Амисий – Банинин уулу, Бани – Шемердин уулу,

    6:47 Шемер – Махлинин уулу, Махли – Мушинин уулу, Муши – Мераринин уулу, Мерари – Лебинин уулу.

    6:48 Алардын леби бир туугандары Кудайдын үйүндө ар кандай кызматка бекитилген.

    6:49 Кудай өзүнүн кулу Муса аркылуу осуяттагандай, ысрайылдыктарды бардык жагынан тазалоо үчүн, Арун жана анын уулдары курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда жыпар жыттуу заттарды түтөтүп турушчу, ыйыктын ыйыгында ар кандай ыйык кызматтарды аткарышчу.

    6:50 Арундун уулдары булар: Арундун уулу – элазар, элазардын уулу – Пинехас, Пинехастын уулу – Абыйут,

    6:51 Абыйуттун уулу – Буки, Букинин уулу – Узи, Узинин уулу – Зерахия,

    6:52 Зерахиянын уулу – Мерайот, Мерайоттун уулу – Амария, Амариянын уулу – Акитуп,

    6:53 Акитуптун уулу – Садок, Садоктун уулу – Акимаас.

    Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерге берилген шаарлар

    6:54 Алар жашаган шаарлар жана алардын тегерегиндеги айыл-кыштактар: Каат уруусундагы Арундун уулдарына өкчөмө таш ыргытканда тийген жерлер:

    6:55 Жүйүт жериндеги Хеброн шаары жана анын тегерегиндеги жерлер.

    6:56 Бул шаардын талаасы менен айыл-кыштактарын Жепундун уулу Калепке беришти.

    6:57 Арундун уулдарына дагы баш калкалай турган шаарларды: Хебронду жана Либнаны чет-жакаларындагы жерлери менен, Жатирди жана эштемоаны чет-жакасындагы жерлери менен,

    6:58 Хилейинди чет-жакасы менен, Дебирди чет-жакасы менен,

    6:59 Ашанды чет-жакасы менен, Бейт-Шемешти чет-жакасы менен беришти.

    6:60 Ал эми Бенжемин уруусунан Гебаны жана анын чет-жакасын, Алеметти жана анын чет-жакасын, Анатотту жана анын чет-жакасын беришти. Алардын урууларына бардыгы болуп он үч шаар берилди.

    6:61 Ушул уруудагы эй-бүлөлөрдүн ичинен Кааттын калган уулдарына Менашенин жарым уруусунан өкчөмө таш боюнча он шаар берилди.

    6:62 Гейиршондун уулдарынан тараган урууларга Исахар уруусунан, Ашыр уруусунан, Напталы уруусунан жана Башандагы Менаше уруусунан он үч шаар берилди.

    6:63 Мераринин уулдарынан тараган урууларга Рубейин уруусунан, Гат уруусунан жана Забулун уруусунан өкчөмө таш боюнча он эки шаар берилди.

    6:64 Ысрайыл уулдары лебилерге шаарларды жана чет-жакасындагы жерлерди ушинтип бөлүштүрүштү.

    6:65 Алар өкчөмө таш ыргытып, Жүйүт уулдарынан тараган уруулардан, Шымон уулдарынан тараган уруулардан жана Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулардан аттары аталган ушул шаарларды беришти.

    6:66 Каат уулдарынын кайсы бир урууларына эпрайым уруусунан шаарлар берилди.

    6:67 Аларга баш калкалай турган шаарларды: эпрайым тоосундагы Шекем шаарын жана анын чет-жакасын, Гезер шаарын жана анын чет-жакасын,

    6:68 Жокмеямды жана анын чет-жакасын, Бейт-Коронду жана анын чет-жакасын,

    6:69 Айалонду жана анын чет-жакасын, Гат-Римонду жана анын чет-жакасын беришти.

    6:70 Менашенин жарым уруусунан Анейерди жана анын чет-жакасын, Биланды жана анын чет-жакасын беришти. Бул жерлер Кааттын калган урууларына берилди.

    6:71 Гейиршондун уулдарына Менашенин жарым уруусунан Башандагы Голанды жана анын чет-жакасын, Аштаротту жана анын чет-жакасын беришти.

    6:72 Исахар уруусунан Кедешти жана анын чет-жакасын, Дабератты жана анын чет-жакасын,

    6:73 Рамотту жана анын чет-жакасын, Анейемди жана анын чет-жакасын;

    6:74 Ашыр уруусунан Машалды жана анын чет-жакасын, Абдонду жана анын чет-жакасын,

    6:75 Хукокту жана анын чет-жакасын, Рехопту жана анын чет-жакасын;

    6:76 Напталы уруусунан Галилеядагы Кедешти жана анын чет-жакасын, Хамонду жана анын чет-жакасын, Кирийатайимди жана анын чет-жакасын беришти.

    6:77 Ал эми Мераринин калган уулдарына Забулун уруусунан Римонду жана анын чет-жакасын, Таборду жана анын чет-жакасын беришти.

    6:78 Рубейин уруусунан Иордандын аркы бетиндеги Иордандан чыгышка карай кеткен Жерихонун каршысындагы чөлдөгү Бетсерди жана анын чет-жакасын, Жаасты жана анын чет-жакасын,

    6:79 Кедемотту жана анын чет-жакасын, Мейпаатты жана анын чет-жакасын беришти.

    6:80 Гат уруусунан Гилат жериндеги Рамотту жана анын чет-жакасын, Маханайимди жана анын чет-жакасын,

    6:81 Кешпонду жана анын чет-жакасын, Жазерди жана анын чет-жакасын беришти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск