Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Шебалык падыша аял

    9:1 Шебалык падыша аял Сулаймандын атак-даңкын угуп, аны табышмак менен сынаш үчүн, көп байлыктары менен жыпар жыттуу заттар, көптөгөн алтын, асыл таштар жүктөлгөн төөлөрү менен Иерусалимге келди. Сулайманга келип, жүрөгүндө болгон бардык нерсе жөнүндө аңгемелешти.

    9:2 Сулайман анын болгон суроолоруна жооп берди. Ал жооп бере албай калган үч нерсе болгон жок.

    9:3 Шебалык падыша аял Сулаймандын акылмандыгын жана ал курган эйдү көрдү.

    9:4 Анын үстөл үстүндөгү тамактарын, кулдарынын турган үйлөрүн, кызматчыларынын адептүүлүгүн, алардын кийимдерин, шарап сунуучуларын, алардын кийимдерин, Теңир үйүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалганын көрүп, падыша аял айран-таң калды.

    9:5 Ал падышага мындай деди: «Сенин кылган иштериң менен акылмандыгың жөнүндө өз жеримде уккандарым чын экен.

    9:6 Бирок келип өз көзүм менен көргөнгө чейин, алардын сөзүнө ишенген жок элем. Мага сенин улуу акылмандыгыңдын теңи да айтылбаптыр, сен мен уккан сөздөрдөн артык экенсиң.

    9:7 Ар дайым алдыңда туруп, акылман сөздөрүңдү уккан адамдарың бактылуу, кызматчыларың да бактылуу.

    9:8 Сенин Кудай-Теңириңе алкыш! Ал сага ырайым көрсөтүп, өз Кудай-Теңириңдин падышасы кылып, өз тагына отургузду. Сенин Кудайың Ысрайылды сүйгөндүктөн, аны түбөлүккө бекемдөө үчүн, ага чындык менен бийлик кылсын деп, сени өзү падыша койду».

    9:9 Падыша аял падышага жүз жыйырма талант алтын, абдан көп жыпар жыттуу заттар менен асыл таштарды тартуу кылды. Шебалык падыша аял Сулайман падышага тартуу кылган жыпар жытуу заттардай жыпар жыттуу зат болгон эмес.

    9:10 Опирден алтын жүктөп келген Хирамдын кулдары менен Сулаймандын кулдары кызыл жыгачтарды да, кымбат баалуу асыл таштарды да алып келишти.

    9:11 Падыша бул кызыл жыгачтардан Теңирдин үйү менен падышанын үйүнүн тепкичтерин, ырчылар үчүн лираларды, арфаларды жасады. Мурун мындай нерселер Жүйүт жеринде болгон эмес.

    9:12 Сулайман падыша болсо шебалык падыша аялга ал өзү алып келген тартууларга окшобогон, ал каалаган, ал жактырган буюмдарды белек кылды. Падыша аял өз кулдары менен өз жерине жөнөп кетти.

    Сулаймандын байлыгы

    9:13 Сулайманга бир жылда келген алтындын салмагы алты жүз алтымыш алты талантка барабар болчу.

    9:14 Андан тышкары, Сулайманга алтын менен күмүштү элчилер менен көпөстөр жана Аравиянын бардык падышалары, дубан башчылары да алып келип турушту.

    9:15 Сулайман алтындан балка менен согуп, эки жүз чоң калкан жасады, ар бир калканга алты жүз шекел алтын кетти.

    9:16 Алтындан балка менен согуп, дагы үч жүз чакан калкан жасады, ар бир калканга үч жүз шекел алтын кетти. Аларды падыша Лебанон жыгачынан жасалган эйгө койду.

    9:17 Падыша пил сөөгүнөн чоң такты жасап, аны таза алтын менен каптады.

    9:18 Тактыга чыга турган алты алтын баскычты жана алтын бут койгучту тактыга бириктирип жасады, тактынын отургучунун эки тарабына чыканак койгучтарды жана алардын жанына эки арстанды жасады.

    9:19 Алты баскычтын эки тарабына он эки арстан жасады. Бир да падышачылыкта мындай такты болгон эмес.

    9:20 Сулайман падышанын суусундук иче турган идиштеринин бардыгы алтындан эле. Лебанон жыгачынан курулган эйдөгү идиштер да таза алтындан болчу. Сулаймандын тушунда күмүш үч бааланчу эмес.

    9:21 Анткени Хирамдын кулдары падышанын кемелери менен Таршышка барып келишчү. Кемелер Таршыштан үч жылда бир жолу келчү, ал жактан алтын, күмүш, пилдин сөөктөрү, маймылдар менен тоос куштары алып келинчү.

    9:22 Ошентип, Сулайман падыша байлыгы, акылмандыгы жагынан жер жүзүндөгү бардык падышалардан ашып түштү.

    9:23 Кудай тарабынан берилген Сулаймандын акылмандуулугун угуш үчүн, жер жүзүндөгү падышалар аны издеп келишчү.

    9:24 Алардын ар бири жыл сайын өз атынан алтын-күмүш идиштерди, кийим-кечелерди, курал-жарактарды, жыпар жыттуу заттарды, аттар менен качырларды тартуулап келишчү.

    9:25 Сулаймандын аттары менен майдан арабалары үчүн төрт миң мамысы, он эки миң атчан аскери болгон. Аларды ал арабалар тура турган шаарларга жана Иерусалимге, өзү жашаган шаарга, жайгаштырган.

    9:26 Ал эфрат дарыясынан Пелишти жерине чейинки, андан ары Мисир чегине чейинки бардык падышаларга үстөмдүк кылды.

    9:27 Падыша Иерусалимде күмүштөрдү ташка теңеди. Кедр жыгачынын көптүгүнөн аны ойдуңда өскөн тытка теңеди.

    9:28 Аттарды Сулайманга Мисирден жана бүт жерлерден алып келишчү.

    Сулаймандын көз жумушу

    9:29 Сулаймандын калган башка иштери, алгачкы да, акыркы да иштери Натан пайгамбардын жазууларында, шилолук Акиянын пайгамбарчылыгында жана көрөгөч Жоелдин Небаттын уулу Жаробам жөнүндө көргөн көрүнүштөрүндө жазылган.

    9:30 Сулайман Иерусалимде бүткүл Ысрайылга кырк жыл бийлик кылды.

    9:31 Сулайман көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Рехабам падыша болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск