Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Царств 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Келишим сандыгынын ийбадатканага киргизилиши

    8:1 Ошондо Сулайман падыша Ысрайылдын аксакалдарын, уруу башчыларын, эй-бүлө башчыларын Иерусалимге чакырды, анткени Дөөттүн шаарынан, атап айтканда, Сиондон Теңирдин келишим сандыгын алып келүү керек эле.

    8:2 Жетинчи деп эсептелген эйтаним айында бардык ысрайылдыктар майрамга, Сулайман падышанын алдына чогулушту.

    8:3 Ысрайылдын бүт аксакалдары келишти. Ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын көтөрүштү.

    8:4 Алар Теңирдин келишим сандыгын, жыйын чатырын, анын ичиндеги бардык ыйык буюмдарды көтөрүп жөнөштү. Аларды ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер көтөрүп жүрүштү.

    8:5 Ал эми Сулайман падыша жана анын алдына чогулган бүт Ысрайыл жамааты келишим сандыгынын алдында бара жатышты. Бодо, майда малдан курмандыкка чалып бара жатышты, көптүгүнөн аларды саноого мүмкүн эмес эле.

    8:6 Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын ийбадаткананын ички бөлмөсүнө, ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнө алып кирип, керуптардын канаттарынын астындагы орунга коюшту.

    8:7 Анткени сандык коюлуучу жерде керуптар канаттарын жайып турушкан. Сандыкты жана анын шыргыйларын керуптар жаап турган.

    8:8 Шыргыйлардын учтары ички бөлмөнүн алдындагы ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнөн көрүнүп турчу, бирок сыртына чыгып турчу эмес. Алар ушул күнгө чейин ошол жерде.

    8:9 Сандыкта эки таш лооктон башка үч нерсе жок эле. Ысрайыл уулдары Мисирден чыккандан кийин, Теңир алар менен келишим түзгөндө, Муса ал таш лоокторду Хорепте сандыкка салган болчу.

    8:10 Ыйык кызмат кылуучулар ыйык жайдан чыкканда, булут каптап, Теңирдин үйүн толтурду.

    8:11 Булут каптап тургандыктан, ыйык кызмат кылуучулар кызмат кыла алышкан жок, анткени Теңирдин даңкы Теңирдин ийбадатканасын толтуруп турган эле.

    8:12 Ошондо Сулайман: «Теңир өзүнүн караңгылыкта жашоону кааларын айткан.

    8:13 Сен түбөлүк жашашың үчүн, Сага ийбадаткана тургуздум», – деди.

    Сулаймандын элге кайрылышы

    8:14 Анан падыша бурулуп, чогулган ысрайылдыктарга батасын берди. Ысрайылдыктардын бүткүл жамааты туруп турду.

    8:15 Падыша аларга мындай деди: «Атам Дөөткө өз оозу менен айткан, ушул күндө өз колу менен аткарган Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк! Ал мындай деп айткан:

    8:16 “өз элим Ысрайылды Мисирден алып чыккан күндөн бери Ысрайыл урууларынын бир да шаарын өзүмдүн ысымым болуп тура турган эй курууга тандап алган жокмун. Бирок Ысрайыл элимди башкарсын деп, Дөөттү тандап алдым”.

    8:17 Атам Дөөттүн жүрөгүндө Ысрайылдын Кудай-Теңиринин ысымына арнап ийбадаткана тургузам деген каалоо бар эле.

    8:18 Бирок Теңир атам Дөөткө: “Сенин жүрөгүңдө Менин ысымыма арнап ийбадаткана курам деген каалоо бар. Жүрөгүңдө ушул каалоонун болгону жакшы.

    8:19 Бирок ийбадаткананы сен курбайсың. Менин ысымыма арнап ийбадаткананы өз дениңден чыккан уулуң курат”, – деген.

    8:20 Теңир өзү айткан сөздү аткарды. Теңир өзү айткандай, мен атам Дөөттүн ордун басып, Ысрайылдын тагына отуруп, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин ысымына арнап ийбадаткана тургуздум.

    8:21 Ата-бабаларыбызды Мисир жеринен алып чыкканда, Теңирдин алар менен түзгөн келишими салынган сандык үчүн ошол жерге орун даярдадым».

    Сулаймандын сыйынуусу

    8:22 Сулайман Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында, бүткүл Ысрайыл элинин алдында туруп, колдорун асманга көтөрүп, мындай деди:

    8:23 «Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жогоруда асманда жана төмөндө жерде Сендей Кудай жок. Сага чын жүрөгү менен берилген кулдарыңа Сен өзүңдүн келишимиңди сактап, ырайымыңды көрсөтөсүң.

    8:24 Сен өз кулуң Дөөткө, атама, айткан өз сөзүңдү аткардың. өз оозуң менен айтканды өз колуң менен ушул күнү аткардың.

    8:25 Ысрайылдын Кудай-Теңири, “Сен Менин алдымда жүргөндөй, сенин уулдарың да Менин алдымда жүрүшсө, өз жолдоруна көңүл бурушса, Менин алдымда сенин тукумуң Ысрайылдын тагынан түшпөйт”, – деп, өз кулуң Дөөткө, атама, айткан өз сөзүңдү эми аткар.

    8:26 Ысрайылдын Кудайы, кулуң Дөөткө, менин атама, айткан сөзүң ушул күнү орундалса экен!

    8:27 Бирок Кудай жерде жашамак беле? Сени мен курган бул ийбадаткана түгүл, асман да, асмандын асманы да батыра албайт.

    8:28 Бирок өз кулуңдун сыйынуусуна, өтүнүчүнө кулак сала көр, Кудай-Теңирим! Кулуңдун Сага жалбарган үнүн жана сыйынуусун ук.

    8:29 “Менин ысымым ошол жерде болот”, – деп өзүң айткан ушул жерден, ушул ийбадатканадан күнү-түнү көзүңдү алба. Ушул жерде сыйынган өз кулуңдун сыйынуусун ук.

    8:30 Ушул жерде өз кулуң жана өз элиң Ысрайыл сыйынганда, алардын жалынуусун ук. өзүң жашаган жайдан – асмандан угуп, ырайым кыл.

    8:31 Жакынына каршы күнөө кылган адамдын каргануусун талап кылышканда, ал карганыш үчүн Сенин курмандык чалынуучу жайыңдын алдына, ушул ийбадатканага келгенде,

    8:32 Сен асмандан ук, өз кулдарыңдын үстүнөн сот жүргүз, күнөөлүүнү айыпта, анын кылган ишин өз мойнуна жүктө, айыпсызды акта, ага актыгына жараша тиешесин бер.

    8:33 өз элиң Ысрайыл Сенин алдыңда күнөө кылгандыгы үчүн душманга жеңилип калганда, өзүңө кайрылып, Сенин ысымыңды даңктаганда, ушул ийбадатканада өзүңдөн жалынып сураганда,

    8:34 аны асмандан угуп, өз элиң Ысрайылдын күнөөсүн кечир, алардын ата-бабаларына берген жерге кайра алып кел.

    8:35 Сенин алдыңда күнөө кылышкандыгы үчүн асман жабылып, жамгыр жаабай калганда, алар ушул жерде сыйынып, Сенин ысымыңды даңктап, күнөөсүнөн баш тартышканда,

    8:36 Сен асмандан ук, өзүңдүн кулдарыңдын, өзүңдүн Ысрайыл элиңдин күнөөлөрүн кечир, аларга жүрө турган туура жолду көрсөт, өз элиңе мураска берген өз жериңе жамгыр жаадыр.

    8:37 Жерде ачарчылык, же жугуштуу оору, же куйкалоочу шамал болгондо, же эгинди коңур дат басканда, же жерди чегиртке, курт каптаганда, же душман аларды өздөрүнүн жеринде кысымга алганда, же оору, же алаамат каптаганда,

    8:38 өз элиң Ысрайылдын ичинен кайсы бир адам сыйынып жалынганда, алар алааматты жүрөгү менен сезип, ушул ийбадатканага колун сунушканда,

    8:39 Сен асмандан – өзүң жашаган жайдан угуп, ырайым кыл. Алардын жүрөгүн карап көрүп, ар кимге өз жолуна жараша тиешесин бер, анткени адам баласынын жүрөгүн бир гана Сен билесиң.

    8:40 Сен өзүң ата-бабаларыбызга берген жерде жашап жатканда, алар бардык убакта Сенден коркушу үчүн ушундай кыл.

    8:41-43 Сенин улуу ысымың, сунулган колуң жана күчтүү билегиң жөнүндө уккан Сенин элиң Ысрайылдын ичинен эмес, бөтөн элден, алыскы жерден Сенин ысымың үчүн кимдир бирөө келип, ушул ийбадаткананын жанында сыйынса, Сен асмандан – өзүң жашаган жайдан ук, Сени чакырган ошол бөтөн элдик адамдын сураганын бер. Сенин ысымыңды жер бетиндеги бардык элдер билиши үчүн, өз элиң Ысрайыл сыяктуу Сенден коркушу үчүн, мен курган ушул ийбадаткана Сенин ысымың менен аталарын билиши үчүн ушундай кыл.

    8:44 Сенин элиң Сен жиберген жол менен өз душманына каршы согушка чыкканда, Сен тандап алган шаарды, Сенин ысымыңа арнап мен курган ийбадаткананы карап, Сага сыйынганда,

    8:45 Сен асмандан алардын сыйынуусун, өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер.

    8:46 Алар Сенин алдыңда күнөө кылышканда (анткени күнөө кылбаган адам жок), Сен каарданып, аларды душман колуна салып бергенде, душмандар аларды туткундап, алыскы же жакынкы душман жерине алып кетишкенде,

    8:47 алар туткунда жүргөн жерде күнөөлөрү үчүн өкүнүп, аларды туткундап кеткендердин жеринде Сага: “Биз күнөө кетирдик, мыйзамсыз иштерди кылдык, биз айыптуубуз”, – деп сыйынышканда,

    8:48 аларды туткундап кеткен душмандардын жеринде алар Сага чын жүрөгү менен, жан-дили менен кайрылышканда, Сен алардын ата-бабаларына берген жерди, Сен тандап алган шаарды, Сенин ысымыңа арнап мен курган ийбадаткананы карап сыйынышканда,

    8:49 Сен асмандан – өзүң жашаган жайдан алардын сыйынуусун, өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер.

    8:50 өз элиңдин Сенин алдыңда кылган күнөөсүн, Сенин алдыңда кылган мыйзамсыздыгын кечир. Аларга ырайымдуу мамиле кылышы үчүн, аларды туткунга алгандардын жүрөгүндө аёо сезимин ойгот.

    8:51 Анткени алар Сен Мисирден, темир мештен алып чыккан өз элиң жана өз энчиң.

    8:52 өз кулуң жана өз элиң Ысрайыл Сени чакырганда, алардын сыйынуусун дайыма ук, көздөрүң ачык болуп турсун.

    8:53 Анткени, эгедер Теңир, Сен ата-бабаларыбызды Мисирден алып чыккандан кийин, өзүңдүн кулуң Муса аркылуу айткандай, аларды бардык элдердин арасынан бөлүп алып, өзүңө энчилеп алгансың!»

    Сулаймандын элге бата бериши

    8:54 Сулайман Теңирге ушинтип сыйынып, өтүнүчүнүн баарын айтып бүткөндөн кийин, Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында тизелеп турган жеринен турду, анын колдору болсо жогору көтөрүлүп турган.

    8:55 Туруп, Ысрайылдын бүткүл жамаатына катуу эн менен мындай деп батасын берди:

    8:56 «өзү айтканындай, өз эли Ысрайылга тынчтык берген Теңир даңкталсын! Анын өз кулу Муса аркылуу айткан жакшы сөздөрүнүн бири да аткарылбай калган жок.

    8:57 Кудай-Теңир биздин ата-бабаларыбыз менен болгондой эле, биз менен да болсун, бизди таштабасын, бизди калтырбасын.

    8:58 Биз Анын жолдору менен жүрүшүбүз үчүн, Анын ата-бабаларыбызга берген осуяттарын, буйруктарын, мыйзамдарын аткарышыбыз үчүн, жүрөгүбүздү өзүнө бурсун.

    8:59 Теңирдин алдында сыйынганда айткан бул сөздөрүм күнү-түнү Кудай-Теңирибиздин жүрөгүндө болсун, өз кулуна жана өзүнүн эли Ысрайылга эмне керек болсо, ошону күн сайын берсин.

    8:60 Теңир Кудай экенин, Андан башка Кудай жок экенин бардык элдер билишсин.

    8:61 Буйруктарын аткарып жашашыңар үчүн жана осуяттарын сакташыңар үчүн, жүрөгүңөр азыркыдай эле Кудай-Теңирибизге толук берилсин».

    Ийбадаткананын ыйыкталышы

    8:62 Анан падыша жана бардык ысрайылдыктар Теңирге арнап курмандык чалышты.

    8:63 Сулаймандын Теңирге арнап чалган тынчтык курмандыктары булар: жыйырма эки миң бодо, жүз жыйырма миң майда мал. Падыша жана бардык Ысрайыл уулдары Теңирдин ийбадатканасын ушинтип ыйыкташты.

    8:64 Ошол эле күнү падыша Теңирдин ийбадатканасынын алдындагы короонун ортоңку бөлүгүн ыйыктап, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын, тынчтык курмандыктарынын майларын өрттөдү. Теңир алдындагы жезден жасалган курмандык чалынуучу жай бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын, тынчтык курмандыктарын өрттөөгө кичинелик кылды.

    8:65 Сулайман бүт Ысрайыл эли менен жети күн, дагы жети күн, бардыгы он төрт күн майрам өткөрдү. Биздин Кудай-Теңирибиздин алдына Хаматтын кире беришинен Мисир дарыясына чейин жашаган жамаат чогулду.

    8:66 Сулайман сегизинчи күнү элди таратты. Алар падышага бата берип, Теңирдин өз кулу Дөөткө жана өз эли Ысрайылга көрсөткөн ырайымына чын жүрөктөрүнөн кубанып, шаттанып, чатырларына кайтышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск