Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Падыша сарайынын курулушу

    7:1 Ал эми өз үйүн Сулайман он үч жылда куруп бүтүрдү.

    7:2 Ал Лебанондун жыгачынан эй тургузду, анын узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, бийиктиги отуз чыканак эле. Кедрден төрт катар мамы орнотту. Мамылардын үстүнө кедр устундары коюлду.

    7:3 Бир катарда он бештен турган кырк беш мамынын үстүнө кедр секи жабылды.

    7:4 Бири-бирине тушташ үч катар терезе коюлду.

    7:5 Бардык эшиктер жана алардын кашектери төрт бурчтуу болду, үч катар терезелер бири-бирине тушташ болду.

    7:6 Узундугун элүү чыканак, туурасын отуз чыканак кылып, мамылардан кире бериш бөлмө курду. Анын алдына мамыларды тургузду, тепкичтүү аянтча жана босого курду.

    7:7 Бийлик жүргүзүүчү тагы бар дагы бир кире бериш бөлмө курду. Сот жүргүзүү үчүн кире бериш бөлмө куруп, анын полуна кедр төшөдү.

    7:8 өзү жашаган эйдүн кире бериш бөлмөсүнүн артындагы короону да ушундай жасады. Сулайман аялдыкка алган фараондун кызынын үйүнө да ушундай кире бериш бөлмө курду.

    7:9 Мунун баары, пайдубалынан баштап эй чатырынын астындагы чыгып турган кырбусуна чейин, сырт жагынан чоң короого чейин ичи-тышы арааланган, өлчөмү менен жылмаланган кымбат таштардан жасалды.

    7:10 Yйдүн пайдубалына он чыканак жана сегиз чыканак болгон чоң, кымбат таштар коюлду.

    7:11 Анын үстүнө да өлчөмү менен жылмаланган таштар, кедр жыгачы коюлду.

    7:12 Чоң короо үч катар коюлган жылмаланган таштар менен, бир катар коюлган кедр устундары менен тегерете тосулган. Теңирдин ийбадатканасынын ички короосу да, кире бериш бөлмөсү да ушундай эле.

    7:13 Сулайман падыша Тирге киши жиберип, Хурамды чакыртты.

    7:14 Ал Напталы уруусундагы жесир аялдын уулу эле. Анын атасы тирлик зергер болгон. Ал жезден ар кандай нерселерди жасаган жөндөмдүү, чебер уста эле. Ал Сулайман падышага келип, анын ар кандай жумуштарын кылды.

    7:15 Ал бийиктиги он сегиз чыканак болгон эки жез мамы жасады, эки мамыны тең он эки чыканак чынжыр менен курчады.

    7:16 Мамынын башына коюуга жезден эки таажы куйду. Бир таажынын бийиктиги беш чыканак, экинчи таажыныкы да беш чыканак эле.

    7:17 Мамылардын үстүндөгү таажылар үчүн согулган торлорду жана чынжыр түрүндөгү боолорду жасады. Ар бир таажыга жетиден чынжыр.

    7:18 Мамылардын үстүндөгү таажыларды жаап туруш үчүн, ал торду айланта эки катар анар жемишин жасады. экинчи таажыга да дал ошондой жасады.

    7:19 Ал эми кире бериш бөлмөдөгү мамылардын үстүндөгү таажылардын бийиктиги төрт чыканак болуп, лилия гүлүнө окшош жасалды.

    7:20 үки мамынын үстүнө, тордун жанындагы чыгып турган капталынын үстүнө таажылар жасалды. Башка таажыга да тегерете катар-катар эки жүз анар жемишин жасады.

    7:21 Мамыларды ийбадаткананын кире бериш бөлмөсүнүн алдына койду. Оң жагына койгон мамыга Жахин деген ат берди, сол жагына койгон мамыга Бууз деген ат берди.

    7:22 Мамылардын үстүнө лилия гүлүнө окшош жасалган таажыларды койду. Мамылар ушундайча жасалып бүттү.

    7:23 Бир четинен экинчи четине чейин он чыканак болгон, жезден куюлган тептегерек чоң чара жасады, анын бийиктиги беш чыканак, аны отуз чыканак чынжыр менен тегерете курчады.

    7:24 Чаранын кырбусунун астына жез бадыраңдар тегерете эки катар болуп кошо куюлду, бир чыканакка он бадыраң туура келди. Бадыраңдар чара менен бирге куюлду.

    7:25 Ал чара он эки өгүздүн үстүндө турган. өгүздөрдүн үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты карап турган. Алардын үстүнө чара коюлган, өгүздөрдүн арты чаранын астына кирип турган.

    7:26 Анын калыңдыгы алакандай эле, жүүги болсо табактын жүүгиндей, ачылган лилия гүлүнө окшош жасалган. Анын сыйымдуулугу эки миң бат эле.

    7:27 Анан ал он дөңгөлөктүү койгуч жасады, аларды жезден жасады. Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун узундугу төрт чыканак, туурасы төрт чыканак, бийиктиги үч чыканак эле.

    7:28 Дөңгөлөктүү койгучтардын түзүлүшү мындай: алардын капталдары болгон, капталдары бурчтарындагы тирөөчтөрдүн ортосунда болгон.

    7:29 Бурчтарындагы тирөөчтөрдүн ортосундагы капталдарына арстандардын, өгүздөрдүн, керуптардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бурчтарындагы тирөөчтөрдө да ошондой, ал эми өгүздөр менен арстандардын өйдө жагына да, ылдый жагына да бажырайган гүлдөр оюлуп түшүрүлгөн.

    7:30 Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун жезден жасалган төрт дөңгөлөгү жана октору болгон. Анын төрт бурчуна, идиштин астына уркуюп чыгып турган тирөөч куюлуп жасалган, бардык тарабына гүлдөр оюлуп түшүрүлгөн.

    7:31 Дөңгөлөктүү койгучтун ичинин тереңдиги бир чыканак. Анын ичи тегерек болгон, диаметри бир жарым чыканак, ага өрүлгөн оймолор түшүрүлгөн. Бирок анын капталдары тегерек эмес, төрт бурчтуу.

    7:32 Капталдарынын астына төрт дөңгөлөк октору менен бекитилген, ар бир дөңгөлөктүн диаметри бир жарым чыканак.

    7:33 Дөңгөлөктөрдүн түзүлүшү майдан арабанын дөңгөлөктөрүнүн түзүлүшүнө окшош. Дөңгөлөктөрдүн октору, алкактары, чабактары жана күпчөктөрү куюлуп жасалган.

    7:34 Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун төрт бурчу уркуюп чыгып турган. Анын бурчтары уркуюп чыгып турган.

    7:35 Дөңгөлөктүү койгучтун үстү тегерек болуп жасалган, анын бийиктиги жарым чыканак. Дөңгөлөктүү койгучтун жогору жагына – капталдарына туткалары кошо куюлуп жасалган.

    7:36 Анын туткаларынын бетине, капталдарына керуптардын, арстандардын, пальмалардын жана гүлдөрдүн сүрөтүн тегерете жыш түшүрдү.

    7:37 Ал он дөңгөлөктүү койгучту мына ушундай жасады. Куюлуп жасалган алардын баарынын өлчөмү, сырткы көрүнүшү бирдей.

    7:38 Анан жезден он жуунгуч жасады. Жуунгучтардын ар биринин сыйымдуулугу кырк бат. Ар бир жуунгучтун бийиктиги төрт чыканак. Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун үстүнө жуунгуч коюлган.

    7:39 Ийбадаткананын оң жагына беш, сол жагына беш дөңгөлөктүү койгуч койду. Ал эми чоң чараны ийбадаткананын оң жагына, түштүк-чыгыш тарабына койду.

    7:40 Ошентип, Хурам жуунгучтарды, калактарды, чараларды жасады. Хурам Теңирдин ийбадатканасы үчүн Сулайман падыша тапшырган бардык жумушту бүтүрдү.

    7:41 үки мамыны жана алардын башын курчаган эки таажыны, мамылардын башын курчаган эки таажыны жаап турган эки торду,

    7:42 үки тордун үстүнө төрт жүз анарды жасады, анарлар торлордо эки катар болуп жайгаштырылган. Ал анарлар мамылардын башын курчаган эки таажыны жаап туруу үчүн жасалган.

    7:43 Анан ал он дөңгөлөктүү койгуч жасады, ал дөңгөлөктүү койгучтардын үстүнө он жуунгуч жасады.

    7:44 Бир чоң чара жана анын астындагы он эки өгүздү,

    7:45 казандарды, калактарды, чараларды жасады. Теңирдин ийбадатканасы үчүн Сулайман падышага Хурам жасап берген бардык нерселер жылмаланып жылтыратылган жезден эле.

    7:46 Падыша аларды Иордандын жанында, Саретан менен Сукоттун ортосундагы чопо топурактуу жерде куйган.

    7:47 Анан Сулайман ушул нерселердин бардыгын өз ордуна койду. Алардын өтө көптүгүнөн жездин салмагы аныкталган жок.

    7:48 Сулайман Теңирдин ийбадатканасындагы бардык буюмдарды жасады. Алтындан курмандык чалынуучу жай, нан курмандыктары коюлуучу үстөл,

    7:49 таза алтындан ийбадаткананын арткы бөлмөсүнүн алдына, сол жагына жана оң жагына беш-бештен чырактан, алтындан чырактарды, гүлдөрдү, кычкачтарды,

    7:50 таза алтындан табактарды, бычактарды, чараларды, салгычтарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, алтындан ийбадаткананын ички бөлмөсүнүн – ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн эшиктеринин илгичтерин, ийбадаткананын эшиктеринин илгичтерин жасады.

    7:51 Сулайман падыша Теңирдин ийбадатканасы үчүн бардык жумуштарды мына ушундай бүтүрдү. Сулайман атасы Дөөттүн Теңирге арнаган алтын-күмүштөрүн, буюмдарын алып келип, Теңирдин ийбадатканасынын казыналарына тапшырды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск