Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Жакып менен Жүйүттүн тукуму

    2:1 Ысрайылдын уулдары булар: Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Забулун,

    2:2 Дан, Жусуп, Бенжемин, Напталы, Гат жана Ашыр.

    2:3 Жүйүттүн уулдары: эйир, Онан жана Шило. Бул үч уулу канаандык Шуйинин кызынан төрөлгөн. Жүйүттүн тун уулу эйир Теңирге жаккан эмес, ошондуктан Ал аны өлтүрүп салган.

    2:4 Келини Тамар ага Перес менен Зеракты төрөп берди. Жүйүттүн бардыгы болуп беш уулу болгон.

    2:5 Перестин уулдары: Хесрон менен Хамул.

    2:6 Зерактын уулдары: Зимри, эйтан, эйман, Калкол жана Дара. Бардыгы болуп бешөө.

    2:7 Карминин уулу – Ахар (Ахан), ал Кудайга арналган буюмдарды алып, Ысрайылдын башына мүшкүл түшүргөн.

    2:8 үйтандын уулу – Азария.

    2:9 Хесрондун уулдары: Жерахмейел, Рам жана Хелубай.

    2:10 Рамдан Аминадап төрөлдү. Аминадаптан Жүйүт уулдарынын төрөсү Нахшон төрөлдү.

    2:11 Нахшондон Салмон төрөлдү. Салмондон Бууз төрөлдү.

    2:12 Бууздан Обейт төрөлдү. Обейттен Жышай төрөлдү.

    2:13 Жышайдын тун баласы – элийап, экинчи уулу – Аминадап, үчүнчүсү – Шима,

    2:14 төртүнчүсү – Натанаел, бешинчиси – Радай,

    2:15 алтынчысы – Отсем, жетинчиси – Дөөт.

    2:16 Булардын карындаштары: Серуя менен Абигейил. Серуянын үч уулу: Абышай, Жойап жана Асаел.

    2:17 Абигейил Амасаны төрөдү. Амасанын атасы ысмайылдык Жетер болгон.

    2:18 Хесрондун уулу Калептин Жерийоттун кызы Азубадан төрөлгөн уулдары: Жейшер, Шобап жана Ардон.

    2:19 Азуба көз жумгандан кийин, Калеп эпратка үйлөндү, ал Хурду төрөп берди.

    2:20 Хурдан Ури төрөлдү. Уриден Бетселел төрөлдү.

    2:21 Андан кийин Хесрон алтымыш жашка келгенде, Гилаттын атасы Махирдин кызын алды. Ал ага Сегупту төрөп берди.

    2:22 Сегуптан Жайыр төрөлдү, Гилат жеринде анын жыйырма үч шаары болгон.

    2:23 Бирок гешурлар менен сириялыктар Жайырдын кыштактарын, Кенат шаарын жана ага караштуу алтымыш шаарды каратып алышты. Бул шаарлардын бардыгы Гилаттын атасы Махирдин уулдарыныкы болгон.

    2:24 Хесрон Калеп-үфратада көз жумду. Ал өлгөндөн кийин, анын аялы Абия ага Текоянын атасы Ашкурду төрөп берди.

    2:25 Хесрондун тун уулу Жерахмейелдин уулдары: Рам, бул – туну, артынан Буна, Орен, Отсем жана Акия төрөлдү.

    2:26 Жерахмейелдин дагы бир аялы болгон, анын аты Атара эле, ал – Онамдын энеси.

    2:27 Жерахмейелдин тун уулу Рамдын уулдары: Маас, Жамин жана эйкер.

    2:28 Онамдын уулдары: Шамай менен Жада. Шамайдын уулдары: Надап менен Абышур.

    2:29 Абышурдун аялынын аты – Абикейил. Ал ага Акбан менен Молидди төрөп берди.

    2:30 Надаптын уулдары: Селет менен Апайым. Селет бала көрбөй өттү.

    2:31 Апайымдын уулу – Жиши, Жишинин уулу – Шейшан, Шейшандын уулу – Аклай.

    2:32 Шамайдын бир тууганы Жаданын уулдары: Жетер менен Жонатан. Жетер бала көрбөй өттү.

    2:33 Жонатандын уулдары: Пелет менен Заза. Булар – Жерахмейелдин уулдары.

    2:34 Шейшандын эркек балдары болгон эмес, кызы гана болгон. Шейшандын мисирлик кулу бар эле, аты Жарха болчу.

    2:35 Шейшан өз кызын ошол кулу Жархага аялдыкка берди. Ал ага Атайды төрөп берди.

    2:36 Атайдан Натан төрөлдү. Натандан Забат төрөлдү.

    2:37 Забаттан эплал төрөлдү. эплалдан Обейт төрөлдү.

    2:38 Обейттен Жейу төрөлдү. Жейудан Азария төрөлдү.

    2:39 Азариядан Хелез төрөлдү. Хелезден элас төрөлдү.

    2:40 үластан Сисемай төрөлдү. Сисемайдан Шалум төрөлдү.

    2:41 Шалумдан Жекамия төрөлдү. Жекамиядан элишама төрөлдү.

    2:42 Жерахмейелдин бир тууганы Калептин уулдары: Мейша, ал – тун баласы, Зуптун атасы. Калептин уулу – Марейша, Марейшанын уулу – Хеброн.

    2:43 Хеброндун уулдары: Корак, Тапуах, Рекем жана Шема.

    2:44 Шемадан Жоркеямдын атасы Рахам төрөлдү. Ал эми Рекемден Шамай төрөлдү.

    2:45 Шамайдын уулу – Маон. Маон – Бейт-Сурдун атасы.

    2:46 Калептин күң аялы эйпа Харанды, Мотсаны жана Газести төрөдү. Харандан Газес төрөлдү.

    2:47 Жадайдын уулдары: Регем, Жотам, Гейшан, Пелет, эйпа жана Шаап.

    2:48 Калептин күң аялы Мааха Шебер менен Тирханды төрөдү.

    2:49 Ал Мадмананын атасы Шаапты, Махбейнанын атасы Шебаны жана Гибанын атасын да төрөдү. Калептин кызы – Акса.

    2:50 Калептин уулдары мына булар: эпраттан төрөлгөн тун баласы – Хур, Кирийат-Жейаримдин атасы – Шобал.

    2:51 Бейт-Лехемдин атасы – Салма. Бейт-Гадейирдин атасы – Хареп.

    2:52 Кирийат-Жейаримдин атасы Шобалдын уулдары: Аройе, менухоттордун жарымы.

    2:53 Кирийат-Жейаримдин уруулары: житриликтер, путтуктар, шуматтыктар жана мишрайлыктар. Булардан соралыктар менен эштаулдуктар тараган.

    2:54 Салманын уулдары: Жаабап тукумунун таажысы болгон бейт-лехемдиктер менен нетопалыктар, манахиттердин жарымын түзгөн соралыктар,

    2:55 Жабесте жашаган сопереттиктердин уруулары: тирликтер, шимейликтер, сухаттыктар. Булар – Бейт-Рейкаптын атасы Хаматтан тараган кейниликтер.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск