Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Ийбадаткананын курулушу

    6:1 Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына төрт жүз сексен жыл болгондо, Сулаймандын Ысрайылга падыша болгонуна төрт жыл болгондо, Зуп айында, экинчи айда ал Теңирге арнап ийбадаткана кура баштады.

    6:2 Теңирге арнап Сулайман курган ийбадаткананын узундугу алтымыш, туурасы жыйырма, бийиктиги отуз чыканак эле.

    6:3 Ийбадаткананын алдындагы кире бериш бөлмөнүн узундугу жыйырма чыканак (имараттын туурасына барабар), туурасы он чыканак эле.

    6:4 Сулайман эйгө тосмо торлуу, ачылбаган терезелерди жасады.

    6:5 Ийбадаткананын дубалын тегерете, ийбадаткананы тегерете, ички бөлмөнү тегерете курулуш улады. Тегерете каптал бөлмөлөрдү курду.

    6:6 Єйгө улай салынган курулуштун төмөнкү кабатынын туурасы беш чыканак, ортоңкусунун туурасы алты чыканак, үчүнчүсүнүн туурасы жети чыканак болду, улай салынган курулуш ийбадаткананын дубалына тийип турбаш үчүн, ийбадаткананын сыртына тегерете чыгып турган кошумча дубал тургузулду.

    6:7 Ийбадаткана курулуп жатканда, ага жылмаланган таштар пайдаланылды. Ийбадаткананы куруу убагында балтанын да, балканын да, башка темир куралдардын да үнү угулган жок.

    6:8 Yйгө улай салынган курулуштун ортоңку кабатына кирүүчү эшик оң жагында эле. Тегерек тепкич аркылуу ортоңкуга, ал эми ортоңкудан үчүнчү кабатка чыгышкан.

    6:9 Сулайман ийбадаткананы куруп бүтүп, сыртын кедр тактайы менен каптады.

    6:10 Ийбадаткананын бардык капталына бийиктиги беш чыканак бөлмөлөрдү курду. Ийбадатканага алар кедр устундары менен бириктирилди.

    6:11 Сулайманга Теңирден сөз болду, ага мындай айтылды:

    6:12 «Сен ийбадаткананы куруп жатасың, эгерде сен Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарым боюнча жүрүп, осуяттарымдын баарын сактап, аткара турган болсоң, анда Мен атаң Дөөткө айткан сөзүмдү орундатам.

    6:13 Ысрайыл уулдарынын арасында жашап, өз элим Ысрайылды таштабайм».

    6:14 Сулайман ийбадаткананы куруп бүттү.

    6:15 Ал ийбадаткананын ичин кедр тактайы менен каптады. Ийбадаткананын полунан шыбына чейин тактай менен каптап, полуна кипарис тактайын төшөдү.

    6:16 Ийбадаткананын арт жагынан, четинен жыйырма чыканак ары карай дубал тургузду. Шыбы менен дубалын кедр тактайы менен каптап, ички бөлмөнү курду.

    6:17 Ийбадаткананын алдыңкы бөлүгү кырк чыканак эле.

    6:18 Ийбадаткананын ичиндеги кедр тактайынын бетине бадыраңдын жана ачылган гүлдөрдүн сүрөтү оюлуп түшүрүлдү. Баары кедр менен капталып, ташы көрүнбөй калды.

    6:19 Ийбадаткананын ичине жасалган ички бөлмөнү ал Теңирдин келишим сандыгын коюу үчүн даярдады.

    6:20 Ички бөлмөнүн узундугу жыйырма чыканак, туурасы жыйырма чыканак, бийиктиги да жыйырма чыканак болду. Аны таза алтын менен каптады. Кедрден жасалган курмандык чалынуучу жайды да алтын менен каптады.

    6:21 Сулайман ийбадаткананын ичин таза алтын менен каптады, ички бөлмөнүн алдына алтын чынжыр тартып, аны да алтын менен каптады.

    6:22 Ийбадаткананы бүт бойдон алтын менен каптады, ички бөлмөнүн алдындагы курмандык чалынуучу жайды да бүт бойдон алтын менен каптады.

    6:23 Ички бөлмөгө зайтун жыгачынан бийиктиги он чыканак болгон эки керуп жасады.

    6:24 Керуптун бир канаты беш чыканак, экинчи канаты беш чыканак эле. Бир канатынын четинен экинчи канатынын четине чейин он чыканак болчу.

    6:25 үкинчи керуп да он чыканак болчу. эки керуптун өлчөмү менен сырткы көрүнүшү бирдей эле.

    6:26 үки керуптун тең бийиктиги он чыканак эле.

    6:27 Ал керуптарды ийбадатканадагы ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн ортосуна койду. Керуптардын канаты жазылып, бирөөнүн канаты дубалдын бир жагына, экинчи керуптун канаты дубалдын экинчи жагына тийип турчу. Алардын экинчи канаттары да ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн ортосунда бири-бирине тийишип турчу.

    6:28 Ал керуптарды да алтын менен каптады.

    6:29 Ийбадаткананын бардык дубалынын бетине керуптардын, пальмалардын, ачылган гүлдөрдүн сүрөттөрүн ичинен да, тышынан да оюп түшүрдү.

    6:30 Ийбадаткананын ички жана алдыңкы бөлмөлөрүнүн полун алтын менен каптады.

    6:31 Ички бөлмөнүн кире беришиндеги эшикти жана беш бурчтуу кашегин зайтун жыгачынан жасады.

    6:32 Зайтун жыгачынан жасалган, эки жакка ачылма эшиктердин бетине керуптардын, пальмалардын жана ачылган гүлдөрдүн сүрөтүн оюп түшүрүп, алтын менен каптады. Керуптарды да, пальмаларды да алтын менен каптады.

    6:33 Ийбадаткананын эшигинин төрт бурчтуу кашегин да зайтун жыгачынан жасады.

    6:34 Кипарис жыгачынан эки эшик жасады. Бир эшигинин эки каалгасын да, экинчи эшиктин эки каалгасын да жылып турма кылды.

    6:35 Алардын бетине да керуптарды, пальмаларды жана ачылган гүлдөрдү оюп түшүрүп, алтын менен каптады.

    6:36 Жылмаланган таштардан үч катар, кедр устундарынан бир катар коюп, ички короону курду.

    6:37 Ал төртүнчү жылдын Зуп айында Теңирдин ийбадатканасынын пайдубалын койгон.

    6:38 Ал эми он биринчи жылдын Бул айында – сегизинчи айда ийбадаткананы жана ага тиешелүү бардык нерселерди долбоор боюнча бүтүрдү. Аны жети жыл курду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск